Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

АКШ Орусияны талиптерди колдобоого чакырды


Ооганстандын Пакистан менен чектеш Нангархар провинциясындагы террористерге каршы согушуп жүргөн өкмөттүк армиянын аскери.
Ооганстандын Пакистан менен чектеш Нангархар провинциясындагы террористерге каршы согушуп жүргөн өкмөттүк армиянын аскери.

АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, генерал Герберт Макмастер дүйшөмбүдө Исламбадда Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф менен жолукту.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, генерал Герберт Макмастер башында турган делегация 17-апрелде Исламабадга келип, Пакистандын өкмөт башчысы жана бир катар аскерий лидерлер менен жолукту.

Бир күн мурда Макмастер Вашингтон Түштүк Азиянын бул мамлекетиндеги саясатын катаалдаштырышы мүмкүн экенин айткан.

Генерал Макмастер менен Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифтин жолугушуусунан кийин, өкмөттүн маалымат бөлүмү тараткан билдирүүдө "жаңы администрация Пакистан менен эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө, Ооганстандагы жана жалпы Түштүк Азиядагы туруктуулукту жана тынчтыкты орнотууга ынтызар экенине ишендирди" деп жазылган.

Вашингтон менен Кабул бир топтон бери Пакистандын аймагында жашырынып, Ооганстанда кол салууларды уюштуруп келген талиптерге жана башка экстремисттик топторго каршы күрөш жүргүзбөгөнү үчүн Исламабадды айыптап келет.

Пакистан бул айыптоолорду четке кагып, өз чек араларын карай албагандыгы үчүн Кабулду күнөөлөйт.

Генерал Макмастер жана Ооганстандын башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла.
Генерал Макмастер жана Ооганстандын башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла.

Бир күн мурда ушул эле делегация Кабулда болгон. АКШ президентинин кеңешчиси Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен жолугушту. Өлкө башчысынын маалымат катчысы Шах Гейн Муртазави “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна эки тарап жолугушкан кезде аймактагы көйгөйлөр, анын ичинде коопсуздук жана террорчулукка каршы күрөш, эки тараптуу алаканын өнүгүшү тууралуу сөз болгонун айтты:

- Эки тарап тең террорчулук аймактагы жана дүйнөдөгү туруктуулукка шек келтирип, коркунуч жаратып жатканына токтолушту. Ошол себептен экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү керектигин билдиришти.

Жергиликтүү TOLOnews телеканалына курган маегинде Макмастер элдешүү процессине катышуудан баш тарткан "Талибандын" согушкерлерине согуш талаасында аёосуз сокку уруларын айтты.

Ал ошондой эле Кошмо Штаттар аймактагы өлкөлөрдү, анын ичинде Пакистан менен Орусияны “Ооганстандагы узакка созулган согушту бүтпөс жаңжалга айлантып жаткан” "Талибан" кыймылын колдобоого чакырарын кошумчалады.

Трамп азырынча Пакистан жана 8400 америкалык аскерлер жайгашкан Ооганстан боюнча өз стратегиясын ачык айта элек. Мурдараак Ооганстандагы америкалык аскерий күчтөрдүн башчыларынын бири "Талибан" кыймылы менен урушта туңгуюктан чыгуу үчүн чет өлкөлүк күчтөрдүн саны көбөйүшү зарыл экенин билдирген.

АКШ жана Пакистандын президенттеринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери.
АКШ жана Пакистандын президенттеринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери.

Макмастердин чөлкөмгө сапарын утурлай, америкалык аскерий күчтөр Нангархар провинциясындагы “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлери пайдаланып жүргөн туннелдер системасына эң чоң ядролук эмес бомба таштаган.

Ооганстандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү, генерал Мурад али Мурад билдиргендей, бомба экстремисттик уюмдун 95 жоочусун жана террорчулардын стратегиялык жашыруун жайларын жок кылды.

- Келечекте биз душмандын аракеттерине көз салып турабыз жана аймактагы террордук топторду жок кылуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Кабулда жүргөн жогорку даражадагы америкалык делегация биздин өлкөдөгү азыркы кырдаалды Вашингтонго так жеткирип барат деген үмүттөбүз.

Ошентсе да бул бомбанын ооган жеринде ташталышын айрымдар кескин сынга алды. Алардын бири Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай. Ал Трампка кайрылуу жасап, "оогандарды адам катары санаса мындай операцияларды токтотуу керектигин" айтты:

- Мен бүгүн президент Трампка кайрылып, ал ооган элине, адамзатка каршы чоң кыянатчылыкка барганын айтам. Эгер америка бийлиги бизди адам катары санаса, мындай кылмыштарды токтотуусу абзел. Бирок киши катары эсептебесе албетте, билгенин кыла берсе болот.

2014-жылы Түндүк альянстын аскерлери чыгарылгандан кийин ооган жергесинде америкалык 8400 жоокер калган. Алар негизинен ооган армиясын машыктырат. Бирок ошондон бери Кабул өкмөтүнө каршы күрөшкөн жоочулар улам бир аймакты өз көзөмөлүнө алууда. Өзгөчө оор абал согушкерлер аймагынын ири бөлүгүн алууга жетишкен Гилменд провинциясында түзүлгөн. Жергиликтүү жетекчиликтин маалыматы боюнча "Талибан" ушу тапта апийимдин ири өндүрүүчүсү катары белгилүү чөлкөмдүн 85 процентин көзөмөлдөйт. Былтыр ушул маалда алар 20 процентин гана кармап турушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG