Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

Кыргыз тилине кимдер чыккынчылык кылууда?


Жаныбек Жанызак
Жаныбек Жанызак

Бардык эле мамлекеттик органдар, өкмөттүн маалымат кызматы баш болуп таратып аткан маанилүү маалыматтар коомчулукка негизинен орус тилинде таркатылат. Кыргыз тилиндеги маалымат каражаттары аларды которууга мажбур. Бул маселе боюнча “Азаттыктын” суроолоруна интернеттеги “Кыргыз гезиттери” маалымат булагынын ээси, журналист Жаныбек Жанызак жооп берди.

- Биринчи суроом, азыр кыргыз тилинде чыккан бардык эле маалымат каражаттары бийликтин маанилүү чечимдерин, өкмөттөн келген маанилүү маалыматтарды которуу менен алек болуп, маалыматтарды тез чагылдырууда артта калып атышат да. Кандай ойлойсуз, эмне себептен бийлик маанилүү маалыматтарды дээрлик ырасмий тилде таркататат? Биздин өкмөттө кыргыз тилинде жаза алчу кадрлар жетишсизби?

- Менимче бул жерде баш мыйзамды жараткандар күнөөлү. Ал жерде жазылып турат “мамлекеттик тилде же расмий тилде” деп. Бул жердеги “же” дегенди алып салыш керек. “Жана расмий тилде” деп жазыш керек. Анан жанагы биздин мамлекеттин башына келгендер бар го, негедир алар маалыматтарынын бардыгын орусча беришет. Өкмөттүн билдирүүлөрү менин электрондук дарегиме жалаң орусча келет. Мен аларды ашатып сөккөнгө чейин барып, анысын артка кайтарып жиберем. Эмне үчүн жанагы жыйырма кыргыз тилиндеги гезит так ошентип артка кайтарып жиберишпейт? Эмне үчүн жанагы жыйырма гезит атүгүл кээде которуп убара болуп отурбастан, ошолордун жиберген маалыматын орусча эле балчайтып бир бетке басып салат? Мына, чыккынчыны биринчи өзүңдөн издешиң керек. Ошол кыргыз гезиттери деп аталгандар өздөрү биринчи чыккынчылык кылып атышат. Алар өкмөттүн ошондой орус тилинде келген маалыматтарын кабыл албай койсо, анда башкача болот болчу.

Биринчиден, мен бул жерде Роза Отунбаевага аябай капамын. Эгер ал өзүнүн басма сөз кызматынын башчысын кыргыз тилин билбеген бирөөнү коюп алса, анда ал кыргыз тили боюнча баш мыйзамды тикелей өзү бузуп атат. Президент Роза Отунбаева баш мыйзамга гарант болушу керек эле да. Мен андан мындайды күткөн эмес элем.

- Жаныбек мырза, балким бул маселени мыйзамдык жол менен чечсе болоттур. Балким буйрук иретинде сөзсүз түрдө ар бир таркатылган маалыматтын кыргызча варианты дагы болушу керектиги тууралуу?

- Орусча таркатылган менен кошо кыргызча варианты дагы, деп мына сиз да биринчи орунга орус тилин коюп алдыңыз. Антип койбош керек. Ошол билдирүү, маалыматтардын бардыгы түпкүлүгүндө кыргыз тилинде жаралышы керек. Баш мыйзам дагы түпкүлүгүндө кыргыз тилинде жаралышы керек. Анан которчулар орусча которуп алышат. Эгер дүйнөлүк маалымат булактары сөзсүз эле кызыккысы келсе, анда алардын бул жакка жиберген кабарчылары кыргыз тилин үйрөнүшү керек. Эгер аларга ал маалыматтар кызык болсо.

Мына ушинтип баштоо керек да. Андай болбой атса, биздин кыргыз тилдүү маалымат каражаттары өздөрү “кыргыз” болушу керек. Намыс деген болуш керек. Уялыш керек да.

- Жанагы суроого жооп берип койсоңуз. Бул боюнча балким кадрлар жетишпей аткандыр деп атышпайбы. Кыргыз тилинде жазган. Буга ишенүүгө болобу?

- Таптакыр ишенүүгө болбойт. Мисалы эски гезитчилерден алайын. Ошол жакта иштеп кетишкендер кыргызча билбейби эмне? Көбү эле билчү кыргыз тилин. Балекеттей эле билишчү, бирок жанагы орусча жазган агымга каршы тура албай эле ээрчип кетип атышат.

Анан ошол өкмөт берген орусча маалыматтарды алып туруп эле кыргыз гезитине балчайтып басып салып атышат. Ай, ким окуйт аны? Эгер ошол маалыматтар кыргыз жарандарына багытталган болсо, анда эмне үчүн кыргыз тилинде жаралбайт ошол маалыматтар. Алардын кылып атканы жөн эле кошоматчылык...

- Жаныбек мырза, а эмне үчүн башкаларды айтпай эле коёлу ошол маанилүү маалыматтарды коомчулукка жеткирип аткан гезит-журналдар, кыргыз тилинде чыкчу маалымат каражаттары бул маселени көтөрбөй атышат?

- Ал гезиттерге мен 100 жолу айттым. Эмне үчүн айтпай, көтөрүп чыкпай атканын билбейт экенмин да. Ушуларда кыргыз сезими жок же мокок...

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG