Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Пакистан президенти Лондондо


Пакистан президенти Асиф Али Зардари Париждеги маалымат жыйыны маалында. 2-август, 2010-жыл.
Пакистан президенти Асиф Али Зардари Париждеги маалымат жыйыны маалында. 2-август, 2010-жыл.

Британияда Пакистан президенти Асиф Али Зардаринин ырасмий сапары башталды. Бул сапар Лондон менен Исламабад ортосундагы дипломатиялык жаңжалдын маалында болуп отурат. Британ премьери Дэвид Кэмерон жакында Индияда болгон кезде Пакистан экстремисттик күчтөргө каршы күрөштө чечкиндүүлүгүн көрсөтпөй жатканын белгилеп, Исламабадды "терроризм экспортун" токтотууга чакырган эле.

Дэвид Кэмерондун бул пикири Исламабадда нааразылыктын чоң толкунун пайда кылды. Өлкөнүн мекемелер аралык чалгындоо кызматынын (ISI) башчысы өткөн дем алыш күндөрү Лондонго белгиленген сапарынан баш тартты. Маалымат каражаттары, айрыкча экс-премьер-министр Наваз Шариф жетектеген оппозициянын өкүлдөрү ушундай маалда президент Зардаринин Британияга барганы жатканын Пакистанды мазактоо катары баалашты.

Зардаринин маалымат катчысы Фархатулла Бабар британ премьери башка бир жерде эмес, дал "Индияда жүргөндө Исламабадга жагымсыз сөздөрү айтканы пакистандыктарды нааразы кылганын" бышыктады, бирок президенттин Лондонго пландалган визитин токтотуу талабын четке какты.

Маалымат министри Заман Каир да бул сапар маалында президент Зардари терроризмге каршы күрөшкө Исламабад кандай салым кошуп жатканын Кэмеронго "реалдуу фактылар" менен бышыктап берет деп ишенет.

Лондондогу "Чатем-хаус" аналитика борборунун эксперти Фарзана Шейхтин айтымында, эки лидер ортосундагы сүйлөшүүлөр жеңил-желпи болбойт. Лондон Зардаринин атайын түшүндүрмөсүнө муктаж эмес, анын үстүнө Кэмерон айткан сөздөрүн кайра албай турганын ырастаган. Ошентсе да Зардари Лондондо Кэмеронго пакистандыктардын нааразылыгын жеткиргенин көрсөткөн айрым бир маалыматтар менен өз жерине кайтышы ыктымал.

Зардарини Пакистанда ансыз деле суу ташкынга байланыштуу коомдук сын маанай күтүп турат. Табигый кырсык каптаган райондордо калк тийиштүү жардам жетпейт жатканына, чиновниктер аларга колдоо көрсөткөнгө ашыкпай отурганына жаалданып, өкмөткө каршы жыйындарды өткөрүп жатышат. Улуттар Уюмунун эсептеринде ташкын суудан жапа чеккендер саны үч миллиондон ашып түшүшү мүмкүн.

Зардари өз элинин ачуусун басканы Лондондон материалдык кандайдыр бир көмөк алганга аракет кылышы ыктымал. Британиянын борборуна келерден мурда ал Парижде болуп, француз президенти Николя Саркози менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн эле. Бул сапары үзүрлүү болгонун белгилеп, Зардари: "Пакистан маселелерин, проблемаларын – терроризмби же суу ташкынбы – Саркози жакшы түшүнө турганын көрсөттү. Саркози –дүйнөлүк лидер, андыктан Пакистанга жардамдашуу керектигин жакшы сезет", -деп билдирди.

Байкоочулар Зардари Лондондон мекенине кайтып баратып британ премьеринин атына да ушундай ыраазылык сөздөрүн айтып калышы ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG