Президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер да майрамдык жөрөлгөгө катышышты. Коомдук коопсуздукка милиция кызматкерлери көз салып турушту. Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы президенттик администрациянын алдындагы эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы жапырт намазга тыюу салынып, мечиттерде санитардык талаптарды сактоо менен окулган.