Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

АКШда өзбек аял мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал тапты


иллюстративдик сүрөт
иллюстративдик сүрөт

АКШда өзбекстандык жаран аялын өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйды. Окуя Пенсильвания штатындагы Лоуэр-Морленд шаарчасында болгон. Полиция маалымдагандай, 43 жаштагы Султанова көкүрөгүнө жана башына тийген октон каза болгон. 44 жаштагы Аллабергдин башына ок тийген.

Бул Кошмо Штаттардагы өзбекстандыктар арасындагы соңку бир ай ичинде катталган экинчи кайгылуу окуя. 11-мартта Нью-Йорк полициясы аялына бычак шилтеген 46 жаштагы өзбек жаранына ок атууга аргасыз болгон.

Окуянын чоо-жайы

Америкалык басылмалар жазгандай, 17-мартта, түштөн кийин саат 16.38де Морленддин полициясына жергиликтүү тургундар чалган. Полиция окуя болгон жерге барганда үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн Дурдона Султанова жана Эл Аллабергдин сөөктөрү табылган. "Озодлик" радиосу Аллабергдин өзбекче ысымы Сарварбек Оллоберганов экенин жазды.

Полициянын маалыматына караганда, 43 жаштагы Султанова көкүрөгүнө жана башына тийген октон каза болгону аныкталган. 44 жаштагы Аллаберг башына тийген октон көз жумганы маалым болду.

Райондук сот окуяны "адам өлтүрүү" катары квалификациялап, кылмыш ишин козгоду. Бул кылмышка азырынча эмне себеп болгону белгисиз.

Өзбекстандагы коомдук ишмер Азиза Умарова маркум Дурдона менен жеке тааныш болгонун жана ал мурдагы күйөөсүнүн колунан каза болгонун Фейсбукка жазды.

Ал белгилегендей, Дурдона Ташкенттеги Дүйнөлүк Экономика жана Дипломатия университетинде билим алган. Кийин Жапонияда магистратурада окугандан кийин АКШга көчүп кеткен. Мурдагы жолдошу да жогорку билимдүү адис болгону, акыркы кездери Америкада трак айдап акча таап жүргөнү кабарларда айтылат.

“Дурдона менен бир нече жылдан бери бири-бирибизге социалдык тармактардан гана көз салып турчубуз. Анын кызынын гимнастикадагы ийгиликтерине күбө болуп, энеси менен кошо сүйүнүп калчумун. Аялдар бардык жакта, ар кандай мамлекеттерде ажырашуудан кийин дагы кое бере албаган эркектердин колунан көз жумууда. Чоң жоготуу. Адилетсиздик. Трагедия”,-деп жазды Умарова.

Түгөйлөрдүн эки баласы болгон.

11-мартта дагы Нью-Йорктун полициясы аялына бычак урган 46 жаштагы өзбекстандыкка ок атууга аргасыз болгон.

Маалыматка караганда, түгөйлөрдүн ортосундагы уруш чыгып, 46 жаштагы Жамшид Нематов аялы Амираны уруп, полиция келгиче бычак саюуга үлгүргөн.

Окуя болгон жерге келген тартип коргоочулар Жамшидден бычакты жерге таштоону талап кылышкан. Оң жооп болбогондон кийин алар ок атышкан. Нематов ошол жерден мүрт кеткен.

Ал эми аялы Амира операция болгону кабарланды. Алардын төрт баласы, эки кызы жана эки уулу бар. “Озоди” радиосу жазгандай, үй-бүлөгө жакын адамдардын бири Жамшид психикалык жактан жабыркап жүргөнүн айткан. Ал эми кошуна-колоңдору кайгылуу окуяга чейин бул үй-бүлөдө уруш-талаш байкалбаганын жазышты.

АКШдагы өзбекстандыктар

АКШдагы өзбекстандыктардын так саны белгисиз. Айрым эсептерге караганда, жарым миллионго жетиши мүмкүн. Бир эле Нью-Йорктун Бруклин районунда 15 миңдей өзбекстандык бар экени кабарланып келет.

Соңку жылдары Мексика аркылуу мыйзамсыз кирген өзбекстандыктардын саны кескин өстү. АКШ бийлиги 2021-2023-жылдары бул жол аркылуу кирүүгө аракет кылган 13 миң өзбекстандык кармалганын билдирген.

Былтыр жыл аягында АКШ өкмөтү 119 өзбекстандыкты мекенине кайтарганын Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы агенттиги билдирген.

Ошондой эле былтыр 20-ноябрда Кошмо Штаттардын Өзбекстандагы элчилиги Мексика-АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн өзбекстандыктар эми иммиграциялык иши каралып бүткүчө кармалып турарын маалымдаган.

Анын алдында, өзбекстандык бир нече киши АКШга Мексика чек арасынан “Ислам мамлекети” террордук уюму менен байланышы бар аткезчинин жардамы менен өткөнү аныкталган. Өткөн жылы журналисттер Өзбекстандан АКШга адамдарды мыйзамсыз жөнөтүп турган түйүндүн бети ачылганын жазышкан.

Америкалык расмий булактардын маалыматында, ал түйүндүн кеминде бир мүчөсү чет элдик террордук уюм менен байланышта болгон. Алар аркылуу Кошмо Штаттарга кирген 120 өзбекстандык мигранттын 15ине Федералдык иликтөө бюросу издөө салган.

Мигранттардын менталдык саламаттыгы

Дүйнөдө айрыкча соңку жылдары ары-бери көчүп-конуп, жаркын келечек, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү издегендердин агымы көбөйдү.

Алардын катарында борбор азиялыктар дагы жакшы иш үчүн, билим алганы, ишкердик кылганы жана акча таап, жанын багып, жакындарына каралашканы четке жөнөшөт.

Бөтөн эл, бөтөн жерде, жалгыз, жакындарын сагынып арасында депрессияга баткандар көп.

Психологдор белгилегендей, өзгөчө атаандаштык күч Америкада стресстен улам депрессияга кирип кетүү оңой. Ал эми менталдык саламаттыгы алсыз адамдарда шизофрения козголуп, өрчүп кетиши да мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG