Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Ооган күчтөрүн сынаган чабуул


Ооган бийликтери Кабулга жасалган соңку чабуулду согушкерлердин “Хаккани” тобуна байланыштырды.

Дүйшөмбүнүн таңына чейин, он алты саатка созулган уруштан кырктан ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Алардын көбү согушкерлер экени айтылууда. Бул чабуул бир чети ооган коопсуздук күчтөрүнүн жөндөмүн сынагандай да болду.

Ооганстандын ички иштер министри Бесмилла Мохаммадинин ырастоосунда, ооган полициясы кармаган согушкерлердин бири Кабулга чабуулду Пакистанда жайгашкан “Хаккани” тобу уюштургандыгын моюнга алган. “Хаккани” - бир эле учурда “ал-Каидага” да, "Талибанга" да байланышы бар кыймыл.

16 саатка созулган уруш 16-апрелде таңга маал согушкерлердин турумдарына НАТОнун тик учактары сокку ургандан кийин гана аяктады. Анын алдында ракеталарды, гранатометторду, жанкечтилерди пайдаланган согушкерлер Британия менен Германиянын элчиликтерин, ооган парламентинин имаратын, НАТОнун кеңсесин жана белгилүү мейманканаларды бутага алышкан эле.

Ошол эле учурда өлкөнүн чыгыштагы үч провинциясында ооган коопсуздук күчтөрүнө жана инфраструктурага каршы багытталгандай көрүнгөн чабуулдар да жасалды.

Ооган Коргоо министрлигинин операциялар боюнча башчысы, генерал Афзал Аман:

- Душмандар ири таяныч жайларында ооган коопсуздук күчтөрүнө туруштук бере алышкан жок. Ушундан улам эл арасында чыңалуу жана коркунуч жаратуу максатында алар террордук чабуулдарга өтүштү.

Кабулдун коопсуздугун тейлеген колбашчылардын бири, генерал Мохаммад Аюб Салангинин “Азаттыкка" айтканына караганда, согушкерлер кол салган аймактардан акырында Шайирпур жана Даруламан райондоруна көзөмөл орнотулду. Коопсуздук күчтөрү согушкерлер басып алган имараттар ичинде камалып калган ондогон адамдардын өмүрүн сактап кала алышты.

"Элге көрүнүп коюу"

Кол салуу үчүн "Талибан" өзү жоопкерчилик алып, муну жазгы соккусунун башталышы катары мүнөздөдү. Эл аралык коопсуздук күчөтүнүн басма сөз өкүлү, НАТО генералы Карстен Якобсондун айтымында, согушкерлер бул чабуулу аркылуу “элге көрүнүп коюуну” максат кылгандай:

- Биз бүгүн күбө болгон нерсе - сентябрь айында жасалган чабуулга окшош. Козголоңчулар шаардын борборунан мейманкана же башка жайларга кирип алып, тигил же бул буталарга сокку уруу, же аскерий ийгиликке жетишүү үчүн эмес, элге көрүнүү үчүн гана гранатамёттон башаламан аткылай беришет.

Айтор, кандай болгон күндө да, Кабулдун тургундарын ондогон куралчандардын жакшы эле кайтарылган борборго кирип кетишкени чочутту окшойт.

Бирок НАТО генералы Якобсондун пикиринде, ооган коопсуздук күчтөрү шаарга кирип келген козголоңчулардын жолун бууда жакшы эле жөдөмдүүлүгүн көрсөтө алышты:

- Белги берилгени азыр түшүнүктүү болду. Ал белги мындай - согушкерлер шаарга кире алышат. Алар бүгүн да кирип кетүүсү мүмкүн. Бирок ооган улуттук полициясы алардын колу-буту тушалуу экендигин айдан-ачык көрсөттү.

Расмий маалыматка караганда, уруш учурунда 40тан ашуун адам мерт кетти. Алардын отуз алтысы согушкер, сегизги ооган коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү, үчөө жөн-жай тургундар.

Батышка кулак-кагыш

Бул аралыкта Кабулга кол салган согушкерлерди биротоло жок кылууда НАТОнун тик учактары колдонулганын эске алган батыштык байкоочулар, 2014-жылдын соңунда чет элдик күчтөр Ооганстандан кеткенден кийин ооган армиясы мындай уруштарга өз алдынча туруштук бере алабы же жокпу деп суроо салышууда.

Америкалык “Нью-Йорк Таймс” басылмасы Кабулга жасалган чабуулду “Талибандын Батышка кулак-кагышы”, НАТОнун жана ооган армиясынын жетишкендиктерине болгон ишенимге шек келтирүүгө багытталган аракети деп баалады.

"Рейтер" агенттиги болсо Вашингтондон тараткан анализинде "Талибандын" чечкиндүү чабуулу АКШнын Ооганстан боюнча стратегиясын өзгөртүүсү арсар экендигин белгиледи.

Учурдагы стратегияга ылайык, АКШнын жана НАТО өлкөлөрүнүн көпчүлүк күчтөрү Ооганстандан 2014-жылы ичи кетет.

Ооганстандан чыгуунун чоо-жайы НАТОнун келерки айда Чикагодо өтүүчү саммитинде талкууланары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG