Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Талибдер эки профессорду туткундан бошотту


Талибдердин туткунунда үч жыл кармалган австралиялык Тимоти Викс жана Кошмо Штаттардын жараны Кевин Кинг.
Талибдердин туткунунда үч жыл кармалган австралиялык Тимоти Викс жана Кошмо Штаттардын жараны Кевин Кинг.

Талибдер барымтага алган америкалык жана австралиялык эки профессор куралдуу кыймылдын камакта отурган жогорку даражалуу үч өкүлүнө 19-ноябрда айырбашталды. Туткундарды алмашуу шейшембиде Ооганстандын Забул провинциясында болду.

48 жаштагы австралиялык Викс менен кошо анын кесиптеши, Кошмо Штаттардын 60 жаштагы жараны Кевин Кингди 2016-жылы талибдер уурдап кетишкен. Эки профессор тең Кабулдагы Америка университетинде окутуучу болуп иштешкен. Үч жылдан кийин алар негизинен талибдер көзөмөлдөгөн Забул провинциясында бошотулганы маалым болду. Алар америкалык тик учактарга отуруп учуп кетишкенин «France-Presse» агенттиги жазды. Кыймыл андан бир нече саат мурда ооган өкмөтү «Талибандын» үч өкүлүн бошотуп, Катарга жеткиргенин билдирген. Куралдуу кыймылдын туткунундагы эки профессорду Кабул «Талибандын» абройлуу үч согушкерине айырбаштаарын Ооганстандын президенти Ашраф Гани өткөн жумада жарыялаган:

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

- Ооганстандын өкмөтүнүн жана элинин атынан адамзатка урмат көрсөтүп, биз камактагы үч талибди мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алдык. Бул үч адам Ажы Мали Хан, Хафиз Рашид Омари жана Анас Хаккани.

Анас Хаккани - «Талибандын» бир канаты болуп саналып, Ооганстанда катуу чабуулдарды уюштуруп келген «Хаккани» түйүнүнүн лидери Сиражуддин Хакканинин иниси. Бул топ 1980-жылдары советтик аскерлер Ооганстанга киргенде Кошмо Штаттар менен кызматташкан. Анткен менен 2001-жылдан тартып «Хаккани» түйүнү Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнө жана НАТОнун аскерлерине каршы согуша баштаган. 2012-жылы Вашингтон бул топту террористтик уюмдардын катарына кошкон.

Анас Хаккани менен Рашид Омари 2014-жылы өлкө чыгышындагы Хост провинциясында колго түшүрүлгөн. Рашид Омари - АКШнын Гуантанамо абагында отуруп чыккан, учурда «Талибан» кыймылынын Катардагы саясий кеңсесиндеги белдүү мүчөлөрүнүн бири Мухаммед Наби Омаринин бир тууганы. Ал эми Ажы Мали Хан да Анас Хакканинин тууганы. Ал Пактика провинциясында 2011-жылы кармалган. «Reuters» агенттиги талибдердин үч өкүлү 19-ноябрда кыймылдын Дохада жайгашкан кеңсесине өткөрүлүп берилгенин жазды.

Анас Хаккани. 16-октябрь, 2014-жыл.
Анас Хаккани. 16-октябрь, 2014-жыл.

Профессорлордун бошотулушу тууралуу кабарды Кабулдагы Америка университети, Австралиянын бийлиги жана Вашингтон дагы кубаттады. Ак үйдүн басма сөз катчысы Стефани Гришам тараткан билдирүүдө «туткунда болгондо баштарынан оор күндөрдү өткөргөн экөөнө тең саламаттыгы тезирээк калыбына келип, жакын арада туугандары менен жолугушуусун тилейбиз» деп айтылат. Буга чейин Кабулду «АКШнын тактекеси» деп атап, ооган бийлиги менен расмий сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келген «Талибан» кыймылы туткундарды айырбаштоону «тынчтык жараянына жардам бере турган кадам» деп баалады. Байкоочулар да бул процесс ооган бийлиги менен талибдердин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышына негиз болуп береринен үмүттөнүшөт.

Кийинки жылдары Кошмо Штаттар Ооганстандагы 18 жылдык согушка чекит коюуга аракет кылып, талибдер менен сүйлөшүүлөрдү Катарда жүргүзүп келет. Талибдер азыркы учурда иш жүзүндө Ооганстандын аймагынын дээрлик жарымын көзөмөлдөшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG