Бирок жарандык коомчулуктун өкүлдөрү Ички иштер министрлиги менен иш алып барып аткан бул уюм менен жолугуу демилгесин көтөрүп чыгып, жолугушууда бир катар суроолорду кабыргасынан коюшту. Маселен, ИИМди реформалоо программасынын анча ачык эместиги, көрсөтүлүп жаткан жардамдарга карабай абал өзгөрбөгөнү, милиция мурдагыдай эле бийликтин камчысын чаап, жарандардын укуктарын көп бузуп келатканы айтылды.
“Адилет” укуктун клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын айтымында, долбоордун жетекчилери милицияны реформалоо жаатында жылыштарды санап отурушканы менен иш жүзүндө өлкөдө укуктук абал оорлошуп кетти.
Президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүн ИИМ кандай иликтегенин жалпы коомчулук билерин айткан укук коргоочу Ч.Жакупова, милиция бүгүнкү күндө жогорку жактын түркүн буйруктарын ылгабай аткарганга мажбур органга айланганын баса белгиледи:
- Милиция кызматкерлери жөн гана аткаруучу болуп калууда. Андыктан аларды канчалык үйрөтсөңөр да майнап чыкпай атат да. Эгерде жогору жактан команда боло турган болсо, алар тынч жарандарга күч колдонот. Анткени алар аткаруучу гана. Адам укуктары жаатындагы абал оорлошуп баратат. Мындай шартта демек, силердин миллиондук программаңар адам укуктарынын бузулушун колдоп жатат.
ЕККУнун ИИМди реформалоо программасынын координатору Евгений Черенков укук коргоочулардын көптөгөн суроолору негиздүү экенине макул болду. Бирок алардын программасы милицияга гана багытталганын айтып, өлкөдөгү адам укуктары жаатындагы абал саясий маселе экендигин баса белгиледи:
- Биз полиция менен гана иштейбиз. Ал эми ошол чектен чыгып, саясатка байланышкан иштер менен башкалар иштейт. Ошентсе да биз жоопкерчиликтен качпайбыз. Биз бул проблема дароо эле чечилип калбасын түшүнөбүз. Анткени анын чечилиши үчүн милиция менен кошо саясатчылардын, коомдук ишмерлердин, депутаттардын да профессионалдык деңгээли көтөрүлүшү керек. Ошондой эле өлкөдөгү жалпы жагдай да өзгөрүшү керек.
Евгений Черенковдун айтымында ИИМди реформалоо программасына жыл сайын 1 миллион долларга чукул каражат бөлүнөт. Ал каражат милиция кызматкерлерин окутуу, аларды түрдүү жабдыктар менен камсыз кылууга жумшалат.
ИИМдин Илим изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров бул программа менен түздөн-түз иштешет. Анын айтымында, бул программа көбүрөөк техникалык жактан жардам көрсөтүүгө багытталган. Андыктан аны саясатка байланыштыруу туура эмес:
- ЕККУ менен ИИМдин ортосундагы мындай кызматташуу – бул ИИМди реформалоо багытындагы техникалык долбоор. ИИМдин иштөө принциптерин өзгөртүү, анын кызматкерлеринин иштөөсүн дүйнөлүк стандартка чыгаруу, адам укуктарын коргоо, тергөө ишин өнүктүрүү жана эң негизгиси мыйзамдуулукту камсыз кылуу бул программада камтылган. Ал эми укук коргоочулардын ИИМди реформалоону саясий багытка бурушу туура эмес болуп калат.
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова бул маселе жаатында буларга токтолду:
- Реформа дегендин саясий жагы да сөзсүз болот. Реформа өткөрүлүп аткандан кийин, ал Кыргызстандын жарандарына жакшы
жагынан жардам бериши керек. Бирок биз, жарандар андай жакшы нерселерди көрө албай атабыз. Ошол себептүү бул программа ачык болушу керек. Булар алты жылдан бери иштеп атышат. Бирок ага карабай милиция дагы эле саясатка аралашат. Аны бийлик ар дайым керектүү учурда, саясий чечим керек болгондо курал катары колдонот. Мындайда өзүнөн-өзү суроо туулат. Бийлик милицияны саясий курал катары колдонуп атканда ЕККУ жөн гана карап турушу керекпи же өз оюн айтышы керекпи. Өзүнүн пикири болушу керек да ЕККУнун. Анткени алар милицияны акча берип күчтөп атат. Ал арада милиция бийликтин саясий оюнчугу болуп, элине каршы чыгып калса кандай болот? ЕККУ жоопкер болуп калат да. Ошондуктан биз айтып атабыз, “Биз жөн гана техникалык жардам берип атабыз деп айтпагыла. Биз эч кандай чечим чыгарбайбыз, айтпайбыз”,- дебегиле деп. ЕККУ ушул жерге келип, ушундай иштерин жүргүзүп атат. Демек алар да жоопкерчиликти сезиши керек.
Буга чейин айрым укук коргоочулар өлкөдө укуктук кырдаал начарлап кеткенин айтышып, ИИМ, сот системасы сыяктуу бийлик органдарын каржылап келаткан эл аралык уюмдарды жардамын токтотуусу керектигин айтып чыгышкан. Бирок бул жолу ЕККУ өкүлдөрү менен жолуккан укук коргоочулар жардамдар зарылдыгын, бирок жарандардын укуктарынын бузулушуна долбоор жетекчилери көз жумбашы керектигин айтышты.