Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Кабул: аскер академиясына кол салуу болду


Ооган коопсуздук күчтөрү. 29-январь, 2018-жыл
Ооган коопсуздук күчтөрү. 29-январь, 2018-жыл

Кабулда куралчан топ аскер академиясына чабуул койду. Андан 11 аскер мерт болду, 16сы жараат алды. Соңку чабуулга жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган радикал топ алды. Акыркы эле жумаларда ооган башкалаасында бир нече кандуу кол салуу болду.

Ооган Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Давлат Вазири дүйшөмбүдө таңга маал беш согушкер Маршал Фахим Аскер академиясын кайтарган бөлүккө кол салганын билдирди. Жоочулардын экөө өздөрүн жардырып жиберген, дагы экөө атышууда окко учту, бешинчисин коопсуздук аскерлери колго түшүргөн.

Вазири куралчан топ академияны эмес, комплексти кайтарган кишилерди бутага алышканын тактай кетти.

Былтыр 21-октябрда ушул эле окуу жайга "Талибандын" жоочулары чабуул койгондо бери дегенде 15 кадет набыт болгон.

Окуя болгон жер. 29-январь, 2018-жыл
Окуя болгон жер. 29-январь, 2018-жыл

Бир катар кабар агенттиктери ооган коопсуздук органдарына шилтеме кылып маалымдашкандай, саат бештер чамасында академиянын кире беришинде бир нече жардыруу болуп, аткылашуунун добушу угулуп турду.

Жергиликтүү Tolo News телеканалы окуя болгон жердеги кабарчыларына таянып, полиция комплекстин айланасындагы жолдорду дароо торогонун билдирди.

Кол салууга күбө болгон же жакын жерде жашаган кээ бир адамдар болсо ракеталардан атылган ондогон граната жарылганын айтып беришти.

Жергиликтүү жашоочулар коопсуздукту камсыздай албайт деп бийликке нааразылыгын жашырышпайт.

- Өлкөбүз эмнеге айланып баратканын карасаңар. Чоңдор кырдаалды көзөмөлдөй албаса, кызматтарынан кетишсин. Бул эмне деген өкмөт? Алыскы чөлкөмдөрдү мындай коёлу, жада калса өз шаарында коопсуздукту камсыздай алышпайт, - дейт Жалал аттуу жигит.​

Бул теракт ооган эли аза күтүп жаткан күнгө туш келди. 27-январда башкааладагы ири жардыруу 103 бейкүнөө кишинин өмүрүн алып кеткен.

Анда тез жардам машинесин минип алган талип согушкерлери бардык текшерүү пункттарынан тоскоолдуксуз өтүп бир топ өкмөттүк имараттар, чет өлкөлөрдүн элчиликтери, дүкөн-кафелер орун алган Садарат аянтына чейин жетишкен. Жарадар болгон 235 кишинин 30дан көбү полиция кызматкерлери. Ал кандуу окуядан кийин АКШ президенти Дональд Трамп бардык өлкөлөрдү "Талибанга" каршы “чечкиндүү чара” көрүүгө чакырды.

Кабул. 27-январь, 2018-жыл
Кабул. 27-январь, 2018-жыл

Кыска убакыттын ичинде Ооганстанда бир нече кол салуу болду. 20-январда Кабулдагы "Интерконтиненталь" мейманканасында согушкерлердин колунан 30га чукул кишинин өмүрү кыйылган, жарымы чет өлкөлүктөр болчу.

АКШ жана НАТО аскерлеринин согуштук бөлүктөрү 2014-жылы Ооганстандан чыгып кеткенден кийин өлкө бийлиги "Талибандын" жана башка топтордун жоочуларына каршы күрөшүп келе жатат.

Өткөн сентябрда Трамп Ооганстан боюнча жаңы стратегияны жарыялап, кошумча аскерлер жөнөтүлөөрүн айткан. Бирок так санын жана мөөнөтүн айткан эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG