Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Түркия өзүнүн аба мейкиндигинен Израилдин учагына жол бербей койду


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган

Кийинки аралыкта Израил менен мамилелери улам начарлап бараткан Түркия Израилдин аскердик бир учагын өз аба мейкиндигинен учурбай койду.


Бир учурда байланыштары стратегиялык өнөктөш деңгээлине чейин көтөрүлгөн Түркия менен Израилдин ортосундагы чырдашуу күн өткөн сайын ырбап баратат.

Израилдик аскерлердин Жер ортолук деңизинде Газа тилкесине гуманитардык жардам тартып бараткан бир түрк кемесине кол салып, анын бортундагы тогуз кишини атып өлтүргөн окуядан кийин Түркия Тел-Авивдеги баш элчисин кайра чакырып алды жана еврей өлкөсү менен аскердик кызматташтыкты токтотуп коюп, Израил кечирим сурамайын мамиелелер мурдагы калыбына кайтпаи турганын билдирди.

Дүйшөмбү күнү Түркия израилдик офицерлерди Польшанын Аушвиц (Освенцим) калаасына алып бараткан израилдик бир аскерий учакты өзүнүн аба мейкиндигинен учурбай койду. Өкмөттүн бир өкүлү бул тууралуу маалымат берип, жардам кемелерине кол салуу болгондон бир канча күн кийин Израилдин бир аскердик учагына уруксат берилбегенин, мындан ары жагдайдын өнүгүшүнө жараша аракет жасалаарын билдирди.

Албетте, бул окуя ансыз деле начарлап бараткан мамилелердеги чыңалууну ого бетер күчөттү. Бул жагдай Түркиянын өткөндө Коопсуздук Кеңешинде Иранга каршы санкцияларды жарыялоо жөнүндөгү резолюцияга Бразилия менен бирге каршы добуш берүүсү менен коштолуп, Анкара менен Вашингтондун мамилесин да бир аз салкындатып койду.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Канаданын Торонто шаарында Чоң жыйырманын саммити учурунда Президент Барак Обама менен бир жарым сааттай сүйлөшүп, Израил чатагы, Иран кризиси жана ПКК жикчил уюмунун кийинки аралыкта кыйла ургаалдашкан террордук иш-чаралары жөнүндөгү өкмөтүнүн турумун түшүндүрүп берди.

Жолугушуудан кийин маалымат жыйынын уюштурган Эрдоган ПКК террору менен күрөшү максатында, Түркия, АКШ жана Ирак ортосунда түзүлгөн ‘үчилтик механизмден’ майнап чыкпай жатканын айтып даттанды. Эрдоган ошондой эле Израилдин Түркиянын жардам кемелерине кол салуусу тууралуу жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгын президент Обамага билдирди:

Биз мыйзамдуулуктун чегинде, мейли улуттук, мейли эл аралык укуктун алкагында иш алып бардык. Мындан ары дагы ушундай жасай бербебиз. Бирок биздин күбөлөрүбүз ‘жалданма’ күбө болбойт. Өзүңөр билесиңер, биз террорду жон терибыз менен сезип келдик, бирок мамлекеттик террор менен алгач беттешип жатабыз”, - деди премьер-министр.

Ал бул сөздөрү менен, Израилдин Түркиянын кеме кербенине жасаган чабуулу калыс экперттер тарабынан иликтелиши керектиги жөнүндөгү Анкаранын талабын эске салгысы келди. Ал маалымат жыйынында ошондой эле, Израил менен мамилелердин кайра ондоо үчүн өкмөтү койгон үч талапты Президент Обамага ачыктап бергенин да айттты:

Биринчиден, Израил Түркиядан кечирим сураш керек. Экинчиси жортуул учурунда жабыркаган Түркиянын жарандарынын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүшу керек. Бул Израил менен Түркиянын ортосундагы маселе. Үчүнчүдөн Палестинага каратылган Израилдин эмбаргосунун алынып салынуусу. Булардын бардыгын Президент Обама менен сүйлөштүм жана биздин пикирибиз бир жерден чыкты”.

Айта кетсек, жардам кемелери окуясынын бейтарап эл аралык комиссия иликтешине макул болбогон Израил добуш берүү укугу болбогон эки чет элдик катышкан бир топ түзүп, окуяны өзү иликтей баштады.

XS
SM
MD
LG