Эл аралык Эмгек уюмунун соңку баяндамасында белгиленгендей, жумушсуздуктун көрсөткүчтөрү эмгек базарындагы жаңы жараяндарга жана дүйнө өкмөттүрүнүн экономиканы жандандыруу боюнча аракеттеринин натыйжасы менен убактысына көз каранды. Азыр болсо дүйнө иш кризисине да кабылды.
Уюмдун эң эле оптимисттик божомолдору боюнча иштен айрылгандар саны быйыл дүйнөдө 18 миллионду түзөт. Бул эгер дүйнө өкмөттөрүнүн экономиканы стимулдаштыруу боюнча шашылыш чаралары өсүшкө жардам бере алган шартта гана.
Кокус кризис азыркыдай ыргакта улана бере турган болсо, жумушсуздар саны 51 миллионгө жетүүсү ыктымал. 51 миллион - жумушсуздуктун дүйнөлүк көрсөткүчү 7,1%ды түзөт дегендик.
Лауренс Жонсон (Lawrence Johnson) - Эмгек уюмунун баяндамасын даярдаган негизги авторлордун бири:
-Биз 1991-жылдан берки эсептөөлөрдү кароодобуз жана бул - салыштыра келгенде жумушсуздар санын эң көпкө көбөйүүсү. 2007-жылы дүйнөлүк деңгээл 5,7% болгон. Эгер баары тескери багытта кетсе, бул көрсөткүч быйыл 7,1%га чейин чыгуусу мүмкүн.
Эмгек уюмунун баяндамасында белгиленгендей, 2008 –жылдын жыйынтыгы боюнча жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Түндүк Африка
(10,3%) менен Жакынкы Чыгышта (9,4%), эң төмөнкүсү Чыгыш Азияда (3,8%) катталды.
Баяндамада Борбор Азия өзүнчө бөлүп көргөзүлгөн эмес. Ал Борбордук, Түштүк –Чыгыш Европа чөлкөмү (Евробиримдикке кирбеген өлкөлөр) жана КМШ өлкөлөрүнүн алкагында каралган. Эмгек уюмунун эсебинде, бул аймакта өткөн жылы жумушсуздар ишке жарамдуу калктын 8,8%ын түзгөн. Евробиримдикте болсо былтыр эле 900 миң жумушчу орун кыскарды.
Эл аралык эмгек уюмунун эксперттеринин пикиринде, эмгек базарындагы кризистен ириде өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жабыр тартат. Быйыл күнүнө 2 долларга жетпеген акчага жан сактоого аргасыз болгондордун саны 1,4 миллиард кишиге чейин жетүүсү мүмкүн. Бул - дүйнөдөгү жумушчу күчүнүн 45%ы.
Ал эми Борбордук жана Түштүк - Чыгыш Европа, КМШ өлкөлөрү кирген аймакта жумушсуздуктун көрсөткүчү быйыл эң жогору дегенде 9,8%га чейин чыгып кетүүсү ажеп эмес. Бул цифра четте ишин жоготуп, мекенине кайтууга аргасыз болгон мигранттар эсебинен да көбөйүүсү мүмкүн. Эл аралык Эмгек уюмунун эксперти Лауренс Жонсон мындай дейт:
-Бул - биз билген маселе. Жеке адамдар Европанын башка бөлүктөрүндө да иштен ажыраганда акчасын сакташ үчүн мекенине кайтууну көздөшү мүмкүн. Бул чөлкөмдө жумушсуздуктун 8,5%дан 9,8%га көтөрүлүүсү, жумушсуздардын саны 15 миллиондон 18 миллионго чыгарат.
Анын үстүнө азыр анык болуп калган бир нерсе – иштен массалык бошотуулардын толкуну Чыгышты көздөй жайылууда. Лондондогу "Capital Economics" консалтинг компаниясынын Чыгыш Европа боюнча адиси Нейл Ширингдин (Neil Shearing) айтмында, маселен Балтика өлкөлөрүндө жумушсуздук быйыл 15%дан ашып кетүүсү мүмкүн. Болгария,Румыния, Украинада да ушуга окшогон кырдаал:
-Биринчи кезекте курулуш менен өндүрүш катуу сокку жейт. Акыркы айларда Батыш Европадан суроо талап азайганынан улам өнөр-жай буга чейин эле кыйраган. Бирок менимче рецессия акыр –аягында бул аймактын экономикасынын баардык чөйрөсүн камтыйт.
Мындай жагымсыз көрүнүштү Эл аралык валюта корунун соңку божомолу да бекемдөөдө. Валюта корунун айтымында, быйыл дүйнөлүк экономика дээрлик өспөйт. Башкача айтканда былтыркы өсүш 3,4% деп эсептелсе, быйыл дүйнөлүк өсүш 0,5%гана болот. Бул - Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң жаман көрсөткүч. Ал эми Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүндө экономика валюта корунун соңку божолмолу боюнча 0,4%га өсмөкчү. Орусиянын экономикасы былтыр 6%га өссө, быйыл болгону 0,7%га жогорулайт.