Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:28

Ооганстан: Сангин үчүн салгылаш


“Талибан” Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясына караган Сангин районун толугу менен басып алды. Стратегиялык маанилүү аймакты кайра алуу үчүн ооган күчтөрү колдон келгенин жасоодо.

Талиб согушкерлери бир канча күндүк салгылаштан кийин Сангин районун толук колго алганын 21-декабрда Гилменд провинциясынын губернаторунун орун басары Мохаммад Жан Расулйар билдири. Анын айтымында, согушкерлер аймактагы аскерий жайларга азырынча жете элек жана азыр Сангин үчүн айыгышкан күрөш жүрүүдө.

Губернатор орун басары Расулйар провинция коркунучта калганын, борбордон колдоо келбесе кырдаал мындан да курчушун эскертип ачык кат жазган. Ал анда Ооганстандын президенти Ашраф Ганиге тез арада аскердик жардам көрсөтүүнү өтүнүп, провинция талибдердин колуна өтүү коркунучуна кептелгенин билдирген. Расулйар буга чейинки чакан салгылаштарда эле коопсуздук күчтөрүнүн токсондон ашуун кызматкери окко учканын да айткан.

Гилменддеги соңку окуялардан соң Кабулда улуттук биримдик өкмөтүнүн башчысы Абдулла Абдулла коопсуздук министри менен сүйлөшкөн соң президент Ашраф Ганиге “чукул аракеттер” болорун убада кылды.

Ооган полициясынын Сангиндеги өкүлү Мухаммед Ибрагим ооган күчтөрүнүн колдоосуна муктаж болуп турушканын айтат:

- Биз талибдерди бул аймактан сүрүп чыгуу үчүн күрөшүп жатабыз. Бул үчүн ооган армиясынын колдоосуна муктажбыз. Алар бул жерде калып, бизге жардам бериши керек. Аймак азыр талибдердин кол астында турат.

Сангинде ооган коопсуздук күчтөрү аймакты согушкерлерден кайтаруу үчүн колдон келген аракетин жасоодо. Ооган армиясынын жоокери Вахид Улла Ройтерс агенттигине жеңишке жетебиз деген бекем ишенимде турушканын билдирди:

- Бул аймактагы операцияны ооган коопсуздук күчтөрү жүргүзүүдө. Бизди душмандар жеңе албайт. Биз алардын мизин майтарууга бекем ишенебиз жана мекенибиз Ооганстанды көздүн карегиндей коргойбуз.

Ооганстандын Коргоо министрлиги да Гилменд провинциясында согуш жүрүп жатканын ырастап, бирок ошол эле кезде талибдер оор жоготууга учураганын маалымдоодо. Министрлик 20-декабрда аталган аймакта 150 талиб жоочусу өлтүрүлгөнүн, өкмөттүк күчтөр 11 аскерин жоготконун кабарлады.

Дүйнөдө өндүрүлгөн апийимдин көбү дал ушул Гилменд провинциясында өстүрүлгөндүктөн аймак “Талибан” согушкерлеринин маанилүү тиреги саналат.

Гилменддеги соңку кырдаал өлкө түндүгүндөгү Кундуз шаарында быйыл сентябрь айында болгон окуяларга салыштырылууда. Анда талиб согушкерлери 300 миң калктуу бул шаарды басып алып, үч күн бою кармап турган. Ооган армиясы АКШ аскер күчтөрүнүн жардамы менен калааны бир аптага жакын убакта согушкерлерден бошоткон.

АКШ баштаган эл аралык колаиция Ооганстандагы миссиясын аяктап, өлкөдөн чыга баштаган 2014-жылдын соңунан тарта ар кандай чабуулдар күчөп кетти.

АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрү быйыл жыл башынан бери негизги көңүлдү ооган күчтөрүн машыктырууга жана кеңеш берүүгө бура баштаган. Ооганстанда азыр АКШнын он миңге жетпеген аскери калган. Буга чейин жарыяланган план боюнча, алар да 2016-жылдын аягына карай өлкөдөн чыгып кетүүсү керек.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG