Сапарынын соңку эки күнүн Обама Түркияда өткөрдү. Байкоочулар муну "тарыхый визит" катары баалашты.
Жаңы администрация мусулман дүйнөсү менен байланышын чыңдоого умтуларына ишендирип, Обама АКШ исламга каршы согушуп жаткан жок деп ырастады. Мындан тышкары Түркиянын келечекте Евросоюзга кошулушун Вашингтон чечкиндүү түрдө колдой турганын кайрадан тастыктады жана Анкараны Армения менен мамилесин жакшыртууга чакырды.
Түркия - НАТО боюнча АКШнын регионалдык негизги союздашы. Ушундан улам Обама түрк жетекчилери менен аймактагы маселелерди,айрыкча Ирактагы жана Ооганстандагы кырдаалды, ошондой эле иран проблемасын талкуулады.
Акыркы күнү Обама Стамбулдагы атактуу Көк мечитти көрүп чыкты, андан соң жергиликтүү студенттер менен жолугуп, ой-пикир алышты, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.
"Ар башка тилде сүйлөгөнүбүзгө же ар башка динге ишенгенибизге карабай баарыбыз үй-бүлөнүн кам-чомун көрүп, коомго пайдалуу кызмат кылганга, үйлөнүп-жайланып, бала-бакыра күтсөк,алар дени сак, билимдүү адам болсо деп тилейбиз. Ушунун баары жер бетиндеги адамдардын арасын жакындаткан абдан маанилүү асылнарктарга кирет",-деп билдирди Обама студенттерге кайрылып.
Президент Обама студенттерге жакшы таасир калтырганын, анын сөздөрү Түркия жана башка мусулман өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү болгонун, анткени ал баарына тынчтык каалай турганын, андан дал ушундай ойду угабыз деп күтүшкөнүн жолугушууга катышкандар айтышты.
Өткөн жылы өткөрүлгөн чоң иликтөөдө мусулман өлкөлөрү арасында АКШны "дос" эсептегенден "кас" санагандар абдан арбып кеткени, Түркияда америкалыктарга ыкылас арткандар мурдагы жылы араң 9 процентке жетип, былтыр 12 проценттей болгону аныкталган эле.
Стамбулдук эксперттердин бири Фуат Кейман ушул өңүттөн алганда Түркия маанилүү роль ойной аларына, Обаманын визити максатына жеткенине, айрым чөйрөлөрдө эки тараптын мечөөлөй түшкөн алакалары эми жакшыра турганына ишенич билдирди.
Обаманын Түркиядагы визити жергиликтүү басылмаларда да жалпысынан жылуу ырайда бааланды.
Анкарадан соң Обама ошол эле күнү капыстан Багдадга келди. Ирактын борборуна чукул жердеги аскери базада болуп, америкалык жоокерлер менен жолукту, командачылыктын өкүлдөрү менен аңгемелешти. Обама алдыдагы он сегиз ай Ирак үчүн чечүүчү учур болорун эскертти.
Алты жыл ичинде Иракка өз алдынча демократиялык өлкө болгонго мүмкүндүк түзгөнү үчүн солдаттарга ыраазылык билдирип, президент эми бул озуйпаны аяктоо зарыл экенин белгиледи.
"Биз үчүн башкаруу ишин ирактыктарга өткөрүп бере турган кез келди,-деп айтты Обама америкалык жоокерлерге. – Ирактыктар өз өлкөсү үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алууга тийиш. Бул үчүн алар өлкөдө тийиштүү саясий түзүлүштү камсыз кылышы керек".
АКШнын Ирактагы аскерлеринин колбашчысы Рэй Одиерно президентти акыркы айрым окуяларга карабастан өлкөдө коопсуздуктун деңгээли кыйла чыңдалды деп ишендирди.
2003-жылдын мартынан бери америкалыктар Иракта 4266 жоокерин жоготушту.
Обама аскери базада ирак премьери Нури ал-Малики менен да маектешти.