Алайда митинг, Бишкекте сот
10-февралдан тарта Аскердик сотто Исмаил Исаковдун апелляциялык арызы карала баштады. Дал ушул күнү Алай районунун борбору Гүлчөдө анын тарапкерлери митингиге чыгышты. Алай райондук бийлиги митингиге уруксат берилбегенин айтып, эгерде эл көчөгө чыккан болсо чара колдононуларын эскертти. Бирок ага карабай 10-февралда райондук акимияттын алдына миңдей киши чогулуп, Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылган плакаттар менен пикет өткөрүштү. Райондук прокурор Таалай Абдубаитов пикетке байкоо салып, соңунда митинг өткөрүү үчүн стадион бөлүнүп берилгенин билдирди.
Чогулган эл стадионго жөө жүрүш жасап, Исаковдун боштондугун талап кылган ураандар менен барды:
- Генералга боштондук! Генералга боштондук!
Андан кийин стадиондо митинг болду. Алгачкылардан болуп сөз сүйлөгөн сексен жаштагы аксакал Ороз Мусаев бийлик алардын өтүнүчүнө көңүл бурбай жатканына наарызылык билдирди:
- Президент бийликке келгенде айткан, бардык жарандар мага бирдей. Ар бир жарандын укугун коргоймун, тилегин аткарам деген. Биз азыркы бийликке эл болбой калдык. Болбосо ушунча күндөн бери бир жолу кайрылып, бизге жооп айтып койгон жок, деген Ороз Мусаев эми алар бийликке өтүнүч эмес, талап кое баштаарын кошумчалады.
Митингге Бишкектен келген саясатчы Топчубек Тургуналиев да катышып, бийликти сындап сөз сүйлөдү. Район прокурору ага эскертүү жасоого аракет жасады. Натыйжада прокурор Абдубаитов менен Тургуналиевдин ортосунда мындай сөз болду:
Прокурор: Мамлекетке каршы, бийликке каршы сөздөр айтылбаш керек.
Т.Тургуналиев: Ал сиздин пикириңиз.
Прокурор: Ошону эскертип коеюн. Эскертүү менин милдетим.
Т.Тургуналиев: Эскерте бер. Айта турган менин укугум бар. Айта берем. Айтам.
Митинг соңунда беш пункттан турган кайрылуу кабыл алынды. Анда Исаковдун бошотуу талабы биринчи коюлду. Аны Алайдагы Исаковду коргоо комитенин төрагасы Айтбай Жээналиев окуп берди:
"Биринчи, Исаковдун бошотулушун талап кылабыз. Экинчи, Балыкчы, Петровкадагы бардык саясий туткундар бошотулсун. Үчүнчү, элдин тагдырын чече турган турган стратегиялык ишканаларды мамлекетин колунда калсын. Төртүнчү, элди азапка салган бийлик кызматтан кетсин" деген талаптарды Жээналиев окуп, эл колдоп берди. Эгерде бул талаптар аткарылбаса жөө жүрүш сыяктуу акциялар уюштурулаары эскертилди.
Алайда митинг жүрүп жаткан күндөрү Бишкекте Исмаил Исаковдун апелляциялык арызы карала баштады. Сотко оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Темир Сариев, өкмөттүк эмес, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, андан сырткары жүздөгөн жарандар катышып жатты.
12-февралдагы соттук жараянда Исмаил Исаков көрсөтмө берип, өзүн күнөөсүз экендигин билдирди. Анда эмне себептен темир тордо отурасыз деп адвокат Азимбек Бекназаров суроо менен кайрылды:
А.Бекназаров:- Күнөөңүз жок болсо, анда эмне үчүн сиз бүгүн темир тордун ичинде отурасыз? Себеби эмне?
И.Исаков: Себеби саясатта. 2008-жылы 10-октябрда ошол кезде жана бүгүн уланып жаткан саясатка көз карашымды айтып туруп, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматында иштей албаймын, мени кызматтан бошотуңуз деп басып кеткенмин. Мына ошол башкы себеп.
Соттук жараянда адвокат Азимбек Бекназаров Бишкек гарнизондук сотунун судьясы Серик Абиев Исмаил Исаковду сегиз жылга кескен өкүмү таянган Финансы полициясынын текшерүүсү тууралуу документтерди алып чыгууну апелляциялык соттун төрагасы Тилек Абдрашитовдон өтүндү. Бекназаровдун айтымында, Абиевдин өкүмүндө Руслан Исаковго берилген эки бөлмөлүү квартира Финансы полициясы текшергенден кийин гана мамлекетке кайтарылган деп тогуз жерде белгиленген.
Финансы полициясы квартиралар боюнча эч кандай текшерүүлөр жүргүзбөгөнүн ал кездеги Коргоо министрлигинин жетекчилери Исаков, Борис Югай, Орузбаев, Калкожоев жана башкалар так кесе айтууда. Маселен Борис Югай:
- Биринчиден, текшерүү жөнүндө эч кандай документ болгон эмес. Финансы полициясынан кандайдыр бир кемчиликти түзөткүлө деген кагаз жүзүндөгү тапшырма да болгон эмес.
Бир гана Мырзалы Бөрүбаев текшерүүлөр болгонун, бирок ал боюнча кагаз жүзүндө документтер түзүлгөнүн эстей албай жатканын билдирди.
Адвокат Бекназаров бул маселени тактоого аракет жасап, Финансы полициясынан документтерди алдырууну судьяга сунуштады.Бирок
Тилек Абдрашитов баштаган үч судья эки саатка жакын кеңешүүдөн кийин адвокаттын талабын аткаруудан баш тартты.
Бул өз кезегинде прокуратура да, соттор да Исаковго байланыштуу ишти обьективдүү иликтенүүсүн каалабай жатканын далилдеп жатканын адвокаттар белгилешти. Сот дүйшөмбү күнү улантылат.
Ынтымак курултайына атаандаш Элдик курултай
Исмаил Исаковго байланыштуу соттук жараян жүрүп жаткан жумада бийлик 23-мартка белгиленген Ынтымак курултайына делегаттарды дайындоону жүргүздү. Ишемби күнгө карай 400 делегат шайланганы кабарланды. Белгилүү болгондой курултайга 750 делегат чакырылыш керек.
Бул арада Бириккен Элдик Кыймыл ишемби күнү жыйын өткөрүп, 17-мартта Бишкекте Элдик курултай өткөрүүнү белгиледи.
Альтернативдик курултайда төрт маселени талкууланат. Ал электр энергиясына тарифтерди көтөрүлүшүн токтотуу, “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелекомдун” сатылышын жокко чыгаруу, Конституциялык реформаны жана саясий куугунтуктарды токтотуу маселелери.
Элдик курултайды уюштуруу боюнча уюштуруу тобу түзүлүп, аны Социал-демократиялык фракциянын лидери Роза Отунбаева
жетектей турган болду.
Отунбаева 20-февралга белгилеген БЭКтин Улуттук кеңешинин жыйыны тууралуу буларды билдирди:
17-мартта биз Элдик курултай өткөрөлү деп жатабыз. 20-февралда БЭКтин Улуттук кеңеши болот. Анда ошол курултайга даярдыкты талкуулайбыз.
Бийлик Ынтымак курултайында региондордун маселелерин уга турган болууда.
Ал эми оппозиция уюштурган курултайда электр энергиясына тарифтерди эки эсе өсүшү жана июнда дагы көтөрүлүшү, ири бөлүштүргүч компаниялардын, “Кыргызтелекомдун” сатылышы, Конституциялык реформа аркылуу президент өз уулун бийликке алып келүүсүн жана президенттик бийликти жакындарына мурастап калтырууга шарт түзүп жатуусун, саясий куугунтуктарды талкуулай турган болууда.
БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун айтымында, кыргыз жарандарынын ичинен кимде-ким мына ушул маселелерге кайдыгер болбосо, алардын баары курултайга катышууга мүмкүнчүлүгү бар.
“Түндүкэлектро” "түндүктөн" түшкөндөргө кетти
Бөлүштүргүч компанияларды менчиктештирүү демекчи, өлкөдөгү эң ири бөлүштүргүч компания болгон “Түндүкэлектронун” белгисиз “Чакан ГЭСке” 3 млн доллара сатылуусу оппозицияда кескин сынга алынды. Бул ири масштабдагы коррупция катары айыпталды.
Социал-демократиялык фракциянын лидери Роза Отунбаева “Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелекомдун” белгисиз бирөөлөргө, өтө арзан баада сатылышы боюнча өкмөт башчы Данияр Үсөновго кайрылып, бир нече суроолорго жооп берүүнү талап кылды.
13 пункттан турган талапта “Славянский восток” аттуу компания “Түндүкэлектрону” Бишкек ТЭЦи менен биргеликте 137 млн долларга баалаганы, чыгашалуу ТЭЦ өзүнчө бөлүнүп чыккандан кийин “Түндүкэлектронун” баасы андан да көтөрүлгөнү, ага карабай “Түндүкэлектро” болгону 3 млн. долларга сатылганын түшүндүрүп берүү талабы коюлду. Ошондой эле “Түндүкэлектронун” жаңы кожоюну болуп калган “Чакан ГЭСтин” финансы-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, анын артында Ширшов тураары тууралуу маалыматты тактап берүүнү, “Кыргызтелекомду” сатуудагы коррупция жыттанган маселелерге жооп берүүнү талап кылган.
Оппозициялык фракция жасаган кайрылуунун соңунда өкмөт башчы Данияр Үсөновду тезинен кызматтан кетүүгө чакырыгы коюлган.
Бийликтеги “Ак жол” фракциясы мамлекеттик стратегиялык ишканалардын сатылышына карата эч кандай пикир айта элек. Алардан кандайдыр бир жооп алуу да мүмкүн эмес болуп турат.
Ал эми суу-энергетика тармагы боюнча эксперт Базарбай Мамбетов “Түндүкэлектронун” сатылышын коррупция катары баалады:
- ”Түндүкэлектро” деген аябай чоң мекеме. Чүй, Бишкек жана Таласты электр энергиясы менен камсыздап турган чоң мекемени 3 млн. долларга сатышы бизде коррупция жетер-жерине жетип калганын тастыктап турат. Анан эң негизгиси сатып алган мекеме мамлекет алдында эч кандай милдеттенме албастан, жөн эле алганы Акаевдин заманынан бери келатат. Бул баягы Токмоктогу жүндү иштетүү фабриканын, Камволдук-нооту комбинат, Канттагы цемент завод, Майлуу-Суудагы электр лампа завод, Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводу, Оштогу насос заводу, Бишкектеги канчалаган завод-фабрикаларды жөн эле "алгыла" деп, болбогон акчага сатып жиберип, анан кийин сатып алгандар ишканаларды талкаланып кеткенин кайталанышы. Эми “Түндүкэлектронун” болбогон акчага сатылышы, коррупциянын тоталдуу каптаганын кабар берет жана анын аягы жакшылыкка алып келбейт.
Белгилей кете турган нерсе, “Түндүкэлектрону” 3 млн. долларга саткан Мамлекеттик мүлк министрлиги “Ошэлектро”, “Жалал-Абадэлектро” жана “Чыгышэлектрону” да саттыкка койгон. Аларды алууга кызыккандардан документтерди алуу 1-февралда соңуна чыккан. Бирок кайсы компаниялардан документ түшкөнү тууралуу ушул кезге чейин расмий маалымат бериле элек. Кыязы бул жерде да “Түндүкэлектрону” түндүктөн түшкөндөр алып кеткендей окуя болчудай болуп турат. Белгилеп кете турган нерсе, “Түндүкэлектронун”
финансылык агымдары алда качантан бери Максим Бакиев жана анын досу Валерий Белоконго таандык “Манас” банкы аркылуу жүргүзүлөт. Ошондуктан “Түндүкэлектрону” сатып алган “Чакан ГЭСтин” артында да ушул азаматтар турушу толук ыктымал. Анын үстүнө “Түндүкэлектро” сатылар алдында анын директорлор кеңешине “МGN Groupтун” жетекчилеринин бири Роберт Генкин кирген. Ал эми “МGN Group” Максим Бакиевдин кол астындагы Өнүктүрүү агенттигинин активдерин башкарат.