Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

"Талибан" сөзүнө тактоо киргизди


Москвадагы сүйлөшүүгө катышкан “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү.
Москвадагы сүйлөшүүгө катышкан “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү.

Москвада 5-6-февралда Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча эки күндүк сүйлөшүү өттү.

Ага ооган коомунун кадыр-барктуу өкүлдөрү, анын ичинде мурдагы президент Хамид Карзай жана "Талибан" кыймылынын лидерлери катышты. Бирок ооган өкмөтүнөн эч ким келген жок.

Москвада экс-президент Хамид Карзай баштаган делегация, "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү катышкан сүйлөшүү эки күнгө созулду.

Талибдердин өкүлдөрү тынчтык орнотуунун башкы кадамдары жасалышы үчүн Ооганстандан чет элдик күчтөрдүн чыгып кетишине басым жасашууда.

Мухаммад Аббас Станикзай.
Мухаммад Аббас Станикзай.

- Армия боюнча айтсак, биз америкалык тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Биз америкалык аскерлер мүмкүн болушунча эртерээк чыгарылышына аракеттенип жатабыз. Мөөнөттөр так аныктала элек жана алар макулдашылган жок. Бирок биз сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз, - деди "Талибандын" өкүлү Мухаммад Аббас Станикзай 6-февраль күнү кечкурун журналисттерге.

“Талибан” кыймылы ушул эле күнү Вашингтон буга чейин Доха шаарындагы сүйлөшүүдө аскер күчтөрүнүн жарымын апрелдин этегине чейин чыгарып кетүүгө макул болгонун кабарлаган. Бирок бир канча сааттан кийин ал билдирүүгө тактоо киргизилип, сүйлөшүү жүрүп жатканы гана айтылды.

Мамлекеттик департамент 6-февралда Вашингтон Ооганстандагы аскерлердин санын кыскартуу боюнча "Талибан" менен кандайдыр бир шарттарды сүйлөшпөгөнүн дароо жарыялады.

Ушул эле күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстан президенти Ашраф Гани менен сүйлөшкөн сөзүндө ички диалогдун маанилүү экенин белгилеген. Мамдепартаменттин өкүлү Роберт Палладинонун кабарлашынча, Помпео өлкөдө тынчтыкты орнотуш үчүн ооган өкмөтү, талибдер жана башка лидерлер менен чогуу сүйлөшүүсү зарыл экенин кошумчалаган.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн эки жума мурда Катардын борбор шаары Дохада өткөн жолугушуусу алты күнгө созулган.

Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай.
Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай.

Ал эми Москвада экс-президент Хамид Карзай, "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү катышкан жолугушууга азыркы президент Ашраф Ганинин өкмөтү барбаганына карабастан, айрымдар аны "оогандардын өз ара" тынчтык жараянынын бөлүгү катары баа беришүүдө. Мурдагы президент Хамид Карзай жолугушууну "канааттандырарлык" деп мүнөздөдү.

- Кабул өкмөтү бул сүйлөшүүгө катышуусу керек. Биз да алардын бүгүн бул жерде болушун каалайбыз. Бул "Талибан" кыймылы менен ооган өкмөтү ортосунда чечиле турган маселе.

Ал эми ооган өкмөтү алар катышпаган бул жолугушуунун уюштурулушун сындаган. ​

“Талибандын” жетекчилери Ооганстандын өкмөт өкүлдөрү менен түз сүйлөшүүлөрдөн такай баш тартуу менен Кабулдагы бийликти “куурчак” өкмөт деп баалап келатат.

Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп 5-февралдагы Конгресске жасаган жылдык кайрылуусунда АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Дохада жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдү "конструктивдүү" деп мүнөздөп, ал акыры барып Ооганстандагы узакка созулган согушту токтотууга жардам берет деген үмүтүн билдирген.

- Биздин эр жүрөк аскерлер Жакынкы Чыгышта 19 жылдан бери согушуп жатат. Ооганстанда жана Иракта биздин 7 миңдей аскер өлдү. 52 миң америкалык оор жараат алды. Биз Жакынкы Чыгышка 7 триллион доллар короттук. Президенттикке талапкер катары бул маселеге мен жаңыча мамиле жасоону убада кылгам. Улуу мамлекеттер түбөлүк согушпайт.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Ал арада Ооганстандагы кол салуудан эки журналисттин өмүрү кыйылганы тууралуу маалымат тарады. Тахар провинциясындагы “Хамсада” радиосунда иштеген 20 жаштагы Шафик Ария менен Рахимулла Рахмани 5-февралдагы кол салуудан кийин каза табышкан.

Бул окуя үчүн эч бир согушкер топ жоопкерчилик алган жок. Маалыматтарда кабарчыларды эки куралчан адам радионун имаратына кирип келип, атып кеткен.

Бул - жыл башынан бери журналисттерге жасалган экинчи кол салуу. 5-январда Жавад Нури аттуу кабарчы Фарах провинциясында өлтүрүлгөн.

Анда "Талибандын" өкүлдөрү Жавад Нурини өкмөткө иштегени үчүн согушкерлер өлтүргөнүн моюнуна алган.

Чек арасыз кабарчылар тобунун маалыматына караганда, Ооганстанда "Талибан" кыймылы жана "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу журналисттерди бутага алган учурлар көп. 2018-жылы 15 оогандык журналист өлтүрүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG