Барак Обама Американын түпкү элдеринин (индеецтердин) аксакалдарын акыркы эки кылымда биринчи жолу Ак Үйгө чакырып, алардын көйгөйлөрүн ортого салды жана эзелки элди танып-чанууга чекит койууну каалаганын көрсөттү.
Президент Обама түпкү уруулардын 564 аксакалына кайрылып, алардын бала-чакаларынын турмушу жакшыртылат деп убада кылды :
- Мен силер менен чогуу жаңы жана жакшы келечек курабыз деп сөз берем. Бул биздин уникалдуу уруулар аралык мамилебизден да күчтүү убада. Бул силер Америка экономикасында тең укук өнөк боло аласыңар, силердин бала-чакаңар Америка максатына жетүүгө укуктуу деген милдеттенме.
Европалык оторчулар Түндүк Америкага адеп баргандан тарта эле жергиликтүү элдерди отурукташкан жерлеринен кууп, аларга өкүмзордук менен мамиле жасашкан. 1830-жылдары эле 46 миң жергиликтүү адам Түштүк Чыгыштагы там-жайларынан Миссисипи өзөнүнүн батышына күчтөп айдалган. Арийне, мындай баскынчылык түптүү элдин каршылыгын жаратып, уруш менен коштолгон.
Европалык оторчулар Батышка жылган сайын жергиликтүү элди эзелки жашаган жерлеринен кууп, резервация-коруктардан чыкпай жашоого буйруган. Бул сыяктуу коруктардын элинин көбү жарды жашаганын Барак Обама көзгө сайып айтты:
-Кээ бир резервацияларда жумушсуздук 80 процентке чейин жетет. Болжол менен бардык түпкүлүктүү америкалыктардын төрттөн бири жарды жашайт. Резервациялардын 14 проценттен көбүндө электр жок. 12 проценти таза суу менен камсыздалбаган.
Барак Обаманын сөзүнчө, америкалык түпкү элдердин аксакалдарынын жыйыны мындан ары жыл сайын жыйын өткөрүлүп турат.
АКШ президенти федералдык өкмөттүн эзелки уруулар алдындагы күнөөсүн мойнуна алгандан башка алардын турмушун жакшыртуу үчүн эмне кылып бере алат?
Мэриленд университетинин профессору Кристофер Фореман президент Обаманын улуттук азчылыктын көйгөйлөрүнө көңүл бурганын оң баалайт. Бирок ал Конгресстин макулдугу болбой, Барак Обама түпкүлүктүү эл үчүн маанилүү эч кандай да жардам көрсөтө албайт, деп боолгойт:
- Бул жерде эки маселе бар. Биринчиден, алар эски заманда катуу жабыркагандыктан, эмне болгонун тааныгандан башка көзгө илинер чоң бир несе жасоо мүмкүн эмес. Экинчиден, аларга чыгымын төлөп берейин десе, Конгресстин ар түркүн каршылыгына кабылат. Муну Обама каалабайт. Ошон үчүн, мындан көп эч нерсе жасоо мүмкүн эмес деп ойлойм.
Проф. Фореман Обаманын түпкү элдердин иши боюнча Ак Үйдүн улук масилээтчиси кылып түпкүлүктүү америкалыкты (индеецти) дайындаганын жакшы көрүнүш деп атады.
Коруктардын 14 проценттен көбүндө электр жок. 12 проценти таза суу менен камсыздалбаган.
Президент Барак Обама