Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:41

Украинанын учурдагы башкы кишиси


Улуттук банктын мурдагы башчысы Сергей Тигипко Украинада учурдагы "эң маанилүү адамга" айланды.
Улуттук банктын мурдагы башчысы Сергей Тигипко Украинада учурдагы "эң маанилүү адамга" айланды.

Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында экс-банкир Сергей Тигипко шайлоочулардан 13 проценттей добуш алып, үчүнчү орунга чыккан эле. Азыр ал өлкөнүн мындан аркы тагдырын аныктай турган башкы адамга айланды.

Шайлоонун жыйынтыктары дайын болор замат эле Юлия Тимошенко улуттук банктын мурдагы башчысы Сергей Тигипкого келечектеги өкмөтү жетектөөнү сунуш кылган эле.

"Премьер-министрден ушундай таклип алганым чын", -деп бышыктады муну Тигипко өзү. "Азырынча сүйлөшүп бүтө элекпиз, бирок мен эки талапкердин эч кимисин колдобойм деп дароо эле айттым. Азыр да ошол пикирде турам",- деп кошумчалады экс-банкир.

Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович менен Тигипконун ортосунда кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгон-болбогону белгисиз. Бирок Янукович бир катар жерлерде болуп келген соң биринчи айлампада чийинден чыгып калган талапкерлердин шайлоочуларын Тимошенко кандай айлага салса да өз тарабына тарта албайт деп ырастады.

"Тимошенко эми Тигипконун шайлоочулары менен өз оюнун баштады, бирок бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында премьер-министрден көңүлү калгандар өтө эле көп. Ушундан улам анын 7-февралда президент болуп шайланышына эч кандай огожо жок", - деп айтты Янукович өз байкоолорун ортого салып.

Тимошенко болсо ага чейин эле Януковичти "кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү" таризде атап, анын "президент болгонго кенедей да мүмкүндүгү жок" деп кескин кайрып, кесе тыянак чыгарып койгон эле.

Эки талапкер мурдагы атаандаштарынын шайлоочуларын талашып, ооз жүзүндө "колок атып, жаа тартышып" жаткан кезде коомдук пикирдин билермандары эмдиги айда саясий ыкыбал кимге жылмайарын алдын-ала билгенге аракет кылышты. Киевдеги эл аралык социология институту, маселен, Тимошенкого караганда Янукович 15 процент ашык добуш аларын аныктады. Социологдор 7-февралда добуш бергени жалпы шайлоочулардын 74 проценти келиши ыктымал, алардын 56 проценттейи Януковичке, 40 процентке жакыны Тимошенкого бүллүтөн салышы мүмкүн деп эсептешет.

Биринчи айлампа алдында өткөрүлгөн иликтөөлөрдүн көбү айрым бир жаңсак кеткен жактарына карабастан жалпысынан туура чыкты. Социологдордун "көрөгөчтүгү" бул жолу акталабы-жокпу, шайлоонун экинчи айлампасы көрсөтөт.

Байкоочулар февралда ким президент болсо да Тигипконун саясий ташы өргө куларын айтып жатышат. Анын "Күчтүү Украина" партиясы калк арасында жетерлик тарапкерлерин тапты. Аны колдогон шайлоочулар Тигипкодон баарыдан мурда көзгө түшкөн коноктой болуп элди тажатып бүткөн туштагы саясатчылардан айрымалуу жаңы ысымды көрүштү.

Эксперттерге Тигипконун учурдагы позициясы да кынтыксыздай көрүнөт. Боло элек өкмөттө насыя кызматка дама кылгандан көрө жергиликтүү бийликтерге быйыл жазда боло турган шайлоодо Киевдин шаар башчылык мандатын утуп алганга анын жетерлик мүмкүндүгү бар, мындай учурда ага дагы төрт жылдан кийин өлкөнүн президенти болгонго аңгире жол ачылат дешет.

XS
SM
MD
LG