"Өчпөс отту өчүргөн жигитти бир саатта табышты. Активисттерди түнү менен кармап келишет. Жээнбековдун убагынан бери эле туура эмес сүйлөп койсо, кечирим суратып жатышты. Бирок ушул кылмышты таба алышкан жок. Мал кайтарып жүргөн адам айтып атат "машине эки күн турду" деп. Ички иштер министри мындан кийин кызматта отурбашы керек", - деди дагы бир митингдин катышуучусу.
Кайрат Пиримбердиев: Мындай окуяларда ар бирибиздин жоопкерчилигибиз бар. Кайдыгербиз. Бир окуя болсо мага тиешеси жок, менин короом тынч болсун деген принцип менен жашап атабыз. Бирок биз коомдун мүчөсүбүз. Жаман окуялар боло берсе, сиздин үй-бүлөңүз да жабыр тартышы мүмкүн. Биз ошон үчүн унчукпас болбошубуз керек. Болуп аткан нерселерди ачык айталы. Бийликке унчукпас адамдар жагат, жыргап жүрө беришет. Ошон үчүн кайдыгер болбойлу, ачык айталы, талап кылалы.
Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жакындары милициянын ишине нааразылык билдиришүүдө.
Маркумдун энеси Назгүл Шакенова "Азаттыкка" 5-апрелде Айзада уурдалгандан кийин 13.30 чамасында Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын айтып берди.
Андан кийин Айзада өзү телефон чалып, таежеси менен байланышканын, анын үнүнөн коркуу байкалганынын, бирок милиция өз убагында реакция кылып кызды таппаганын билдирди.
"Сиңдиме чалып, "Бакуля эже, мени Ош тарапка алып кетип жаткан. Бирок кайра Кара-Балтага кайтып келип жатабыз" дептир. Андан кийин өзүм сүйлөштүм. "Мама, баары жакшы. Азыр барам" деди. Аман-эсен келсең болду, башка эч нерсенин кереги жок дедим. Ошондон кийин телефону өчүп калды. Милицияга, тергөөчү Уларбекке чалдык. Эмне болгонун сурап. Иштеп атабыз деген. Уларбек деген тергөөчү "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлдү".
Маркумдун сөөгү бүгүн, 8-апрелде Балыкчыга коюлат. Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.