Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:35

Айзаданын өлүмү: зомбулукка каршыларга чабуул болду

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыккандар 15-апрелде белгисиз топ тарабынан куулду. Ал арада бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыгууда.

13:21 8.4.2021

Митингчилердин алдына премьер-министр Улукбек Марипов чыкты.

"Урматтуу мекендештер! Мен буга кайгырып турам. Кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Бул маселени президентибиз да карап атат. Бир аз убакыт бергиле. Бул маселе көзөмөлдө. Азыр мен эч нерсе айта албайм, ким күнөөлүү экенин", - деди Улукбек Марипов.

13:25 8.4.2021

Улукбек Марипов: Бул жерде турганда маселе чечилбейт. Убакыт бергиле бизге. Мен министрди эртең менен да кабыл алгам. Бул боюнча тапшырма бергем. Туура түшүнгүлө. Сабыр кылалы. Мен Балыкчыга барганга да даярмын. Каза болгон карындашыбыз бул жакта коюлат деп ойлогом.

13:28 8.4.2021

13:33 8.4.2021

"Мен жалгыз бой энемин. Эки баланы жалгыз багам. Алимент да албайм. Жетекчилерге айттым. Бүгүнкү күндүн айлыгын төлөбөй эле койгула, митингге барам деп. Жыл башынан бери канча аял союлуп, сабалып өлдү. Ошол жерден сүйрөп атса бир да киши, машине токтогон жок. Биз минтип кайдыгер болсок, эртең биздин да балдар-кыздарыбызга кол салышат. Биз кандай мамлекетте жашап атабыз?".

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG