Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Москва: ысыктан кыйналган калк


Орусияда абанын температурасы мурда болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Анын айынан Орусиянын бир нече аймактарында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таркаткан маалыматка ылайык, өрттөнгөн токойлордун жалпы аянты 30,3 миң гектардан ашты. Орусиянын 20 аймагынын бир катар жерлеринде өзгөчө абал киргизилди.

Азыркы тапта Москвада сууга каргалар да кире качууда. Ал эми сууга түшүп, чөгүп кеткен адамдардын саны улам көбөйүп баратат. Өткөн аптада сууга чөгүп кеткендердин саны расмий маалыматтарга ылайык, эки миңден ашкан.

Жумуш ордуларында, ири дүкөндөрдө, мекемелерде салкын жел айдаткыч иштегени менен, көчөдө же үйдө отургандар ысыктан кыйналууда. Ушундай ысыктан түн ортосу оогандан таң агарганга дейре, салкын жел жүргөнчө эс алышууда.

Буга чейин Орусияда абанын температурасы буга чейин мынчалык көтөрүлгөн эмес. Ошондон улам өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Геннадай Онищенко иш тартибин бузуп, түшкө маал, күн төбөгө көтөрүлгөндө, жумушта отургандарды ишин токтотуп, саал да болсо эс алуу эрежесин киргизүүнү сунуштады. Бирок бийлик бул сунушту кабыл алган жок.

23-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва облусу боюнча жетекчиси Евгений Сикерин ордо калаа тегерегинде күйүп аткан чым жерлер туурасында буларды айтты:

- Азыркы тапта аянты 20 гектарды кучагына алган 33 жерде чым күйүп атат. Кечээ кырк жерде 60 гектардан ашуун аянттын чым күйгөн жерлери менен күрөштүк.

Онищенко шаар тургундарын үйүндө отурганда да бет кап кийип жүрүүнү сунуштады. Себеби чымдын түтүнү, куду тезектин түтүнү сыңары адамдын өпкөсүн кирдетип, оору жугузушу ыктымал.


22-июлдан тарта Москвада ысык мурдагыдан да күч алды. Айлана чөйрөнү коргоо боюнча адистер тараткан малыматтарга ылайык, абанын температурасы 35 даражадан ашты. Ал эми “The Moscow Post” гезитинин жазганына караганда, шаардын чыгыш жана чыгыш-түштүгүн чымдан асманга көтөрүлгөн түтүн күнү-түнү каптап жатат. Жел сокпой жатканда абанын ысышы 35 даражага көтөрүлгөнү өзгөчө кыйынчылыкты туудурат.

Москванын «Столица» сыналгысы улам бир маал аба ырайын кабарлоодо:

- Кийинки аптада Москвада мындан да ысык болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, абанын температурасы 39 даражага чейин көтөрүлөт. Буга чейин Орусиянын тарыхында абанын температурасы мынчалык көтөрүлгөн эмес.

Орусияда абанын температурасы жогору бойдон
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

XS
SM
MD
LG