ЕБ менен ага мүчө болуп өтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Түркияда Youtubе.com сайтына 2008-жылы тыюу салынган. Бул жагдай өлкө ичиндеги жана эл аралык адам укуктары уюмдарынын катуу сындоолоруна кабылган менен, өкмөт менен Youtubе.com ортосундагы келишпестик жакын арада чечилери арсар сыяктанат.
Маалымат айдыңында болуп келе жаткан укмуштуу өнүгүүлөргө карабастан, Евробиримдиктин мүчөлүгүнө талапкер Түркияда Youtubе.com өңдүү популярдуу сайттарга өлкөнүн куруучусу Мустафа Кемалды шылдыңдап, өлкөнүн аброюна тийген видеолорду койду деген айыптоо менен сот тарабынан тыюу салынуусу өлкөдөгү айрым сөз эркиндигин сактоо уюмдарынын өкмөткө каршы легалдык өнөктүк баштоосуна негиз болду.
28-июнь күнү өлкөдөгү “Интернет Технологиялары Ассоциациясы” бийликтегилерди, Youtubе.com сайтына иллегалдык түрдө тыюу салгандыгы үчүн айыптап сотко кайрылды. Асосация 8-июнда Google сайтынын кызматтарынан пайдаланууларга да чектөө коюлуусуна каршы окшош даттануусун билдирген эле.
Өткөн жылы болсо аталган асосация Youtubе.com сайтына салынган тыюу менен байланыштуу “Адам Укуктары Боюнча Европа Комиссиясына” доо арызын берди. Интернет мейикиндигинде кызмат көрсөткөн 30 чактуу уюмдан турган ассоциациянын өкмөткө каршы жүргүзүп келаткан бул өнөктүгү, мурда күнү Париждеги “Чек арасыз кабарчылар” уюму тарабынан да колдоого алынды. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун жарыялаган билдирүүсүндө “уюм интернеттеги цензуранын токтотулушун жана миңдеген сайттардын жабылышына өбөлгө түзгөн 5651 номердүү мыйзамдын алынып салынуусун талап кылган ассоциацияны колдойт” деп айтылат.
22-июнда ЕККУнун маалымат эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович Түркиянын өкмөтүнө кат жиберип Youtubе.com жана Google сайттарын кайра колдонууга мүмкүнчүлүк берүү жана өлкөнүн интернет мыйзамдарын эл аралык нормаларга ылйыкташтырууга чакырган эле. Бардык ушул иш-чараларга карабастан өкмөттүн бул сунуштарга кулак сала турган түрү көрүнбөйт. Байланыш министири Бинали Йылдырым Youtubе.com Түркиянын мыизамдарын тоотпой жатат деп эсептейт:
- Youtubе.com Түркияга каршы чабуул баштаптыр. Түркия муну эч качан кабыл ала албайт. Сайт соттун токтому менен жабылды. Соттун токтому каталык болушу мүмкүн, бирок бул өлкө мыйзам башкарган өлкө. Эмне үчүн жогорку инстанцияга кайрылышпады. Мен чоң жана күчтүү фирмамын деп Түркияга үчүнчү дүйнөнүн өлкөсү сымал мамиле жасагылары келет. Бул эч качан мүмкүн эмес”,- деп министр мырза Youtubе.com жана Google сайттары эч кандай салык төлөбөй бул өлкөдөн акча өндүрүп келишкенин бышыктады.
Ал ошондой эле Интернеттин дары сымал пайдасы да, зыяны да болорун далилдеп, интернетте кылмыш жана кылмышка кызыктырган берүүлөрдүн 98 пайызы четтен келерин, бул коркунучтун алдын алыш үчүн айрым чараларды көрүү зарыл экенин бааса белгиледи.