Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:05
Жо Байден ант берип жатат
Жо Байден ант берип жатат

Жо Байден - АКШнын 46-президенти

АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.

Капитолийдин тепкичтеринде орнотулган аянтчага шайланган вице-президент Камала Харристин үй-бүлө мүчөлөрү келишти. 56 жаштагы Харрис ант бергенде бул кызматтагы биринчи аял жана ак расадагы эмес саясатчы катары тарыхка кирип калат.

Алардын аркасынан Жо Байдендин балдары менен неберелери келишти.

Вице-президент Майк Пенс жубайынын коштоосунда келди. Президент Доналд Трамптан айырмаланып, Пенс инаугурацияга катышууну чечкен.

АКШнын экс-президенти Билл Клинтон жана жубайы, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Байдендин инаугурациясына келишти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG