Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:27
Жо Байден ант берип жатат
Жо Байден ант берип жатат

Жо Байден - АКШнын 46-президенти

АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.

Шайланган вице-президент Камала Харрис күйөөсү Дуглас Эмхофф менен инаугурацияга келди.
Шайланган вице-президент Камала Харрис күйөөсү Дуглас Эмхофф менен инаугурацияга келди.

Шайланган президент Жо Байден ант берүүгө жубайы Жилл менен келди. Демократ Жо Байден былтыр 7-ноябрда шайлоону жеңгени маалым болгондон кийин жасаган билдирүүсүндө аны максаты мамлекетти бириктирүү экенин айткан.

Байден Вашингтондо жарым кылымга жакын эмгектенди. Анын ичинде 35 жыл сенатор болуп кызмат өтөгөн. Сегиз жыл Барак Обаманын президенттиги учурунда 2009-2017-жылдары АКШнын вице-президенттинин милдетин аркалады. Байден 35 жыл бою сенаторлук үчүн ат салышканда бир да жолу жеңилбегени менен саясий карьерасында көп эле ийгилик жылмайбаган учурлар да болгон.

Байден биринчи жолу президенттик кызмат үчүн 1986- жылы 46 жашында Демократиялык партиядан ат салышкан. Бирок праймеризде талапкерлигин алып салган. Буга өз кайрылууларын башка саясатчылардын билдирүүлөрүнөн көчүрүп алганы жана университетте окуп жүргөндө кайсы бир илимий ишти өзүнүкү катары колдонгону тууралуу журналисттик иликтөөнүн жарыяланышы себеп болгон. Мындан соң Байден университетте бир сабактан кайрадан сынак тапшырууга аргасыз болгону белгилүү.

2007-жылы Байден президенттикке ат салышууну көздөп, бирок Демократиялык партиянын ичинде жетиштүү колдоого ээ боло алган эмес. 2008-жылы Демократиялык партиянын талапкери Барак Обама Жо Байденге вице-президенттик кызматты сунуштаган.

Ант берүү аземинен түз эфир

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG