Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:42

Эл үнү: Экстремист деп камалгандар, президентке кайрылгандар...


“Азаттык” үналгысынын “Эл үнү” уктуруусуна өлкөнүн ар кыл аймактарынан, ар кыл адамдар аркыл маселелер менен кайрылышат. Төмөндө алардын айрымдарынын ой-пикирлери, айтайын деген көйгөйлөрү менен тааныштырабыз.

Дилмурат ажы Орозов, Жалал-Абад шаарындагы “Таза дин” кыймылынын лидери:

- Акыркы күндөрү Жалал-Абад шаары менен Өзгөн районунда күч органдарынын атайын операцияларынын негизинде бир канча террорчулар жок кылынып, арасында айрымдары колго түшүрүлдү. Буга байланыштуу мен “Таза дин” кыймылынын карманган позициясын билдирип коюуну чечтим.

Эч качан жакшы иш жамандык аркылуу ишке ашырылган эмес. Пайгамбарыбыз Мухаммад салло-аллаху-вассалам дагы эч качан кайсы бир элди айыпсыз басып алууга, ал элге карата жамандык кылууга үндөгөн эмес. Бир душман келип мусулмандарга катылган күндө да пайгамбарыбыз сахабаларына буйрук кылып, тынчтыкта жашоого чакыргыла, эгер ага да көнбөй силерге каршы согуш ача турган болсо, ошондо гана коргонгула деп айтчу экен.

Бүгүн биздин мамлекетибиз жана биздин күч органдарыбыз пайгамбарыбыздын хадисине ылайык иш жүргүзүштү. Кыргызстанга куралчан кирген адамдар болсо ошол хадиске каршы иш жасашты. Колунда куралы бар адам бир мамлекетке эч качан жакшылык ниети менен кирбейт.

Ошондуктан биз элди-журтту ойлонуп иш кылганга чакырып кетет элем. Көчөдө жүргөн, айылыңарга келип калган чоочун, шектүү адамдарга абайлап мамиле кылып, алардын эмне себеп менен айылыңарга келип, эмне кылып жүрүшкөнүн билип тургула демекчимин. Бул – эл-журттун тынчтыгын сактаганга жардам берет.

Асель Шаршенова, Бишкек шаарынын тургуну. Ал - төрт ай мурда коопсуздук кызматтары анын күйөөсүн кармап кетишкенин, “Хизб-ут-Тахрир” тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүн жүргүзгөн деген айып менен күйөөсү 7,5 жарым жылга соттолгонун, өзү болсо үч баласы менен кыйналып турганын айтат:

- Менин күйөөмдү ушул жылдын 9-апрелинде коопсуздук кызматкерлери кармап кетишкен. Үйдөн алар дисктерди табышыптыр, “Хизб-ут-Тахрирге” тийиштүү делген. Ал дисктерди үйдөн көргөн эмес элем, кайдан табылып калды деле билбейм.

Анан Токмок шаардык соту төрт берене боюнча соттоду. Башында 15 жыл берди, анан кийинчерээк үч баласы бар деген жүйө менен 7,5 жыл беришти. Мен муну туура эмес деп ойлойм. Анткени прокурор, коопсуздук кызматкерлери деле өздөрү менин күйөөм жанагы дисктерди таркаткан эмес деп айтышкан. Анан бир берене боюнча, “Хизб-ут-Тахрир” партиясында турганы үчүн аны үй камагына эле чыгарат деген ойдо болчубуз. А сот болсо анын үстүнө бир берене кошуп, ушунча жылга соттошту.

Азыр биз адвокатыбыз менен облустук сотко арыз жазып атабыз. Сот адилеттүү чечим кылып, чыгарып берет го деп үмүт кылам. Анткени менин күйөөмдө күнөө деле жок. Акыркы жолу аны “Хизб-ут-Тахрирде” жүргөнү үчүн 2004-жылы бир жолу соттошкон болчу. Ошондон кийин аны туугандары урушкан, ташта мунңду деп. Ошондон кийин ал андай иштерди таштаган болчу.

Менин күйөөмдү кармап кетишкенден кийин үйүмө коопсуздук кызматынын 9-бөлүмүнүн кызматкерлери келип, үйдөгү инимди кармап кетебиз деп коркутушту. Инимди мен балдарга каралашсын деп гана чакырган болчумун, ал өзү намазды деле окубаган жөнөкөй бала.

Коопсуздук кызматкерлери иниме “биз сени үч күн камайбыз, эгер сен “Хизб-ут-Тахрирде” болсоң, анда сен да кетесиң дешти. Мен болсо кошуналарды чакырып, алар кыйкырып атып инимди алып калышкан. Ошондо ал адамдар мени коркутуп, “эгерде сен буларды бирөөгө айта турган болсоң, анда жаман болосуң, каналдан табылып калышың да мүмкүн” деп коркутушкан.

Алар дайыма эле үйгө келип, санкциясы жок эле жөнү жок үйдү текшере беришет. Тынчтык беришпейт. А мен балдарым менен үйдө отурам, күйөөм болсо камакта, же мыйзамдарды, укуктарды жакшы билбейм. Эмне кыларымды да билбей калдым. Каякка барарымды билбей калдым. Прокуратура тияк-биятардын баарына арыз жаздым, бирок буларга чара көрчү эч ким жок. Мамлекетибиз ушундай нерселерге көңүл бурса жакшы болот эле.

Исаев Адилет, Түп районунун тургуну:

- Мен Түптөгү бир окуя тууралуу айтып коеюн деп силерге келдим. Ушул жылдын 17-июнунда Насырбек Байышев менен Нурмат Асаналиевди милиция кызматкерлери келип, эч кандай санкциясы жок эле үйлөрүнөн салып кетишкен. Аларга экстремисттик “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын өкүлдөрү деген айыптарды коюп атышат.

Алар кандай партияда болгон күндө да алардын укуктары сакталышы керек эле. Бирок алардын жаран катары укуктары тепселип атат. Андан тышкары милиция Асаналиев Нурматты үйүнөн салып кетип атканда аркасынан чыккан аялынын бутун машине менен тепселеп кетишкен.

Насырбек Байышевдин алты баласы, кары ата-энеси бар. Нурмат Асаналиевдин жети баласы бар. Бүгүнкү күндө алардын балдары кароосуз калышты.

Эсенаалы Исаков, Кант районунун Биринчи май айылынын тургуну, 78 жаштагы ардагер:

- Азыр президенттикке алты талапкер ат салышып атпайбы. Ошолордун бардыгынын программаларын окуп көрдүк. Эл арасында азыр Бакиев менен Атамбаевдин ортосунда чоң кармаш болот деп айтып атышат.

Мен Курманбек Бакиевдин өзүнө кайрылып коеюн дедим эле.

Айланайын Курманбек, сенин жаныңда жанагы Акаевдин жанында мурда жүргөндөр отурат. Сен ошолордон кутула албай койдуң балам. Булар сенин адамдук сапатыңды сыйлашкан жок. Булар өздөрүнүн эптеп топтоп алган мүлкүн, байлагын сакташ үчүн сени калп эле колдоп, коргоп атышат.

Сенин аракетиңди көрүп атабыз балам. Сен элге жакшылык кылайын деп эле атасың. Ошко тиякка-биякка чуркап атасың жаныңдын барынча. Бирок мен айтып коюшум керек, ушул бойдон кете берсе сенин эмгегиң текке кетет балам.

Эми сен мындай кылсаң балам. Мына мисалы Орусиянын Ельцинин алсак. Карачы, жаш, күчтүү саясатчы Путинди коюп туруп, өзү чыга берди. Ошонусу менен тарыхта калды.

Эгерде шайланып калсаң, сен деле бир жаш баланы колго ал. Эч кандай Акаевдин же өзүңдүн учуруңдагыларды албай, бир жаш баланы колуңа ал. Ошону беш жыл байкап, анан өзүң четтеп кетсең туура кылган болосуң. Ошондо сен анык кыргыздын уулу болот элең. Сен ушуну унутпа балам.

Сен президент болгондо мен сени колдогом. 15-августтагы иннаугурацияңа да келгем, батамды да бергем. Бирок сен ошол кезде берген убадаларыңдын баары аткарылбай жатат балам, дагы бир жолу айтайын аткарылбай атат. Ошондуктан балам, деги акылың бар, ойлонуп көр!

Мурат Маматов, Баткен облусунун Самаркандек айылынын тургуну:

- Биздин Самаркандек айылында суу көйгөйү бар да, жетишпейт суу. Президент менен жолугушканда айтайын десем, органдын адамдары менен губернатордун кишилери айттырбай коюшту. Кейпи алар губернаторду жамандайт дешти го. Атайын адамдарды дайындашкан экен, алар айттырбай коюшту.

Самаркандек айылына каналдан бир куб суу келет. Жолдон ал сууну эки айыл ичет. Бизге жетпей калат. Мен президенттен ушул каналды чоңойтуп бергиле деп сурайын дегем. Мени ошол жердегилер бийликти жамандайт деп ойлоп, анын адамдары жолотпой коюшту.

Президент жолугушууга келгенде атайын үйрөтүлгөн дүжүр адамдар Бакиевди чегинен чыга, аша чаап макташты да. Мактоо деле чеги менен болуш керек да. Жөн эле аны баатырларга теңеп, Манас менен Курманбек баатырлардай макташты да.

XS
SM
MD
LG