Лукашенконун алтынчы жолу шайланышына байланыштуу Кыргызстандын, Кытайдын, Түркиянын, Орусиянын, Азербайжандын жана Казакстандын да лидерлери куттуктоо катын жөнөтүшкөн.
АКШ менен Европа Биримдиги Беларуста шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп каршылык акцияларына чыккандарга күч колдонулганын айыпташкан жана өлкө бийлигин добуштарды так саноого чакырышкан.
Никол Пашинян Александр Лукашенкого алгачкылардын болуп куттуктоо жиберген. Анда «биргелешкен иш-аракеттер менен биз келечекте эки элдин ортосундагы достукту дагы чыңдайбыз, эки тараптуу жана эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер аркылуу бири-бирибизге пайдалуу шартта кызматташуубузду кеңейтебиз», деп жазган.
Армян премьер-министри эки мамлекеттин, эки элдин алака-катышынын болгон мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга бар аракетин жумшай турганын белгилеген.
Армениядагы укук коргоочу Артур Сакунц өзү ыңкылап аркылуу бийликке келген Пашиняндын элден озунуп Лукашенкону куттуктап жибергенин сынга алды. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына муну «акылга сыйгыс» жагдай катары мүнөздөдү:
«Беларуста азыр миңдеген адамдар эркиндигинен мыйзамсыз ажырап, зомбулукка кабылып жатат. Аларды желим ок менен атып жатышат. Оппозициянын, жарандардын жана укук коргоочулардын укуктары одоно бузулуп жатат. Демократиялык өлкөнүн башчысы жок дегенде добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы чыккыча куттуктай албайт. Эгер ал кайсы бир себептерден улам мамилесин билдиргиси келсе, анда ал адам укуктары бузулган фактыларга кабатырлыгын билдирип, бардык маселени мыйзам чегинде чечүүгө чакырышы керек эле. Беларуста азыр конституциялык түзүлүштү күч менен басып алуу болуп жатат».
Укук коргоочу Беларустагы шайлоо менен Армениядагы 2008-жылдагы талаштуу шайлоонун окшош жактары бар экенин белгиледи. Ошондой эле 12 жыл мурдагы армян шайлоосунан кийинки нааразылыкты күч менен басканы үчүн азыр мурдагы президент Роберт Кочарян соттолуп жаткан эске салды.
Премьер-министрдин басма сөз катчысы Мане Геворкян мындай доомат тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты, бирок коомдогу мындай маанай, ой-пикир тууралуу кабары бар экенин, ага кунт коюп көз салып турушканын билдирди.
«Менин кадамым» башкаруучу партиясынын парламенттеги депутаты Рубен Рубинян болсо Пашиняндын Лукашенкону куттуктаганынан эч кандай эрен-төрөн көргөн жок:
«Мен мындай баалоого баа бербейм. Жалпысынан эл аралык мамилелер ички саясаттан айырмаланып турат. Эл аралык өнөктөштүктүн, мамлекет башчыларынын мамилесинин башка деңгээли, башка компоненттери бар».
Оппозициялык азчылыктагы «Жаркын Армения» фракциясынын лидери Эдмон Марукян 2018-жылдагы элдик толкундоону эскерди. Ал ошол кезде президенттик кызматта эки мөөнөт отурган Серж Саргсяндын да бийликте калышына каршы чыккандар тууралуу айтты:
«Мен болгондо Беларуста оппозициянын добуштарды жокко чыгаруу тууралуу арыздар боюнча ички инстанциялардын чечими чыгышын күтүп турат элем, ошондон кийин гана чечим кабыл алмакмын. Ушул жагынан алып караганда премьер өтө шашты. Экинчиден, ал жакта адам өлгөн учурлар болду, үч миңден ашык адам камалды. Оппозиция лидерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын башчылары, журналисттер түрмөдө отурат. Премьер-министр мунун баарын көз жаздымда калтырып, шашылыш куттуктап жиберди».
2018-жылы май айында ошол кездеги оппозиция лидери Никол Пашинян элдик толкундоонун айынан бийлик алмашкандардан кийин премьер-министр болуп шайланган. Андан бери ал өзүн демократ лидер катары көрсөтүүгө аракет кылып келет.
Ал өкмөт башчы болгонго чейин оппозиционер катары таанылган. Пашинян Ереван мамлекеттик университетинин журналистика факультетиндеги окуусунан бийликти сындаган макалалары үчүн чыгарылып калган. 2010-2011 жылдары ал бийликке каршы акцияларга катышканы үчүн түрмөгө да отуруп чыккан.
Расмий маалымат боюнча, соңку 26 жылдан бери бийликте отурган Александр Лукашенко 80% ашыгырак добуш алган. Анын башкы саясий атаандашы Светлана Тихановскаяны болсо шайлоочулардын 10% жакыны колдогон. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тарткан. Шайлоонун жыйынтыгы одоно бурмаланды деп эсептеген миңдеген жарандар бир канча күн катары менен каршылык акцияларына чыгып жатат.
Тихановская коопсуздуктан улам Беларустан Литвага чыгып кеткенге аргасыз болгонун билдирген.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.