- Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кете турганын жарыялады. Ага чейин эле сиз башка коомдук ишмерлер менен бирге Жээнбековго жолугуп чыккан элеңиз. Отставка тууралуу сиздин оюңуз кандай?
- Мен буга терең өкүнүп турам. Ал өзүнүн сөзү боюнча, мыйзамдуу жол менен Жогорку Кеңеш шайланып жаңы өкмөт куралат, ошондон кийин кетүүгө даярмын деп айткан. Дагы бир жолу бышыктаган. Садыр Нургожоевич эки-үч күндө кетерин айтып жатпады беле. Ал эми бул башкача айтып жаткан.
Анан биз Сооронбай Шарипович менен Садыр Нургожоевич экөө саат 11де жолугарын угуп, “өз оозунан угалы, чын-төгүнүн билели” деп барганбыз. Бизди президенттик аппарат чакырган. Жолугушууга Садыр Жапаров барган жок. Бир сааттай сүйлөшүп отурдук. Ар ким өзүнүн ой-пикирин айтты.
Биринчи кезекте “өлкөдө тынчтыкты калыбына келтирели, коопсуздукту камсыз кылалы, андан кийин шайлоо болсун, андан кетиңиз” дедик. Анын кетишине бардыгыбыз макул болгонбуз.
Менимче, Сооронбай Шариповичке психологиялык жана моралдык басым жасаш үчүн кайсы бир документтерди көргөзүшү мүмкүн. Же болбосо “мен эки-үч күндө кетем” деген сөзүн жаздырып алып, ошону жарыялайбыз дешсе керек.
- Ошол маалда президент өзү эмне деди эле?
- “Мен кетпейм, акырына чейин турам” деп жаткан. Жолугушууда 10-12 киши болду окшойт. Бекназаров, генерал Исаков, Марат Султанов, Сыртбай Мусаев, Феликс Шаршенбаевич, Роза Исаковна, Медеткан Шеримкулович болгон. Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдардын баары эле, мурдагы президент, мурдагы өкмөт башчы, белгилүү инсандар эле. Баарыбыз бир пикирге келип тараганбыз.
Чындап мен үчүн күтүүсүз болду. Ал жактан жаңы эле келип, бир чыны чай ичип алайын деп жатканда бул жаңылык чыгып калды. Мен буга абдан өкүнөм.
Себеби, мыйзамдуу жол менен болгон жок. Биринчи жолу эмес, Кыргызстанда үчүнчү жолу ушундай болуп жатканына абдан өкүнөм. Садыр Жапаровго эч кандай каршы пикирим жок. Ал түрмөдө отурганда эле чыгарыш керек деп айткам. “Алар саясий өңүттө отурат, Текебаев, Талгарбеков ж.б. баары чыгышы керек” деп билдиргем.
Ушундай болуп калды. Жазып бергенден кийин реалдуулук менен чектелишибиз керек. Эми Жогорку Кеңеш чогулуп, отставкасын бекитиши зарыл. Алардын мөөнөтү бүтө элек. Анда Конституция боюнча парламенттин төрагасы милдетин аткарышы керек. Менимче, Жогорку Кеңеш чогулбай, алар тарап, Садыр Нургожоевич президенттин милдетин аткаруучу болуп калат окшойт. Ошондой аракеттер болот окшойт.
- Сооронбай Жээнбеков сиздер менен жолугушууда азыр кызматтан кетпейм деген экен. Бирок отставка тууралуу чукул чечим кабыл алышына эмне себеп болду деп ойлойсуз?
- Менин жеке оюм мындай. Сооронбай Жээнбековдун тегерегинде отургандардын арасында Садыр Жапаров менен байланышып тургандар бар. Ал аксакалдардын жолугушуусуна атайылап келген жок. Анан биз кеткенден кийин “сүйлөшүү болгону жатат” деп айтып калышты. Алар жеке калганда, менимче, Сооронбай Шариповичке психологиялык жана моралдык басым жасаш үчүн кайсы бир документтерди көргөзүшү мүмкүн. Же болбосо “мен эки-үч күндө кетем” деген сөзүн жаздырып алып, ошону жарыялайбыз дешсе керек. Анан дагы башка бир биз билбеген жагдайлар бар чыгаар. Аргасыз кылышкан го деп эсептейм.
- Бир катар коомдук ишмерлер, коңшу өлкөлөр, анын ичинде Британия сыяктуу Батыш өлкөлөр да президент Жээнбековдун администрациясына колдоо көрсөтүп, бул институт легитимдүү экенин белгилешкен. Буга карабастан кызматтан кетерин билдирип жатат. Кыргызстанда мыйзамдуулук сакталышы үчүн мындан ары кандай аракеттер керек?
- Эми мындай болгондон кийин, жаманбы же жакшыбы, Садыр Жапаровду Жогорку Кеңеш бекитпедиби. Азыр Жогорку Кеңеш күчүндө турат. Эгер чогулта албай калса, алар иштебей калат. Жалгыз өкмөт башчынын юрикалык күчү бар. Жогорку Кеңештен бекитилди, президент жарлыкка кол койду. Анда жалгыз мыйзамдуу бийлик Жапаровдо болуп калат.
Анан бул дагы мыйзамдуу жол болбойт. Конституция боюнча, Жогорку Кеңештин төрагасы автоматтык түрдө президенттин милдетин аткарышы керек. Андай болбосо анда жалгыз Садыр Жапаров аткарат. Ал кечээ президенттин аны бекитүү тууралуу жарлыгы чыккандан тарта абдан чоң, оор жүктү мойнуна алды. Азыр өлкөдөгү бардык ишке Садыр Жапаровдун өкмөтү жооп берет.
Түндө Орусия финансылык жардамын токтотту. Баарыбыз окуп көрдүк. Эми Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан чек араларды жабышы ыктымал. Кытай Торугарт жактагы өткөрмө бекетти бая күнү эле жапкан. Блокадада калып, турмуш оорлошу мүмкүн. Мен ушуга бүт жан дүйнөм менен өкүнүп турам.w
- Ушул сценарий ишке аша турган болсо анда аны Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр, ошол эле алыскы, жакынкы өлкөлөр кандай кабыл алышы мүмкүн?
- Мен эч бир саясий партияда жокмун. Шайлоого катышпадым. Башкалардан айырмаланып, калыс, ортодогу адаммын. “Өкүнүчтүү абал болуп жатат, эски кемчиликтер кайталанып жатат” деп айтып жаттым. Баарынан мурда азыркы бийлик ушуга алып келди да. Албетте, алардын жоопкерчилиги бар. Аны Сооронбай Шарипович да мойнуна алып, “мен болуптур кетем” деди.
Бардыгын мыйзамдуу талаада бүтүрүп кетейин деди эле. Андай болбой калды. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги билдирүү таратты. Орусиянын президенти өзүнүн өкүлүн жөнөттү. Коңшу мамлекеттер тынчсызданып, казак президенти Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Шариповичти легитимдүү президент деп тааныды.
Түндө Орусия финансылык жардамын токтотту. Баарыбыз окуп көрдүк. Эми Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан чек араларды жабышы ыктымал. Кытай Торугарт жактагы өткөрмө бекетти бая күнү эле жапкан. Блокадада калып, турмуш оорлошу мүмкүн. Мен ушуга бүт жан дүйнөм менен өкүнүп турам.
Оорчулук элге, мамлекетке түшөт. Ал Евробиримдик, башка өлкөлөр бийликти тааныбай да коюшу ыктымал. Экономикалык, укуктан жактан кыйын абал. Өзгөчө пандемиянын да таасири болуп жатат. Орусия вакцинасын бербей коюшу мүмкүн. Башка жардамдар да токтоп калышы ыктымал. Ушуга жаным кейийт.
Бийликте кимиси болсо болсун. Бирок мыйзамдуу, тынчтык жол менен болсо, албетте, жакшы болмок.