Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:19

Ооган аскерлери он күндөй "Талибанга" ок атпайт


Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана "Талибандын" согушкерлери.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана "Талибандын" согушкерлери.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Орозо айтка байланыштуу “Талибан” менен ок атышууну убактылуу токтотуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Ганинин айтымында, Ооганстандын коопсуздук күчтөрү он күндөй “Талибанга” каршы күрөшпөйт. Негизи исламдагы ыйык орозо айында да Ооганстанда жоочулардын кол салуусу азайбай жатат.

Ооган президенти Ашраф Гани бейшембиде жарыялаган видео кайрылуусунда “Талибан” кыймылын 12-20-июнь күндөрү ок атышууну токтотууга чакырган.

Бул күндөрү Ооганстандын коопсуздук күчтөрү “Талибандын” жоочуларына каршы жортуулун токтотот. Бирок ошол эле кезде өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган куралдуу топко, “Ал-Каидага” жана башка эл аралык террорчуларга каршы күрөш улана берет. Быйыл Орозо айт болжол менен 15-июнда болору күтүлүп жатат.

- Ок атышуунун токтошу "Талибанга" анын кыянатчылыгын ооган элинин жүрөгү кабыл албаганын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет, - деди Ашраф Гани.

Ок атышууну бир тараптуу токтотуу чечими “Хаккани” тобуна карата да кабыл алынган.

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

“Талибандын” маалымат катчысы Забихулла Мужахед “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Ашраф Ганинин ок атышууну токтотуу чечими боюнча суроосуна комментарий берген жок.

Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Жон Николсон да Кабулдун чечимин кубаттап, чет элдик күчтөр да ок атышууну токтотуу чечимин карманат деп билдирди:

- Биз да өлкөнүн ыйык рамазан айын тынчтык менен аяктоосуна аракеттенген Ооганстандын ниетин карманабыз жана жаңжалды токтотуу жолдорун издөөсүн кубаттайбыз.

БУУнун Ооганстанга жардам берүү мииссиясы да президент Ашраф Ганинин чечимин колдоого алды.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон болсо "бул зомбулуктун санын азайтуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүк" деди.

Ашраф Гани "Талибанды" куралын таштап, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого жана саясий партия катары күздө өтө турган парламенттик шайлоого катышууга быйыл февраль айында да үндөгөн.

Жоочулардан ооган өкмөтүн таануу жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоо талап кылынган. Бирок “Талибан” ал чакырыкка кулак салган эмес.

Кабул шаары.
Кабул шаары.

Ооган президентинин Орозо айтты утурлай душмандашууну убактылуу токтотуу жарыясы өлкөнүн Уламалар кеңеши 4-июнда жанкечтилик ислам динине каршы арам иш экенин жарыялагандан кийин чыкты.

Ооган президенти Ашраф Гани бейшембиде жарыялаган видео кайрылуусунда буларга токтолду:

- Уламалардын фатвасында зомбулук жана жанкечтилик исламга каршы, ал гана турсун биздин динде арам экени да белгиленген. Ошондой эле биз фатвадагы жихадды бир гана мамлекет жарыялоого укуктуу деген чечимди колдойбуз.

4-июндагы Уламалар кеңешинин жыйынында “Талибанды” жана башка согушкер топторду ок атышууну токтотууга, тараптарды тынчтык сүйлөшүүлөрүнө отурууга чакырган кайрылуу да кабыл алынган. Ал күнү эки миңдей киши, анын ичинде диниятчылардын, окумуштуулардын катышуусунда жыйын өтүп жаткан имараттын кире беришинде жанкечти өзүн жардырып жиберген. Жардыруудан 14 киши өлсө, жетөө диний кызматкер экени айтылган. Жанкечтинин бул кол салуусу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган.

"Талибан" согушкерлери.
"Талибан" согушкерлери.

Апрелде жазгы чабуулун баштаганын жарыялагандан бери "Талибан" да ооган коопсуздук күчтөрүнө жана кызмат адамдарына каршы кол салууларын күчөткөн.

Кыянатчылыктын деңгээли Ооганстанда орозо маалында да басаңдаганы байкалган жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG