Ооганстандагы АКШ жетектеген антитеррордук күчтөр колдонуп келген “Манастагы” америкалык аскер базаны Кыргызстандан чыгаруу жөнүндөгү расмий Бишкектин чечими NYT гезитинин 12-июнь күнү жарыяланган макалага гүлазык болгон.
“Кыргызстан АКШнын аскердик базасын чыгаруу чечиминен кайтпай турганын билдирүүсү аркылуу, президент Обаманын кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө кайрылуусун четке каккандай болду” деп айтылган макалада, феврал айында президент Курманбек Бакиев 2 миллиард доллар берем деген Орусиянын таасири менен “Манастагы” аба базаны чыгарып жиберүү тууралуу чечим кабыл алганы эске салынат.
11-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин “расмий Бишкек “Манастагы” аба базаны чыгаруу тууралуу чечиминен кайтпайт” дегени белгиленген макалада, базанын жабылышы - Ооганстандагы антитеррордук өнөктүккө терс таасирин тийгизери бышыкталат.
“Кыргыздар Обамага “нет” деди деп жазат бул темага арналган макаласында Wall Street Journal. Обаманын дипломатиялык харизмасы Кыргызстанда ишке жарабай калды. “Февралда Орусиядан 2 миллиард доллар жардам убадасын алып, кыргыз президенти Бакиев Москвадан 18-августта АКШнын базасы чыгарыларын айтты. Обама өткөн аптада Бакиевге кат аркылуу кайрылып, баазаны жабуу тууралуу чечимин кайра карап чыгуусун өтүндү. Бирок Кыргызстандын тышкы иштер министри Сарбаев “Манастагы” аба базаны жабуу тууралуу чечимден кайтууга болбойт” деп Бишкектин жообун бере салды” деп айтылат макалада.
Гезитте жарыяланган дагы бир макалада “Кыргызстанда өкмөттүн саясатын сынга алган журналисттер биринин артын бири улай же камакка алынууда, же жөн эле дарексиз жоголуп кетишүүдө” деп жазылат. Журналист Сыргак Абдылдаевдин окуясы мисалга тартылган макалада “мындан көп илгери эмес, жакында эле Борбор Азиядагы демократиянын аралы катары бааланган Кыргызстанда иштер алмашууда. Президент Курманбек Бакиев өлкөсүн кайрадан Москванын караңгы орбитасына которуп жатат. Ал февралда “Манастагы” АКШнын аба базасын чыгаруу тууралуу чечимин жарыялады жана Орусияда болгон өңдүү Кыргызстанда да саясий эркиндиктер чектелүүдө” деп баяндалат.
Лондондогу "Economist" аттуу жумалыгынын кезектеги санында Пакистандын Сват өрөөнүндө талиптерге каршы жүргүзлүп жаткан согушта өлтүрүлгөн же колго түшүрүлгөн согушкерлердин арасында өзбек улутундагылар да бар экени тууралуу Пакистандын бийлиги жарыялаган маалыматтар талдоого алынган. Талиптер таасирин түштүккө - Исламабадга карай гана эмес, түндүккө - Кохистан жана Малакандка, Пакистан-Кытай чегарасына, атүгүл тоолуу Тажикстандын аймагына карай да жайып жатышканына көңүл бурулган макалада, бул жагдай өзүнүн ичинде да мусулмандардын баш көтөрүүсү менен бетме-бет Кытайдын тынчын алып жатканы бышыкталат.