Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Адам укуктарына карата орус бийликтеринин көз карашы


Акыркы кездери Орусиянын "дүйнө көп уюлдуу болушу керек" деген талабы күч алды. Орусиялык көптөгөн таасирдүү консерваторлорго бул адам укуктарынын универсалдуулугун танууну жана "ар бир улут өз укуктарынын өзүнүн улуттук салт-санааларына жараша аныкташы керек" дегенди билдирет.

Орусиянын консервативдүү саясий элитасы эл аралык институттарды жана Батыштын Орусиядагы саясий окуяларды сындашын четке каккан идеологиянын үстүнөн иш жүргүзүп келүүдө. Бул тууралуу Азаттыктын баяндамачысы Роберт Колсон мындай дейт:

– Россиядагы консерватор ойчулдар бүгүн Адам укуктарынын эл аралык декларациясынын кабыл алынышынын 60 жылдыгын майрамдашкан жок. Анын ордуна алар декларацияны Батыш баалуулуктарын башкаларга таңуулаган зордукчул оторчулук деп четке кагышууда.

Колсон айткан консерватор ойчулдардын бири Александр Дугин Москва Мамлекеттик университетинин Консервативдик изилдөөлөр борборун жетектейт. Азаттыктын орус кызматы менен маегинде ал орусиялык жаңы консерватизм деген эмне экендигин кыска бирок нуска мындайча мүнөздөдү:

– Менин терең ишениминде, ар бир адам башкаларга окшошпогондой эле, адам укуктарынын түшүнүгү да ар өлкөдө, ар коомдо ар башкача болот.

Дугиндин айтымында, Орусиянын маданиятында "жеке адам коомдун бир бөлүгү катары гана өзүн толугу менен ким экендигин көрсөтө алат" деген түшүнүк үстөмдүк кылат жана бул Батыштык либерализмге караганда, исламдык салттарга жакын келет:

– Ислам менен православ салттарында дээрлик баары окшош. Экөө тең адам укуктарынын секулярдуу, батыштык, европалык, жеке адамдык концепцияга негизделген конкреттүү аспектилерин четке кагат.

2006-жылы апрелде Орусиянын православ чиркөөсү Орус элинин кеңешинин 10 жылдыгын өткөргөндө "Адам укуктарынын жана ар-намыстын декларациясы" кабыл алынган. Ал адам укуктарынын эл аралык декларациясына тикелей каршы коюлган документ болуп калган. Бул документтин авторлору арасында Дугин менен катар, жаңы көзү өткөн Православ чиркөөсүнүн башчысынын ордун басат деп күтүлгөн Смоленск, Калининград метрополити Кирил да болгон.

Ал эми ушул жылдын башында өздөрүн "динамикалуу консерваторлор" деп атаган таасирдүү философтордун тобу "Орусиянын доктринасы" деген документти жарыялашты. Азаттыктын баяндамачысы Роберт Колсондун айтымында, монография көп жагынан учурдагы орус өкмөтүнүн ички жана саясий программасы менен шайкеш келет. Анда "жеке адам коомдук чөйрөнүн, үй-бүлөнүн жана улуттун ажырагыс бөлүгү, адам жана коом бир бирин колдоп, бир бирин байытып турат" деп айтылат.

Ошол эле мезгилде Адам укуктарынын эл аралык декаларциясынын баалуулуктарын Орусия караманча четке какты деп айтыш да эртерээк. Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зоркин өткөн айда Российская газетага "конституция боюнча жеке адам, анын укуктары жана эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп саналат" деп айтты. Ал эми ушул айда бийликтеги Бирдиктүү Россия партиясы мамлекеттик кызматкерлер үчүн этикалык кодексинин долбоорун сунуш этти. Анда "Орусия Федерациясынын жана Адам укуктарынын эл аралык декларациясында айтылган түп негиз адам укуктарына олуттуу кайчы келген" буйрукту мамлекеттик кызматкерлер аткарууга милдеттүү эмес экендиги ачык жазылат.

Бирок орусиялык консерваторлор, анын ичинде Александр Дугин мамлекеттин тарыхый жана моралдык салттары сыйланбаса, цивилизациялар кагылышы чыгып кетет деп эскертишүүдө:

– Европа, Батыш, Орусия болобу, адам укуктары боюнча өз түшүнүгүн башкаларга таңуулай баштаса, чыр чыгат. Адам укуктары тууралуу биздин концепция Европаныкынан айырмаланып, эң оптималдуу, алтургай универсалдуу дагы. Европалыктар тескерисинче ойлошот. Бирок ар кимибиз универсалдуулук талабыбызга басым жасай баштасак, дароо жаңжал чыгат, - дейт Дугин.
XS
SM
MD
LG