Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Ооганстан: тынчтык орнотууга үмүт


Ооган жоокери жолдогу текшерүү учурунда. Кандагар, 14-октябрь, 2018-жыл.
Ооган жоокери жолдогу текшерүү учурунда. Кандагар, 14-октябрь, 2018-жыл.

Ооганстандагы 17 жылдык согушка кийинки жылы чекит коюлат деген үмүт пайда болду. АКШнын өкүлү "келаткан президенттик шайлоого чейин маселе бир жаңсыл чечилчүдөй" деди. Ал кызыкдар тараптар маселени тынч чечүү жолуна ыктап турганын билдирди.

Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын өкүлү 2019-жылдын 20-апрелине чейин “Талибан” менен тынчтык келишимине жетишүүгө үмүттөнүүдө. Залмай Халилзад бул тууралуу 18-ноябрда ооган журналисттерине билдирди.

- “Талибан” жана башка оогандар шайлоо датасын тынчтык келишимине жетүүнүн акыркы мөөнөтү катары колдонот деп үмүттөнөм. Бул ооган элинин да тилеги деп билем. Анткени тынчтыкты канчалык эрте орнотсок, ошончолук жакшы.

Халилзад элдешүү жана тынчтык мүмкүнчүлүгүн издеп бардык кызыкдар тараптар менен сүйлөшүп жатканын айтты.

Залмай Халилзад жана Ашраф Гани. 10-ноябрь, 2018-жыл.
Залмай Халилзад жана Ашраф Гани. 10-ноябрь, 2018-жыл.

Ал акыркы эки жумада ооган президенти Ашраф Гани менен кеминде эки ирет жолукту. Бирок октябрда Катарда “Талибандын” таасирдүү лидерлери менен кезигишкени тууралуу сөз козгогон жок.

"Associated Press" агенттигинин жекшембидеги маалыматына караганда, Халилзад Герат провинциясындагы мурдагы талиб губернатор Хайрулла Хаирхва, мурдагы талиб аскербашы Мохаммед Фазел баш болгон адамдар менен үч күн сүйлөшкөн. Анда Халилзадга элдешүү үчүн бир топ талаптар коюлган. Арасында америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнүн графигин көрсөтүү жана түрмөдөгү талибдердин лидерлерин бошотуу талабы бар экени кабарланды.

Ал эми 20-апрелге чейин жарашуу үмүтүнө байланыштуу “Талибан” кандайдыр билдирүү тарата элек. Бирок талибдердин жогорку даражалуу лидерлеринин экөө Халилзадга жаңы талаптарды даярдап жатканын айтышты деп маалымдайт “Америка үнү” радиосу.

"Кандай болгон күндө да жоолашкан тараптар куралдын күчү менен ийгиликке жетпесин түшүнөт, маселени тынч, саясий сүйлөшүү аркылуу чечүүнү каалашат" деп жатат Американын өкүлү:

- Ооганстан үчүн мен болжолдоп турган акыркы абал – тынчтык орногон Ооганстан, ийгиликтүү Ооганстан, өзүнө коркунуч жаратпаган Ооганстан, бул демек оогандардын ортосундагы тынчтык. Ошондой эле эл аралык коомчулукка, мен АКШнын атынан сүйлөп жаткандыктан, өзгөчө Кошмо Штаттарына коркунуч жаратпаган Ооганстан.

“Талибан” шариат эрежелери менен башкарылган мамлекет кургусу келет. 1996-жылы талибдер Ооганстанда бийликти басып алып, 2001-жылы кулатылган. 2003-жылы Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши "Талибанды" террордук уюм катары тааныган.

17 жылдан бери талибдер өлкөдөгү эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө, аны колдогон чет элдик күчтөргө каршы согушуп келет. Акыркы маалыматтарга караганда Ооганстандын 40% кем эмес аймагын "Талибан" көзөмөлдөп турат. Алар демейде аскердик, мамлекеттик мекемелерге кол салышат. Акыркы ирет парламенттик шайлоо үгүтү учурунда бир топ кандуу чабуулдарды жасашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG