"Азаттык": Эмилбек мырза, өлкөдөгү эң маанилүү туристтик аймакка - Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп келгениңизге үч ай болду. Ишти эмнеден баштадыңыз?
- Мен бул кызматка күтүүсүз жерден келдим. Мындан 20 жыл мурда Талас, Жалал-Абад облустарына жетекчи болууну сунуштаганда макул болгон эмесмин. Биринчиден, Ысык-Көл облусу - туризмдин борбору, келечектүү аймак. Келип эле "муну кылам", "кыйратам" деп айткан туура эмес. Алгачкы бир ай бул жактагы кадрларды, долбоорлорду карап, кайсыларын ишке ашыра алабыз деген менен эле өтүп кетти. Чоң долбоор бар экен, бирок ошону жүзөгө ашыралы деп турабыз. Бизде ишти ырааттуу улантууга мүмкүндүк бербеген бир жагдай бар - жаңы эле ишке киришкенде же которуласың, же кетесиң. Ошону менен баары чала бойдон кала берет. Көлдүн эли түшүнүктүү келет экен. Мен аларды кабыл ала баштаганда эле айткам, болчу маселени болот, чечилет, болбой турганды болбойт эле дейм. Жөнү жок убада бербейм дегем. Кызматка жаңы келгенде Ысык-Көлдө картошканын баасы түшүп кеткени күтүлбөгөн маселе болду. Себеби, айыл чарба иштерине биринчи жолу туш келдим. Анан чечүү жолдорун карап, дайыма иштешип келген Казакстан, Өзбекстандагы ишкерлер менен байланышып, маселени чечтик.
- “Азаттык”: Облус жетекчиси катары кайсы багыттарга артыкчылык бересиз?
- Туризмге басым жасалууда. Быйылкы сезондун ачылышына карата менде кызыктуу долбоорлор бар. Мисалы, Ысык-Көлдү бойлой келген жолдо даараткана жок. Мен азыр көлдү айланта бардык шарты бар 10 даараткана куруу долбоорунун үстүндө иштеп жатам. Ал комплекстүү жайда кофекана, электромобилдик унааны заряддаган жер, дүкөн, намазканасы бар болот. Орусиялык "Дорхан" деген компания бар, ошолор менен сүйлөшүп жатабыз. Баары даяр алып келинет, кураштырып тургузабыз. Туристтер ар кимден сурап отурбай, телефондон эле каалаган жерине карап бара бериши үчүн QR-коддор коюлат.
- “Азаттык”: Ысык-Көлгө туристтер келиши үчүн жолдор оңолуп, инфрастуралык шарттар болуш керек. Мисалы, көлдүн тескей жээгиндеги жол качан бүткөрүлөт?
- Көлдүн тескей тарабындагы жол - бул чоң долбоор. Мага тоңдуктар "иш жай жүрүп жатат" деп нааразы болуп келишет. Мен аларга түшүндүрүп жатам. Кээ бир саздак жерлерге ташты калың төшөө керек болууда. Эгер шашылсак, жолдун сапаты начар болуп, кийин азабын тартабыз. Күңгөй тараптын жолу Балыкчыдан Корумдуга чейин асфальтталып бүттү. Эми Корумдудан Балбай айылына чейин 82 чакырым жол башталат. Мен жакында жергиликтүү бийликке тапшырма бердим. Жолдун четине чыгып кеткен курулуштарды жылдыргыла деп айтылды. 82 чакырым жолду Кытайдын China Road курулуш компаниясы салат. Андан кийин Балбай - Каракол жолу бүткөрүлөт. Бул жолдор сапаттуу салынышы керек.
- “Азаттык”: Кышкы туристтик сезон аяктап баратат. Жайкыга даярдыктар кандай? Быйыл эмне жаңылыктарды киргизе аласыздар?
- Март айында Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт ачылат. Сапаты, менимче, жаман эмес. Былтыр 1 миллион 3 миң турист келди. Бул аз. Жок дегенде 3 миллион турист келиши керек. Бирок буга биздин эл даяр туруп, инфраструктура мыкты болушу керек. Биз шарт түзүп беришибиз керек. Мына жакында Чолпон-Атадагы пансионаттын ээлери менен жолуктум, сезон башталганча даяр болгула, эки ай калганда чуркабагыла деп айттым. Ошону менен бирге көлдүн экологиясын дагы ойлобосо болбойт. Мындан улам көлдү таза кармаш үчүн Балыкчыдагы эко-постту кайра ишке киргизүү сунушун Министрлер кабинетине бердим. Негизи идея жакшы, убагында акча адамдардын чөнтөгүнө түшүп кетип, анан жабылган. Эми көлдүн экологиясын ойлогон адам 50 сомду салып койсо, ошол акча менен көлдү таптаза кылып кармасак, жакшы эле болбойбу… Азыр анын долбоору түзүлүп жатат, реконструкция кылабыз, оңдойбуз. Ал жерге эч кандай адам турбайт, телефон же карточкасы менен төлөм кабыл алына турган кылып жасайбыз.
“Азаттык”: Ысык-Көлдөгү эң ири долбоор - "Асман" шаары салынат деп өлкө жетекчилиги былтыр пайдубалын түптөгөн. Бирок андан бери курулуш жүрбөй турат. Эми иш качан башталчудай?
- "Асман" шаарынын идеясы абдан жакшы болгон. Эки чоң компания шаарды курабыз деп сүйлөшкөн. Учурда инвесторлор кандайдыр бир себеп менен кармалып жатат. Негизи көлүбүзгө кызыккандар өтө көп. Жакында эле Түштүк Кореядан бизге Михайловка айылына шаар курабыз деп эки миң гектар жер сурап келишти. Мен аларга "Асман" шаарын курбайсыңарбы деп сунуш айтып көрдүм. Атайын шаар үчүн бөлүнгөн 4700 гектар жер даяр турат. Дагы бир жагдай - шаар курардан мурда ал жерге завод керек. Мен орусиялык "Дорхан" заводу менен сүйлөшүп жатам. Алар металл куюучу заводду биргелешип куралы дейт. Эгер макулдашсак, “Асман” шаарына салынса, жакшы болмок.
- “Азаттык”: Буга чейин Бишкек шаарында мэр болдунуз. Абдан чоң дымак менен келдиңиз эле. Көлгө которулуп кеткениңиздин себеби эмне болду?
- Мен Бишкекте мэр болуп иштеп турганда өзүм айткан долбоорлордун көбүн аткардык. Мектептер салынды, канча жылдан бери түтөп турган таштанды полигону тосулду. Миң автобус келди, жолдогу тыгын азайды. Менин шаардагы пландарым көп болчу. Бишкектеги 5-6 негизги чоң көчө талкаланып калган. Биз аларды эки тилкеге чоңойтолу деп пландаганбыз. Ошондо беш чоң көчө жасалмак. Бирок бул өлкө жетекчилеринин чечими. Мүмкүн, мен көлдөгү чоң долбоорлорду ишке ашыруу үчүн керек болдум. Бишкек шаарынын тургундарына ыраазымын. Бул жакка которулуп кеткенимде социалдык тармак аркылуу оң баа бергендер абдан көп болду. Мени убагында жамандап жазгандар кайра жакшы тилектерин айтышты. Башында кылып жаткан иштер элге көрүнбөйт деп ойлочумун. Азыр оюм өзгөрдү.
- “Азаттык”: Бирок Ысык-Көлгө которулгандан кийин сиздин ишиңизге ичи чыкпагандар да болуп жатат. Жогорку Кенеште сын айтылды. Балким, чындап эле кемчиликтер кетип жатабы?
- Азыр кемчилик кетиргенге убакыт боло элек. Жогорку Кеңештен Балбак Түлөбаев иним "эмнеге шаардын башкы планын алып келбейт?" деп сындады. Ал өзү бул жакта үч ай иштеп кеткен, бирок башкы планды биз эмес, курулуш башкармалыгы бекитет дегенди түшүнбөй калды. Мен ал киши менен сүйлөшүп, туура эмес сүйлөгөнүн айттым эле, эртеси парламентте айткан сөзүн кайра алды. Менден дагы кечирим сурады. Андан башка депутаттардан жаман сөз уккан жокмун. Мен азыр дем алышсыз иштеп жатам. Буюрса, негизги эки чоң долбоор ишке ашат. Ага эл жакында күбө болот.