Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:31

"Айласыз арзандаттык". Базар ээлери кысымга кабылдыбы?


Базардагы соодагерлердин митингдери жана аткаруу бийлигинин жетекчилери (Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров). "Азаттыктын" коллажы.
Базардагы соодагерлердин митингдери жана аткаруу бийлигинин жетекчилери (Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров). "Азаттыктын" коллажы.

Социалдык тармактарга базар ээлеринин ижара акысын арзандатканын айткан бир нече видео кайрылуулар жарыяланды.

Бул видеолорду Улуттук коопсуздук комитети жарыялап, өлкөнүн ири шаарларындагы жана аймактарындагы бир катар базар ээлери ижара акыны төмөндөтүүгө макул болгонун билдирип, алардын тизмесин улам кеңейтип жатат.

Айрым соода жайлардын ээлери ижара акы арзандаганы менен чыгымдарды жаппай каларын айтууда. Атайын кызматтын бул аракети ишкердикке кысым катары да бааланууда.

"Президенттин саясатын колдоп, ижараны арзандаттык"

Соңку күндөрү Кыргызстандагы бир катар базар ээлеринин кайрылуулары социалдык тармактарда жарыяланды. Алар кайрылуусунда президенттин демилгесин, жаңы салык саясатын колдой турганын айтышат.

Айрым соода түйүндөрүнүн ээлери ижаранын арзандашы чыгымдарды жаппай калабы деп кабатыр болууда.

Нарын шаарындагы "Мегакомфорт" соода үйүнүн ээси Жээнкүл Асанова мындай демилгеден мурда мамлекет базар ээлерине шарт түзүп берсе болмок деген пикирде:

"Азыр айла жок болуп жатат. Баары кымбаттады, свет, суу, таштанды ташып кетүү акысы дагы кымбаттады. Анын баарын өзүбүз төлөйбүз. Бизге минус болсо, жаап койгонубуз жакшы да. Мисалы, биз салган имаратыбыздын 10% дагы жаба элекпиз. Кредит алганбыз, үйдү сатканбыз. Биз арзандатканыбыз менен, толгон чыгымды төлөшүбүз керек да. Макул, сен арзандаттың, биз сени бир жылга чейин салыктан бошоттук деген чечим чыгарып бербейт".

"Чыгымдарыбыз жабылбай жатат"

Ушундай эле пикирди башка аймактардагы базар жетекчилери дагы айтууда. Алар Бишкек шаарындагы ижара акы менен аймактагы базарларды салыштырып, арзандатуу туура эмес деп эсептешет.

Нарындагы "Чолпон" базарынын ээси Нурбек Аттокуров быйыл ремонт иштерине көп каражат кетиргенин, бирок каражат өзүн актабай жатканын айтты:

"Актабай жатат, айла жоктун иши болуп жатат. Чыгымдан башка дагы кредиттерибиз бар. Азыр банкка ай сайын 600 миң сом төгөбүз. Бааны кымбаттаткан учурда да бул сумманы жабууга жетпейт. Быйыл дагы ремонт иштерине көп каражат жумшаганбыз. Жарыктарды алмаштырып, баарын сырдаган элек".

10-декабрда "Дордой" ассоциациясына кирген базарларда жер тилкелеринин ижара акысы 50-60 пайызга чейин арзандаганы белгилүү болгон. Анын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков "Дордой" Министрлер кабинетинин салык реформасын колдой турганын билдирген. Деген менен "Дордой" базарында соода кылган Нурсултан Жоробеков арзандатуу эки эле ай болорун айтууда:

"Мурдагы эле баада берип жатабыз. Бул боюнча администрацияга эки-үч жолу бардык. Бизге так жообун бербей койду. "Мен контейнердин ээлери менен сүйлөшүп көрөйүн" деп. Алар болсо кааласа түшөт экен, каалабаса түшпөйт. Мурдагы эле системаны айтып жатышат, январь-февраль арзан төлөйт экенбиз, андан кийин контейнер ээлери менен сүйлөшүп аласыңар дейт. Бул нерсе администрациянын колунда да".

"Аз болсо дагы бизге жеңилдик болду"

Ал эми Бишкектин батыш тарабындагы "Дордой Моторс" базарында соода кылган Чынара Ташбаева ижара кичине арзандады, бул ишкерлерге аз болсо да жеңилдик берет деген пикирде:

"Мындай суукта турганыбызды эске алганда, 30% арзандаганы жакшы болуп калды. Мурун 4 миң сом төлөчүбүз, азыр 2800 болуп калды. 1200 сом болсо дагы бизге пайда болду да".

Улуттук коопсуздук комитети Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бир катар базар ээлери ижара акыны төмөндөтүүгө макул болгонун билдирип, алардын тизмесин улам кеңейтип жарыялап жатат.

"Ижара акысын түшүрүү УКМКнын иши эмес"

6-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдирген.

УКМКнын мындай аракетин айрым активисттер сынга алууда. Жарандык активист Урмат Жаныбаев Атайын кызматтын бул аракеттерин ишкерлерге болгон басым катары сыпаттады:

"Бул туура эмес иш. Ишкерлердин жеке менчиги болгондон кийин каалагандай акыны койсо болот. Бул мамлекеттин иши эмес. Эгер арзандатууну көздөсө, Монополияга каршы кызмат бар, башка мыйзамдуу жолдору бар. Анан минтип видеого тартып, коркутканы туура эмес. Алар эч кандай мыйзамды бузган жок да. Же чоң ижара акы коюп алсаң жоопко тартыласың деген мыйзамда жок да".

Оштун Кара-Суу районундагы базарлардын биринин жетекчиси Анарбай Эргешов соода жайындагы ижара акыны президенттин демилгесин колдоп, өз ыктыяры менен арзандатканын айтууда:

"Президенттин демилгесин колдойсуңарбы деди. Колдойбуз десек, видеого тартып алды. Бизде контейнер жок, болгону 1000 сомдон 2800 сомго чейин жер акы алабыз. Анын ичинде свети, салыгы, таштандыга төлөйбүз, аны тазалагандарга айлыгы бар. Элди кыйнабайлы деген ой максатта арзан койгонбуз. Биз андан жогору көтөрө албайбыз".

Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков ижара акыларын арзандатуу боюнча көрүлгөн чаралар боюнча пикирин мындайча айтты:

Аскар Сыдыков
Аскар Сыдыков

"Эгерде базарлардын тарифтерин же ижара акыларын жөнгө салыш керек болсо, анда Монополияга каршы деген мамлекеттик орган бар. Ошол кызмат аркылуу жол-жоболору менен жөнгө салса болот. Ал үчүн мыйзамдар дагы, ченемдер дагы бар. А башка ыкмалар менен жөнгө салып жатса, аны талдап көрүш керек. УКМКнын төрагасы өкмөттүн төрагасынын орун басары да, ошон үчүн өкмөт тарабынан деп сыпаттаса болот".

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы базарлардын, соода жайларынын ижара тарифтерин мыйзам чегинде көзөмөлдөй албай турганын айтууда.

"Соода аянтын ижарага берүү боюнча тарифтер 2014-жылдын 30-сентябрына чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнгө салып келген. Бирок 2014-жылы өкмөттүн 560-токтому чыгып, макулдашуу тартиби жокко чыгарылган", - деди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Санжар Кокошеров.

"Орган эмес, жыйынтык маанилүү"

Саясат таануучу, Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев атайын кызматтын төрагасы өкмөттүн мүчөсү экенин эске салып, башкысы, маселе чечилсе болду деп эсептейт:

Алмазбек Акматалиев
Алмазбек Акматалиев

"Жыйынтыкты кайсы орган берип жатат, ошол маанилүү. Мисалы, сатуучулар же ишкерлерге УКМК аркылуубу же Ички иштер министрлиги аркылуубу, эң негизгиси жакшы шарттар түзүлсө болду да. Анын үстүнө Камчыбек Ташиев - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары. Биз чекисттер десе эле терроризм же чек араны ойлобуз, бирок экономикалык коопсуздук деген бар да. Ошол соодагерлердин нааразылыгынан улам толкундоо болуп кетпесин деген дагы коопсуздукка кирет да".

Министрлер кабинетинин көзөмөл-кассалык машинелерди киргизүү демилгесинен кийин ноябрдын аягында, декабрдын башында бир катар базарларда ишкерлер нааразылык акциясына чыгышкан.

5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордойдо" соодагерлер менен жолугуп, алардын талаптарын уккан. Андан кийин "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “эгер соодагерлердин митинги токтобосо, бийлик базарларга "Кумтөр” сыяктуу эле тышкы башкаруу киргизерин" билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG