Жыл башынан бери ала келгенде өлкөнүн 36 аймагында неонацисттердин кол салуусунан 250дөн ашуун киши жарадар болуп 48 киши көз жумган.
Анткен менен бул көрсөткүчтү былтыркы жылдын ушул маалына салыштыра келгенде такырбаштар кол салуусунан жабыр тарткандар эсеби азайган.
Докладка карасак, 2008-жылы такырбаштар үстүнөн чыгарылган сот өкүмү 34кө жеткен. Эки жыл мурда, маселен, ашынган улутчулдардын киши өлтүрүүсүнө байланыштуу 33 кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында 45 айыпкер жазага тартылган.
Кармалгандардын көбү кылмышка тийешеси жок деген же жашы жетпейт деген аныктамалар менен куткарылып келген. Ал эми 2009-жылы мурда болуп көрбөгөндөй көп - 21 кылмыш иши боюнча тергөө жүргөн. Жыйынтыгында 70 ге чукул киши кесилген.
Экинчиден, кылмышкерлерге жабыр тарткандар үчүн жөлөк пул төлөө өкүмү кошо чыгарылуучу болгон. Маселен, август айында эки такырбашты соттоодо, алар өлтүрүшкөн баланын энесине 2 миллион рубль да айып төлөө чечими кошо чыгарылган.
Сот чечиминдеги буларга окшогон жаңылыктар өлкөдө ашынган улутчулдардын тизгинин тартышы мүмкүн. Эмне дегенде, коомчулук тымызын түрдө, ачык түрдө аларды колдоп келаткан. Алар колго түшкөндө коомчулукта кай бирөөлөр аларды куткаруу аракетин жазап, акча чогултуу жүрчү. Аны коргоого алуучу адвокатка, сот чыгымына, эне-атасынын жашоо-тиричилигине деп ыктыярдуулар каражат топтошчу.
Эми такырбаштарды олтургузганда аларга түрмө мөөнөтү гана эмес, алардын колунан жабыр тарткандарды багуу да милдети жүктөлүшү мурдагы маанайды жоготот дешет. Буга дейре такырбаштар коомчулук көзүнө – эл камын жеген баатыр болуп көрүнүп келген.
«Андай (акча – ММ) чогултуу демейде «ак баатырды» абакта кармалышы жана ага көмөк көрсөтүү үчүн жасалат. Бирок ошол «ак баатырдын» курмандыктарын да багуу үчүн жанынан эч ким акча чыгарууга барбайт» - дейт "Сова» борборунун анализчиси Галина Кожевникова.
Докладда көрсөтүлгөндөй, азыркы тушта «Орусия – орустар үчүн» ураанын өлкө элинин жарымынан көбү колдошот. Демейде, өңү бурууларга кол салуу күчөгөн ай – октябрь.
Такырбаштар өңү-түсү бөлөктөрдү жек көрүү маанайда кылмыш үзүлбөгөн шаарлар: Москва, Петербург, Нижний Новгород жана Екатеринбург.