Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:26

Румыния Европаны Ирандын ракета чабуулунан коргойт


АКШнын анти-баллистикалык ракетасы. Калифорния. 29-июль, 2004-жыл.
АКШнын анти-баллистикалык ракетасы. Калифорния. 29-июль, 2004-жыл.

Румыния АКШнын ракетадан коргонуу системасынын бир бөлүгү болууну каалайт.

Мындай билдирүүнү румын президенти Траян Бэсеску жума күнү Бухарестте жасады. Бул кадам АКШга Румыниянын территориясында анти-баллистикалык ракеталардын жаңы мунун жайгаштырууга мүмкүндүк берет.

Польшага буйрубаган ракеталар Румынияда орнотулат
Ирандын орто аралыкка эсептелген "Сежил-2" ракетасы сынооо алдында. 20-май 2009


Президент Траян Бэсеску өлкөгө болочокто АКШнын анти-баллистикалык ракеталары жайгаштырыла турганын Румыниянын Жогорку аскерий кеңешинде жарыя кылды:

-Ракета комплекстери Румыниянын территориясына АКШнын анти-ракеталык системасынын бир бөлгү катары жайгаштырылат. Америкалыктар менен жетишилген келишимге ылайык, Румынияда жайгаштырылчу компоненттер 2015-жылы күзөткө коюлат.

Бэсеску анын өлкөсүнө жайгаштырылчу аскерий комплекс Россияга багытталбайт деп ишенгенин астейдил белгилей кетти.

Вашингтондун маалымдашынча, ракетадан коргонуу системасы европалык союздаштарды Ирандын мүмкүн болчу баллистикалык чабуулунан коргойт.

Иран шаршемби эле күнү илимий-техникалык жетишкендигин даңазалоо максатында космоско өзү жасаган жандоочуну учурган. Анын ичинде, маалымдалганга караганда, чычкан, эки ташбака жана сөөлжан бар.

Россиянын "Topol-M" стратегиялык баллистикалык ракетасы Кызыл аянттагы аскерий парадга даярдык учурунда. Москва. 4-май 2009
Европада ракетадан коргонуу системасын орнотуу мурдакы АКШ президенти Жорж Буштан калган идея. Буштун планы боюнча, Польшада он ракета комплекси жана Чехияда ракетаны таап коштоочу радардык станция жайгаштырылмак.

Обаманын анти-ракеталык планына кызык өлкөлөр көп...

Москва бул анти-ракеталык комплекс Россиянын чек арасына өтө эле чукул деп, каршы чыккан. Президент Обама былтыр сентябрда Буштун Европада алыс аралыкка учуучу ракетаны жайгаштыруу планынан баш тартып, анын ордуна Ирандын орто жана алыс аралыкка жетчү ракеталарын уруп түшүрчү комплексти жайгаштырууну оң тапкан. Оболу Ак Үй өз коопсуздугун камсыздоо үчүн SM-3 ракеталары аскерий кемелерге орнотулат деп айткан болчу. Муну талдоочулар АКШнын Россия менен алакасын жакшыртуу аракети деп баалашкан. Мындай пикирди Ак Үй көшөрө четке каккан.

Бейшемби күнү Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филипп Кроулинин билдиришинче, АКШнын анти-ракеталык системасынын ар дайымкы максаты Ирандын гана ракета чабуулунан коргоо болгон:

–Биз дайыма өз кызыкчылыктарыбызды жана өз союздаштарыбызды коргой турганыбызды так айтып келгенбиз. Биз жаңы коркунуч пайда болуп жатканын көрдүк. Иран регионго жаратып жаткан коркунуч бизди кырдаалга жаңыча мамиле жасаттырды. Россияга байланыштуу айтарыбыз: бул комплекс Россияга багытталган эмес.

Кроули анти-ракеталык калкан башка өлкөлөр катарында Польшаны да коргоорун белгиледи:

-Биз ракетадан коргонуун жаңы архитектурасы боюнча башка өлкөлөр менен сүйлөшүп жатабыз. Мисалы, Польша өткөн октябрда өлкө түндүгүндө SM-3 ракеталарын жайгаштырууга макулдугун берген. Маселе дале талкууланууда.

Баса, Чехиянын премьер-министри Ян Фишер да анын өлкөсү анти-ракеталык системаны жайгаштыруунун жаңы планына “катышууга даяр” деп билдирген былтыр окятбрда.

XS
SM
MD
LG