Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Ооганстан тагдыры Лоя Жырганын колунда


Ооган улуттук армиясынын Офицердик академиясынын курсанттары. Кабылдын Карха району, 23-октябрь, 2013-жыл
Ооган улуттук армиясынын Офицердик академиясынын курсанттары. Кабылдын Карха району, 23-октябрь, 2013-жыл

АКШ жана Ооганстан коопсуздук келишимин түзө албаса, 2014-жылдын аягына бардык америкалык аскерлер Ооган жеринен чыгып кетиши мүмкүн.

Эки жак келишимдин негизи боюнча өз ара макулдашкан. Бирок, Вашингтон америкалык аскерлер АКШда соттолсун, неапада алар жаза тайса, Ооганстандын мыйзамы менен жоопко тартылбасын деп талап кылууда. Ал эми президент Хамид Карзай маселени Лойя Жыргага өткөрүп берип, четке чыга берген.

Лойя Жырга 18-21-ноябрда өтчү жыйында узак мөөнөткө эки жактуу коопсуздук келишимин бекитсе, Ооганстанда 2014-жылдан кийин 5 миңден 10 миңге чейин америкалык аскер калат. Алар Ооган армиясын машыктырып, “ал-Каидачылар” жана башка согушчандарга каршы урушка катышууга тийиш. Эгер уруу аксакалдарынан куралган Улуу жыйын келишимди жактырбай койсо, өлкөдө бир да аскерин калтырбасын Вашингтон ачык эскерткен. 2011-жылы ушу сындуу келишимге кол коюлбай калганда, АКШ Ирактан бар аскерин чыгарып кеткен.

Америкалык аскерлер чыгып кетсе, Ооганстандагы жашоо толук өзгөрөт дейт Эл аралык кризистик группанын Кабылдагы улук талдоочусу Граэм Смит:

- АКШ аскерлеринин болуусу Ооганстандын бардык тармактарын бекем ширештирип турган. АКШнын күчтөрү 2014-жылдан кийин болобу же жокпу деген суроого бүтүндөй бул өлкөдөгү жашоо байланган.

Эки жак мунасага келбесе, коопсуздук, финансы жана регионалдык коопсуздук боюнча бардык жүк Ооган өкмөтүнүн мойнуна артылат. Ооган аскерлери логистикалык, авиациалык жана чалгындоо жаатындагы жардамдан да кол жууйт. Чет элдик донорлор буга чейин жылына берип жүргөн 4 миллиард долларлык аскердик жардамын да бир кыйла азайтары калетсиз.

Мурдагы талиб жоокерлери Ооган өкмөтүнүн элдешүү демилгесине ылайык куралдарын тапшырып жатышат. Герат. 23-октябрь 2013
Мурдагы талиб жоокерлери Ооган өкмөтүнүн элдешүү демилгесине ылайык куралдарын тапшырып жатышат. Герат. 23-октябрь 2013
Дэвид Юнг НАТОнун кызматкери. Адис-кеңешчи Ооганстандын чыгышында келишим боюнча иштейт. Юнг непада Ооганстанда бир да жоокер калбаса, өлкөдөгү аскерий жагдай түп-тамырынан өзгөрөт дейт:

– Аскерлер калбайт деген, Батыштын аскерий-финансылык жардамы кандай сарпталганын көзөмөлдөгөн адамдар азаят дегенди түшүндүрбөйт. Бул финансылык жардам азайганын билдирет. Моралдык дух төмөндөгөндө өз ара тирешүү күчөйт. Бул коопсуздук күчтөрү үчүн келбей калган акчадан кымбатка турат. Ооган күчтөрү АКШнын туруктуу жетеги жок деле талибдер менен урушту уланта бериши мүмкүн. Бирок татыктуу каржылоосуз аны уланта алат деп ойлобойм.

АКШнын аскерлерин толук чыгарып кетүүсү Ооганстан жылына донорлордон алчу 4 миллиард долларлык жарандык жардамдын да азайышына алып барышы ыктымал. Граэм Смиттин айтымында, бул экономиканын тышкы каржылоого көз каранды тармактары үчүн агып жаткан сууну буугандай эле болот:

- Чоң суммадагы акчанын келбей калуусу кырдаалды кыйсыпыр кылчу күчкө ээ. Экономикада согуштан пайда болгон каканак күтүүсүз жарылат.

Азыр эле көптөгөн дүкөндөр жабылып, ээлери Ооганстандан сыртка чыгып кетишүүдө. Эң тез өсүп жаткан турак-жайдын баасы акыркы үч жылда жарымга арзандады.

Коомдук кудуктан суу алып жаткан эркек. Кабыл, 24-октябрь, 2013
Коомдук кудуктан суу алып жаткан эркек. Кабыл, 24-октябрь, 2013
АКШ аскерлерине Пакистандын портторунан түрдүү шайман, азык- түлүк, суу, күйүүчү май тарткан, базаларда түрдүү жумуштарды бүткөргөн компаниялар да жабылары боолгонууда.

Дэвид Юнг АКШ аскерлеринин чыгып кетүүсү менен көптөгөн бейөкмөт уюмдар да жигердүү иштей албай каларын айтат:

- Батыштын аскерлерсиз эл аралык уюмдардын бөлүмдөрү коопсуз болбойт. Бул аскерий эмес жардам аз келет дегенди билдирет. Саясий институттардын жакшы иштөөсү, өкмөттүн эл алдындагы отчёттуулугу, аялдардын ресурстарды алуусу жана башка толгон токой зарыл муктаждыктар үчүн колдоо азаят.

Акыркы 12 жылда Ооганстанда адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоочу жана коррупцияга каршы күрөшчү аялдардын уюмдары, саясий кыймылдар жана уюмдар көбөйгөн. Чет элдик аскерлер чыгып кетсе, аларга катар чет элдик соопкерчилик уюмдары ишин токтотушу же кескин кыскартышы мүмкүн. Азыр эле көпчүлүк бейөкмөт уюмдар өлкөдөн чыгып кетишти же аз гана сандагы кызматкерлерин калтырган.

2014-жылдан кийин АКШ күчтөрүнүн чыгып кетүүсү Ооганстанга коңшу мамлекеттердеги жагдайды бейстабилештирет деген кооптонуулар айтылууда. Маалыматтарга караганда, Ооганстанга босоголош Борбор Азия өлкөлөрү маңзаттарын жана согушчандарды киргизбөө үчүн чек арасын бекемдөөдө.

XS
SM
MD
LG