Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

АКШ-Кытай сүйлөшүүсү: аскердик кызматташуу, маңзатка каршы күрөш


Американын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин.
Американын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин.

Американын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин эки державанын аскердик мекемелеринин ортосундагы байланыш каналдарын калыбына келтирүүнү макулдашты.

Лидерлердин 15-ноябрдагы жолугушуусу дээрлик төрт саатка созулду.

Си Цзинпин соңку алты жылдан бери Америкага биринчи жолу барды.

Эки лидер былтыр Индонезиянын Бали аралында өткөн “Чоң жыйырманын” саммитинде жолуккан. Анда тараптар оор кырдаалга кептелген алакаларда “жаңы багыт” издөөнү макулдашкан.

Бул жолу Байден Си Цзинпинди Сан-Францискодон 50 чакырым алыс Филоли аймагында кабыл алды. Эки лидер ал жакка Азия-Тынч океан экономикалык кызматташуу уюмунун жыйынына катышуу үчүн барды.

Байден менен Си президенттер ортосунда түз байланышты ачып, аскердик мекемелер ортосундагы алакаларды калыбына келтирип, жасалма интеллект жана маңзатка каршы күрөшүү багыттарында биргеликте кызматташууну сүйлөшкөнү кабарланды.

Андан тышкары Жакынкы Чыгыштагы согушту, Орусиянын Украинадагы агрессиясын талкуулашкан.

Сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйында Жо Байден жолугушуу абдан жемиштүү жана конструктивдүү өткөнүн билдирди:

"Кошмо Штаттар Кытай менен активдүү атаандашууну улантат. Бирок бул таймаш жаңжалга айланып кетпеш үчүн жоопкерчиликтүү мамиле жасайт".

АКШ менен Кытай алаканы жакшыртууну сүйлөштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

European Leadership Network илимий-иликтөө борборунун кызматкери, саясат таануучу Александра Филиппенко жолугушууга жогору баа берди.

“Нэнси Пелосинин Тайванга барышы эки тараптын алакасын тап-такыр муздатып салган эле. Эми биз маанилүү прогресске күбө болдук. Калифорнияга учардын алдында Жо Байден эгер алар түз байланыш каналардын түзө алса, бул жеңиш болорун айткан. Мына ошол жеңиш жетишилди. Жо Байден сүйлөшүүдөн кийин билдиргендей, эми алар кандайдыр бир тынчсыздануу жаралганда бири-бирине түз чала алат", - деди Филиппенко "Настоящее время" каналына курган маегинде.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга 2022-жылдын август айында барган. Анда Ак үй Кытай анын сапарына аскердик провокация менен жооп бериши мүмкүн экенин эскерткен. Күтүлгөндөй эле Кытай аралдын айланасында аскердик машыгуусун баштаган.

Ал эми Бээжин АКШ менен Кытайдын аскердик мекемелеринин ортосундагы байланыш каналдарын үзүп салган.

15-ноябрдагы жолугушууда Си Цзинпин жакынкы жылдары Кытайдын Тайванга карата аскердик пландары жок экенин айтты.

Кытай лидери Байден менен жолуккандан кийин алдыңкы америкалык компаниялардын лидерлери менен кечки тамакта жасаган билдирүүсүндө Бээжин Вашингтондун өнөктөшү жана досу болууга даяр экенин айтты.

АКШ президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин.
АКШ президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин.

Сүйлөшүүдөгү “аскер темасы”

Лидерлер Орусиянын Украинага каршы агрессиясын жана АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм катары таанылган ХАМАС менен Израилдин согушун талкуулады.

Байден Сиден Орусиянын Украинага кол салуусун аскердик жактан колдобоого чакырды.

Жолугушуудан кийинки маалымат жыйында Жо Байден Израилдин Газа тилкесин окуппациялап алышына каршы экенин, мындай пикирин ал Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаняхуга дагы жеткиргенин билдирди.

“Бул канчага созулушу мүмкүн? Менимче бул жерде жалгыз жооп- эки мамлекет түзүү тууралуу чечим”, - деп кошумчалады Байден.

Саламаттык сактоо жана маңзат соодасы

Америка менен Кытайдын лидерлери АКШда жыл сайын миңдеген америкалыктардын өмүрүн алып жаткан фентанил синтетикалык маңзатын өндүрүшүн чектөөнү макулдашты.

“АКШ азыр маңзат соодасына каршы күрөштө кризиске кептелип турат. Фентанилди ашыкча колдонуп, көз жумгандардын саны өсүүдө. Кытай аны Америкага мыйзамсыз жолдор менен жеткирген картелдерди, жолдорду өз көзөмөлүнө алышы керек. Бээжин мындай убадасын берди. Бул саламаттык сактоо тармагындагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири", - дейт саясат таануучу Александра Филиппенко.

Маалымат жыйындын аягында Байден Сини кайрадан “диктатор” деп атады.

“Ал биздикинен кыйла айырмаланган башкаруу формасына негизделген коммунисттик мамлекетти башкарып жатканы үчүн диктатор деп айткым келип турат", - деди Америка лидери.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги буга дароо реакция жасап, АКШ президентинин сөздөрүн “жаңылыш жана жоопкерчиликсиз саясий манипуляция” деп мүнөздөдү.

АКШ менен Кытайдын башчылары Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун Сан-Францискодогу саммитине катышат.

XS
SM
MD
LG