Белгисиз себептерден улам, учак жерден көтөрүлгөндөн тарта бир канатына кыйшая учуп, түздөнө албай, жар бооруна барып тийген.
Учак кыйраган жерде “кара кутуча” табылган. Кайгылуу окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, Орусиянын прокуратурасынын алдындагы иликтөө комитети “айдоо эрежесин бузгандык” деген берене менен кылмыш ишин козгоду.
1-ноябрда Саханын Мирный шаарынан Иркутск шаарына жол тарткан Ил-76 аскердик жүк ташуучу учак оң канатына кыйшайган боюнча өйдөлөй албай, болгону 20 метрдей көтөрүлүп анан кулап түшкөн.
Ил-76 учагы Орусиянын Ички иштер министрлигине таандык болгон. Анын күчү 40 тонна жүктү тартууга жарайт болчу дешет. Учак негизинен дүрмөттөлгөн техниканы тартууга ылайыкталып жасалган экен.
Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлигинин жетекчилеринин бири Юрий Иванов буларды айтты:
- Учактын ичиндегилердин бардыгы набыт болду. Азыркы учурда өрт өчүрүлдү. Транспорттук прокуратуранын иликтөө бөлүмү иштеп атат. Учактын кыйрашынын себебин атайын уюшулган комиссия тактайт.
Кырсыктын себеби боюнча айтылган божомолдор арасында техникалык кырсыктан тартып, учкучтун кетирген катасы дегенге чейин айың кеп бар.
Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, учак жерге тийери менен чарт эткен үн чыгып, ал жерди өрт каптаган. Алоолонгон өрттү өчүрүү бир нече саатка созулган. Учак жерге тийип, жарылганда сыныктары бир чакырым жерге чачыраган.
“Новые известия” гезитинин жазышынча, учактын бир канатындагы учууну тездетчү тетиктерди бир нерсе кыпчып, ачылбай калган. Андай тетиктер эки канатта бирдей ачылуусу шерт болчу дешет адистер.
“Коммерсант” гезитинин жазышынча, учакты жолго даярдап атканда анын үстүнөн кар күрөлгөн эмес. Себеби канаттын үстүндө бычак мизинен да жука муз калса, ал учак абага сүңгүп көтөрүлөрдө аэродинамикалык тоскоолдук болуп, биринчи кезекте унаанын көтөрүлүшүнө жолтоо болот да, учалбайт деген бир учкучтун пикирине шилтеме берет.