Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Алжирде барымтадагылар бошотулду


Алжирдин аба күчтөрүнө тиешелүү Mi-8 тик учактары барымтадагылар кармалган аймакта, 18.01.2013
Алжирдин аба күчтөрүнө тиешелүү Mi-8 тик учактары барымтадагылар кармалган аймакта, 18.01.2013

Алжирдеги газ заводунда 4 күнгө созулган кризис ишембинин кечинде аяктады. Жалпысынан исламчыл козголоңчулар барымтага алган 23 киши жана 32 согушкер өлтүрүлдү.

Алжирдин атайын күчтөрүнүн операциясында 11 согушкер жок кылынды. Операция башталганда согушкерлер барымтадагы 7 чет элдик жаранды өлтүрүп салышканы кабарланууда.

Алжирдин борбор калаасынан 1500 чакырымдай түштүктө жайгашкан “Ин Аменас” газ иштетүүчү заводун исламчыл козголоңчулар шаршембиде басып алып, анын ондогон кызматкерлерин барымтага алышкан болчу.

Барымтадан куткарылган ирландиялык инженер айтканына караганда, чет өлкөлүктөргө жык толтурулган төрт машинени Алжирдин аскерлери абадан сокку уруп, жардырып жиберишти.

Барымтачылар, айрым тактала элек кабарларга караганда, Франция Малидеги аскерий операциясын токтотушун талап кылып элди барымтага алышты. Бирок жума күнү Алжирдин өзүндөгү айрым гезиттер “исламчыл козголоңчулар буга көптөн бери даярданып жүрүшкөнүн, мынчалык оор барымта окуясын беш күндө даярдай салыш мүмкүн эмес экенин” жазышты.

Малиде исламчыл козголоңчулар өлкөнүн түндүгүн былтыр апрелден бери көзөмөлдөп турушкан. Аларга өкмөттүк күчтөр чабуул койгондо Франция жардам иретинде өткөн жума күнү өлкөгө өзүнүн аскерлерин киргизген. Франция аскерлерин Малиге жайгаштыргандан беш күндөн кийин исламчылар Алжирдеги заводду басып алышты.

Алжирге нааразылык

Алжирдин өкмөтү башынан эле “террористтер менен сүйлөшүүгө барбай турганын” айтып, барымтадагыларды куткаруу операциясын баштады. Бирок ал кандайча жүрүп жатканына азыр башка өлкөлөр нааразы болуп жатышат. Анткени барымтада бир эле алжирликтер эмес, АКШ, Жапония, Франция, Британия жана Норвегиянын жарандары да бар.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерондун расмий өкүлү “Алжир заводго чабуул койордон мурун масилээттешсе болмок” деп билдирди. Алжирдин күч структураларынын кескин, шашылыш аракетине нааразы болгондордун катарында Норвегиянын премьер-министри Йенс Столтенберг да бар.

"Аскер күчтөрүн колдоноордо мүмкүн болушунча адамдарды тирүү куткарып калыш үчүн этияттык менен аракет кылыш керек, токтоолук керек, - деди Столтенберг. - Ошол эле маалда, азыркы окуядан жабыр тарткан Норвегия жана башка өлкөлөргө эч кандай кабар алдын ала берилбегенин айтып койолу. Бүт нерсе Алжирде эле чечилип калды".

Окуя болуп жаткан “Ин Аменас” газ заводун Алжирдин улуттук мунай компаниясы Норвегиянын Statoil деген энергетикалык ишканасы жана Британиянын British Petrolium компаниясы менен бирге иштеткен эле.

Алжирдеги Ennahar деген менчик телекомпания кабарлаганына караганда, бүгүн АКШнын учагы барымтадагы америкалыктарды алып кетиш үчүн аймакка конду.

Вашингтондо Ак Үйдүн расмий өкүлү Жей Керни кечээ куткаруу тууралуу: "Азыр биздин башкы милдет – бул окуяга тартылып калган америкалыктар тууралуу так маалымат билип, эмне болгонун түшүнүү. Абал улам өзгөрүп жатат. Биз бул жөнүндө Алжирдин бийликтеринен тагыраак маалымат күтүп жатабыз", - деди Керни.

Алжирдин ички иштер министри Дахо Оулд Каблия соңку барымта окуясын өлкөдө көптөн бери куралдуу козголоңчул аракеттерге тартылып, учурунда Ооганстанда да согушуп келген исламчыл Мухтар Белмухтар деген киши жетектейт деп билдирди. Министрдин айтымында, Белмухтар “ал-Каида” террористтик уюмунун бул жердеги лидерлери менен уруша кеткенден кийин, Сахара чөлүндө өзүнүн козголоңчул тобун түзүп алган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG