Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Наргиза: Австралияда өрт чөлгө гана жете элек


Өрттөн жабыркаган коаланы куткаруу. Австралия. 7-январь, 2020-жыл
Өрттөн жабыркаган коаланы куткаруу. Австралия. 7-январь, 2020-жыл

Австралияда өлкө тарыхындагы эң күчтүү өрт өчпөй жатат. Континенттин бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Соңку айларда Австралияда күчөгөн өрттө 27 адам, миллиарддаган жаныбар өлдү. Кырдаал тууралуу ал жакта 15 жылдан бери жашаган журтташыбыз Наргиза Хакимова айтып берди.

"Азаттык": Наргиза, сиз өрт каптап жаткан аймактан канчалык алыс турасыз? Жергиликтүү тургун катары Австралияда учурда болуп жаткан кырдаал тууралуу айтып бересизби?

Наргиза Хакимова: Мен Мельбурнда жашайм. Бул өрт каптап жаткан Виктория штатынын борбору. Бизден 350 чакырымдай алыс. Ошого карабай шаарды түтүн чулгап турат.

Кыргызстанда күзүндө жалбырактарды өрттөгөндө жыт келет го, азыр түтүндөн карыш жер көрүнбөй калды. Шамалдын өзгөргөнүнө байланыштуу түтүн мындан да коюу болорун синоптиктер эскертишти. Шамал тилсиз жоону күчөтүшү мүмкүн.

Өрт өчүрүүчү. Австралия. 8-январь, 2020-жыл.
Өрт өчүрүүчү. Австралия. 8-январь, 2020-жыл.

Негизи Австралияда токойлорду жыл сайын эле өрт каптайт. Болгону быйыл абдан чоң масштабда жайылып жатат. Эгер өлкөнүн картасын карасак, борбордук аймагынан башкасынын баары дээрлик күйүп жатат.

Чөл деп эсептелген борбордук бөлүгү гана калды. Эвкалипт өскөн токойлордун күйдү. Акыркы жолу мындай өрт 2009-жылы болгон. Бирок анда Виктория штатындагы токойлор гана өрттөнгөн. Анда да жабыркагандар көп болгон.

"Азаттык": Интернетте, социалдык тармактарда өлгөн жаныбарлардын, өрт каптаган токойдун сүрөттөрү жайылып жатат. Чындыгында кырдаал ошондойбу?

Айрым уюмдар кенгуру, коала сыяктуу жаныбарлардын энесинин бооруна жармашып аман калган балдарын чөнтөгүнөн сууруп чыгып атайын баштыкчаларга салып аман алып калуунун аракетин көрүшүүдө.


Наргиза Хакимова: Ооба, өрт негизинен токойду каптап жатат. Андан бери жайгашкан фермалардын тегерек-чети зым менен тосулган. Ал тосмолордун айрымдары аябай бийик. Токойдогу өрттөн качкан кенгурулар ошол тосмолорду секирип өтө албай өлүп калышкан.

Учурда жаныбарларды сактап калуу үчүн ар кандай иш-чаралар жүрүп жатат. Айрым уюмдар кенгуру, коала сыяктуу жаныбарлардын энесинин бооруна жармашып аман калган балдарын чөнтөгүнөн сууруп чыгып атайын баштыкчаларга салып аман алып калуунун аракетин көрүшүүдө.

Ошондой эле эл жабыркагандарга колунда болгон жардамын берүү үчүн узун кезекке туруп, тапшырып жатышат. Алардын арасында орус тилдүүлөр да көп. Акчалай жардамды онлайн которгондор да арбын. Айтор, кыйын кезеңде австралиялыктар баары бир муштумга түйүлүп, муктаждарга кол сунуп жатышат.

Австралия токойлорундагы өрт
Австралия токойлорундагы өрт

"Азаттык": Мамлекеттик мекемелер, окуу жайлар, ишканалар адаттагыдай эле иштеп жатышабы же жабылдыбы?

Наргиза Хакимова: Өрт каптаган жерлерде албетте күлдөн башка эч нерсе калган жок. Ал жактын тургундарын жакынкы шаарларга көчүрүштү. Мельбурнда баары иштеп эле жатат. Болгону жайкы каникул болгондуктан мектептер жабылган. Бала бакчалар жаңы жылдык майрамдан кийин эми иштей баштаган. Бийликтен деле “сыртка чыкпагыла” деген сыяктуу эскертүүлөр болгон жок, тактап айтканда, биз уга элекпиз. Эгер кырдаал чындап оорлошсо, бийлик эскертүү берсе керек.

Австралияда жашаган журтташыбыз Наргиза Хакимова кызы менен.
Австралияда жашаган журтташыбыз Наргиза Хакимова кызы менен.

"Азаттык": Жергиликтүү эл эмне деп жатат? Бийликке нааразы болгондор көп экени айтылып жатпайбы.

Наргиза Хакимова: Эл премьер-министрге нааразы болуп жаткандай. Ал тилсиз жоо каптаган аймактарга эрте барып, жабыркагандар менен бирге болот деп күтүшкөн. Ошондой эле жаңы жылдык сөзүн өз үйүндө, жылуу-жумшак жерде туруп айтканы дагы көптөрдүн кыжырын келтирди. Ал өрттөн жабыркаган аймактарга 1-2-январда гана барды окшойт. Ошого эл нааразы болуп, айрымдар аны менен кол алышуудан баш тартышты.

Австралияны азапка салган өрт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

"Азаттык": Синоптиктер жакын арада жаан-чачын болорун айтыштыбы?

Наргиза Хакимова: Азырынча жаан-чачын жок. Мындан ары кырдаал кандай өнүгөрүн билбейм.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG