Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Британия “асылма парламентти” алчудай


Британиянын ири үч партиясынын лидерлери Дэвид Камерон, Гордон Браун, Ник Клегг.
Британиянын ири үч партиясынын лидерлери Дэвид Камерон, Гордон Браун, Ник Клегг.

Учурда Британияда кечээги тарыхый парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылып жатат. Өлкө бул ирээт “асылма парламент” деп аталып калган көрүнүшкө кабылчудай. Мындай кырдаал Британияда 1974-жылдан бери түзүлө элек болчу.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы азырынча толук чыга элек. Бирок шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун же эксзит-полдордун көрсөткүчтөрүнө караганда, Дэвид Камерондун оппозициядагы Консервативдик партиясы парламенттеги эң чоң саясий күчкө айланат.

Божомолдор ырасталса консерваторлорго парламенттин төмөнкү палатасындагы 650 орундун 305-307си тийиши мүмкүн. Соңку он үч жылдан бери бийликте турган Лейбористтик партия 255 орун, ал эми шайлоо өнөктүгүн мурда күтүлгөндөн ийгиликтүү жүргүзгөн Либерал-демократиялык партия 59 орун алуусу ыктымал. Калган 29 орун башка майда партияларга тийчүдей.

Оппозициядагы консерваторлор бийликтеги лейбористтерден 7%дай алдыда экенин добуш берүүгө чейинки сурамжылоолор да көргөзгөн эле. Бул партиянын лидери Дэвид Камерон өлкөгө өзгөрүү алып келүүнү убада кылууда:

- Өзгөрүү үчүн добуш бергиле. Консерваторлор үчүн добуш берүү - бул өлкө биз муктаж өзгөрүү, үмүт жана оптимизм тартуулоо үчүн добуш бергендик. Биз бириккенде күчтүүрөк жана мыктыраак өлкөнү кура алабыз.


Бирок консерваторлор алдыга чыкканы менен, эгер экзит полдун жыйынтыгы ырасталса, бир партиялуу өкмөт кура албайт. Бул үчүн кеминде 326 добуш зарыл. Экзит-полдун көрсөткүчтөрү чын чыкса, өкмөттү лейбористтер менен алар саясий өнөктөш болууга үмүттөнгөн либерал-демократтар да биригип кура албайт. Ошентип расмий эмес жыйынтыктар Британия соңку отуз жылдан ашуун убакыт ичинде “асылма” деп аталган парламентке биринчи жолу ээ болорун көргөзүүдө. Тизмеге бул ирээт 44 миллион шайлоочу киргизилген. Шайлоочулардын катышуу көрсөткүчү мурдагыдан жогорку экендиги кабарланууда. Кээ бир аймактардагы шайлоо бекеттеринде алар жабылганга чейин кезекке тургандардын катары суюлган эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG