Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Таиландда кырдаалды армия жөнгө сала баштады


Таиланд -- Бангкоктун көчөлөрүн аскерлер көзөмөлгө ала баштады.
Таиланд -- Бангкоктун көчөлөрүн аскерлер көзөмөлгө ала баштады.

Бангкокто аскерлер демонстранттарга ок атып, ондогон адамдар жарадар болду. Өкмөттүн премьери элге кайрылып, армия мыйзамга жараша аракеттенип жатканын билдирди.

Оппозициянын демонстрациясын таркатуу операциясына армия дүйшөмбү күнү эрте менен киришти.Солдаттар,полициянын күчтөрү манифесттанттарга жаш агызма газ колдонуп, аларды борбор шаардын башкы көчөсүнөн сүрүп чыгара баштады.

Өз кезегинде демонстранттар коопсуздук күчтөрүнө өрт тамызма бөтөлкөлөрдү ыргытып, таш бараңга алып, каршылык көрсөтүштү. Ортодо кагылыш тутанып, айрым солдаттар айбат кыла асманга ок атышты, айрымдары түз эле аламан топко ок жаадырышты. Эки тараптан болжол менен 70тен ашуун киши жарадар болду,окко учкандар барбы-жокпу, азырынча белгисиз.

Таиланд армиясынын башкы колбашчысы генерал Сонгкити Жагабатара: "Нааразылык жыйындарына чыккандарга курал колдонулбайт,алардын баары тай калкынын өкүлдөрү, болгону солдаттар өздөрүн коргоо үчүн гана акыркы аргага барышы мүмкүн, калган бардык учурда мыйзам чегинде аракеттенет",- деп түшүндүрдү элге операциянын жүрүшүн.

Андан мурдараак өкмөттүн өкүлү таиланддыктарды жана чет элдик жарандарды чукул мүнөздөгү чаралар жалпы коомдук коопсуздукту, негизги порттордун,аэропорттордун жана бардык инфраструктуранын ишин камсыз кылууга багытталганына,бир нече саат ичинде кырдаал жөнгө саларына ишендирген эле.

Жекшемби күнү кечинде болсо калкка өкмөттүн премьер-министри Абхисит Ветчачива өзү кайрылды. "Өкмөттө кооптуу райондорду контролго алуунун катаң планы бар, эгер ким бирөөлөр нааразылык билдирүүнү кааласа,алар конституцияда каралган шарттарда тынч, куралсыз жыйындарын уланта алат",-деп айтты өкмөт башчысы.

Ветчачива өткөн ишемби күнү демонстранттар ички иштер министрлигинин имаратын басып алганга аракеттенип, АСЕАНдын саммитин үзгүлтүккө учураткан соң Бангкокто чукул абал режимин киргизген эле.

Бириккен демократиялык фонд партиясынын лидери Чакрапоб Пенкаир армияны демонстранттарга ашыра күч колдонгону үчүн айыптап, "оппозиция акыр аягына чейин күрөшө турганын" ырастады.

Жүз миңден ашуун киши катышкан демонстрациялар эки апта уланды. Оппозицияны колдогондор 2006-жылы аскерий төңкөрүштө бийликтен алынган Таксин Чинаватаны кайра өкмөт башчылыгына дайындоо талабын коюшту.

Чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Чинавата өз тарапкерлерин өткөн аптада жалпы элдик революцияга чакырган эле.

Акыркы маалыматтарда армия өлкөнүн стратегиялык маанидеги бардык жайларын өз колуна алганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG