Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Армения: саясий кризис кайра курчуду


Еревандагы нааразылык митингине чыккандар. 2-октябрь, 2018-жыл.
Еревандагы нааразылык митингине чыккандар. 2-октябрь, 2018-жыл.

Армениянын саясатында кризис курчуду. Премьер-министр Никол Пашинян менен парламент тил табыша албай турат. Маселенин өзөгү кезексиз парламенттик шайлоодо. Өкмөт башчынын миңдеген тарапкерлери кечинде митингге чыгып, түн бир оокумга чейин тараган жок.

Өкмөт башчы менен парламенттин тиреши 2-октябрда түштөн кийин кескин курчуп, тез өнүктү. Никол Пашиняндын миңдеген жактоочулары кечинде өлкө парламенти – Улуттук Жыйындын имаратынын алдында митинг өткөрүштү. Буга парламенттин регламенти жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы себеп болду. Аны төрт фракциянын үчөө же Пашиняндыкынан башкалары колдоду.

Өкмөт башчы бул мыйзамга караманча каршы. Ал муну менен фракциялар парламентти таратууга бөгөт болгусу келет деп эсептейт. Пашинян дароо “Гүлдөгөн Армения” менен “Дашнакцутюндан” тандалган алты министрди кызматтан кетирүүнү сунуш кылды. Бийлик бутактарынын ортосундагы арбитр катары эсептелген президент министрлерди кетирди. Ошол эле маалда парламент кабыл алган мыйзамга кол коер-койбосун билдире элек.

Азыр армян Улуттук Жыйынында мурдагы президент Серж Саргсяндын партиясында мандат көп. “Баркыт ыңкылабынын” шарданында бир тобу чыгып кеткенден кийин деле анын 50 депутаты калды. Экинчи “Царукянда” 31 өкүл отурат. Экөөнө тилектеш болуп аткан "Дашнакцутюнда" 7 депутат бар.

Чукул арада шайлоо өтсө бул партиялар ушунча мандатты кайра алары күмөн. Муну он күн мурда Ереван шаардык кеңешине өткөн шайлоо көрсөттү. Анда партиясы 80% ашык добуш алгандан кийин Никол Пашинян парламенттик шайлоо аркылуу премьерлик ордун бекемдөөгө умтулууда.

Өкмөттүн жетекчиси "чукул шайлоону декабрда өткөрүш керек" деп турат. Ал муну “баркыт ыңкылабынын” максатын толук ишке ашыруу катары мүнөздөйт. Шейшембинин кечиндеги сүр көрсөтүп бүткөн соң премьер спикерге кирди. Түнкү 2де ал сыртта күтүп турган тарапкерлерине чыкты.

Никол Пашинян (ортодо).
Никол Пашинян (ортодо).

- Жакынкы күндөрү мен премьерлик кызматтан кетем, - деди Пашинян. - Армения республикалык фракциясы, “Дашнакцутюн” жана “Царукян” кырдаалды курчутпайт деп турам. Теориялык жактан алар өз талапкерин чыгарып, премьерди шайлап кое алышат. Бирок бул жумшак айтканда терс маанай жаратарын, акылдуу сценарий болбосун алар ойлонушу керек.

Республикалык партиянын төрагасынын орун басары Армен Ашотян түнкү жолугушууну "сүйлөшүү" деп атаган жок.

- “Жолугушуу” деген сөздү бекер оозанып жаткан жокмун. Ал жерде сүйлөшүү болгон жок. Анткени премьер "Улуттук Жыйындын депутаттарына өз саясий чечимимди билдирип коеюн деп гана келдим" деди. Аны сүйлөшүү дегенге болбойт, - деди Ашотян.

Республикачылар мунасанын жолу катары шайлоону май айында өткөрүүнү сунуш кылып атышат. Алар Пашинян тарап буга макул болсо, техникалык өкмөткө талапкер көрсөтпөсүн белгилешет. Бирок Пашинян өз талабынан кайтпай жатат.

Ошентип, мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик шайлоого чейин өлкөнү башкара турган техникалык өкмөт боюнча бир пикирге келе элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG