Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Абактан чыккан активист кайра камалды


Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Бишкек шаардык соту жарандык активист Зарина Төрөкуловага өкүм чыгарып, ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту январь айында Зарина Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон эле.

Активисттин жактоочусу Акмат Алагушев Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрыла турганын билдирди.

“Шаардык сот Биринчи май райондук прокуратурасынын арызынын негизинде Төрөкуловага берилген пробациялык мөөнөттү жокко чыгарып, калган беш жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды. Төрөкулова сот залынан камакка алынды”, - деди Алагушев.

Сот чечими боюнча Бишкек шаардык соту маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Зарина Төрөкулова “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалганын былтыр 11-сентябрда билдирген. Активист "социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган" деп айыпталып, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси менен иш козголгон.

Анда жактоочу Кантемир Турдалиев Төрөкулова Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан башка адам экенин билдирген.

Буга чейинки сотто айыптоочу Зарина Төрөкулова Фейсбуктагы “Умай Аруу” аттуу аккаунттан эки маалымат бөлүшкөнүн айткан. Анын бири - “Жапаров мафия”, экинчиси - "онлайн митинг уюштурабыз" деген билдирүү. Бул материалдарга байланыштуу экспертиза жүргүзүлгөн.

47 жаштагы Зарина Төрөкулова сотто “Азаттыктын” суроосуна кыскача жооп берген учурда бул иштерди "душмандары уюштурган саясий буюртма” деп атаган.

“Бул жактагы прокурор дагы, сот дагы саясий заказ деп коркуп жатабы, билбейм, мага эки чоң берене менен айып коюп жатат. Эми калганы териштирүүнүн жүрүшүндө билинет. Мен “Умай Аруу” деген аккаунттун постун бөлүшкөм. Ал жерде Олжобай Шакирдин видеосун эле кайра жөнөткөн болчумун”, - деген Төрөкулова.

Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган.

Ал буга чейин “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан.

Пробация менен чыгып, кайра камалгандар

Кыргызстанда пробация менен эркиндикке чыгып, бирок көп өтпөй камакка алынган окуялар буга чейин да катталган.

Өткөн жылы декабрь айында Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек "пробация көзөмөлүнүн эрежесин бузду" деген негизде кайра камакка алынган болчу. Буга Балтабайдын Сокулуктан Бишкекке барганы себеп болгон.

Адилет Балтабай алгач 2022-жылы 30-июнда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө суракка чакыртылып, соттун чечими менен камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Жапырт башаламандык") боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алдында жарандык активист бийликке сын айтылган акция, митингдерге катышып, жеринен социалдык түйүндөрдө түз эфирге чыгып жүргөн.

Ошол эле жылы 11-ноябрда Биринчи май райондук соту Адилет Балтабайды күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулган.

Ал эркиндикке чыккандан кийин Кемпир-Абад иши менен камалгандарды колдогон пикирин билдирип, алардын жакындары уюштурган акцияга да барган. Бул кадамы пробациянын эрежелерин бузуу катары эсептелип, 2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык сотунун чечими менен кайра камалган. Жазасын №27 абагынан өтөй турган болгон.

Адилет Балтабай Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылып, үй-бүлөсүн карай турган жалгыз киши экенин айткан жана абактан бошотууну өтүнгөн. Жогорку Сот 19-апрелде анын арызын канааттандырган. Үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырган.

Адилет Балтабай өткөн жылдын октябрь айынын башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) атайын операциясы маалында криминалдын анабашы аталган Камчы Көлбаев жок кылынгандан кийин социалдык тармактагы баракчаларына түз эфирге чыгып, окуя боюнча пикирин билдирген. Кийин аны УКМКнын кызматкерлери суракка алып, Көлбаевге байланыштуу суроолорго жооп бергени айтылган.

Исаков үй камагына чыкты

Кыргызстанда социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн саясатчылар, активисттер буга чейин да сот жообуна тартылган. Аларга негизинен Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен иш козголуп келет.

Камалгандардын бири, “Бийликти күч менен басып алууга чакырык” деген айып менен кармалып, тогуз айдан бери тергөө абагында отурган активист Гүлжигит Исаков 5-апрелде үй камагына чыкканы маалым болду.

Гүлжигит Исаковдун бөйрөгү ооруп жатканына байланыштуу активисттин адвокаттары сотко аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн беришкен. Бирок сот мурдагы жараяндарда өтүнүчтү четке кагып келген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен былтыр 5-июнда жарандык активист Гүлжигит Исаковду, "Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматованы, жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаевди жана дагы эки кишини камакка алган.

Алар "чет элдик булактардан акча алып, бийликти басып алууга даярдык көргөн" деп айыпталган жана УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин кармалгандардын экөө үй камагына чыкканы маалым болгон.

Учурда иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Гүлжигит Исаков Фейсбуктагы баракчасында бийликти байма-бай сындап келген. Ал кыргыз-өзбек чек ара келишими, салык саясаты, коррупция менен күрөшүү сыяктуу маселелерде ой-пикирлери менен бөлүшүп турган.

XS
SM
MD
LG