Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Түркия: Бийликтеги партияга байланыштуу дагы бир жаңжал чыкты


Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган

Түркияда айрым аскер кызматкерлеринин бийликтеги Адилет жана өнүгүү партиясын жаманатты кылып, бийликтен кетирүү үчүн аракет көргөндүгү тууралуу кабар күндүн башкы темасына айланды.

Түркияда чыгуучу “Тараф” гезитинде өткөн аптада жарыяланган кабарда бийликтеги Адилет жана өнүгүү партиясына жана “Фетуллах Гүлен” аттуу диний жамааттын бардык мүчөлөрүнө каршы кутум уюштурулгандыгы айтылат.

Өзүнүн 80 жылдык тарыхында көптөгөн аскерий төңкөрүш аракеттерин башынан өткөргөн Түркия чыны-төгүнү али аныкталбаган бул кабар менен дагы бир жолу мурдагы күндөргө кайткандай болду. Аскер чөйрөсүндөгү адамдар тарабынан уюуштурулгандыгы айтылган кутум түздөн-түз Адилет жана өнүгүү партиясын бутага алганын өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Эрдоган 16-июнда аскердик жана жарандык прокуратураны кабардын чоо-жайын иликтөөгө жана тез арада натыйжасын калайык менен тең бөлүшүүгө чакырды. Партиянын мажилистеги мүчөлөрүнүн жыйынында Эрдоган буларды айтты:

- Эгерде бул кабарда айтылган дооматтар туура эмес болуп чыкса, бийлик бутактарын жана мамлекеттик курулуштарды бири-бирине каршы кайрап, өлкөдө кандайдыр бир опурталдуу кырдаал жаратууну көздөгөн бул жорук албетте коркунучтуу. Бирок коюлуп жаткан доо туура болуп чыкса, анда бул андан да коркунучтуу кырдаал.

Эрдоган партия буга байланыштуу арыз менен сотко кайрыларын кошумчалады. Жыйындан кийин өкмөт башчы армиянын штабынын жетекчиси Илкер Башбуг менен 1 жарым саатка созулган жыйын куруп, активдүү кызматтагы же отставкадагы айрым офицерлердин катышканы ырасталган бул окуяны талкууга алды. Жыйындан кийин эч кимиси билдирүү жасаган жок.

15-июнда жүргүзүлгөн алгачкы иликтөөдө “бийликтеги партияны жаманатты кылып, төңкөрүш уюштурууну көздөгөн кутумга армиянын эч тийешеси жок” деген жыйынтык чыккан эле. Ошондон кийин басма сөз менен маектешкен армиянын колбашчысы Илкер Башбуг аскерий прокуратура мындай бир кутум иш жүзүндө барбы же жокпу, бар болсо аскерлер менен тийешеси кандай экенин иликтеп чыга турганын билдирди.

Учурда Түркия мыйзам коргоо органдарынын иликтөөлөрүнүн натыйжасын күтүүдө. Саясий байкоочулардын пикиринде, “Эргенокон” деген шарттуу аталыштагы сот жараяны уланып, анын жүрүшүндө көптөгөн отставкадагы генералдар камакка алынып жаткан учурда, бул кутум тууралуу кабардын чыга калышы эч кимди кайдыгер калтырган жок.

XS
SM
MD
LG