Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:22

Набукко жандандыбы?


Үстүбүздөгү айдын алгачкы жарымы Набукко газ кууру долбоорун ишке ашыруу жаатында жылыштар бар экенин көргөздү. Акыркы апталарда добушу кайрадан угула баштаган долбоорду тейлеп жаткандар көгүлтүр от Европага мерчемделген мөөнөттө жетерине ишеним билдиришүүдө.

Набукко - Евробиримдиктин Каспий чөлкөмү менен Жакынкы Чыгыштын газын алып келүүнү караган долбоору. Долбоордун негизги маанилеринин бири – Каспийдин газы Европага Орусия аймагына кирбестен жеткириле турганында. Куур толук кубаттуулукта иштегенде, Европага жылына ал аркылуу 31 миллиард кубометр газ ага алат.

Ушул айга чейин долбоор графиктен калып жаткандай көрүндү эле, март айы ичинде бир топ маанилүү жаңылыктар орун алды. Балким, алардын эң олуттуусу – транзит боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну Түркия парламентинин 4- мартта ратификациялоосу. Түркия узундугу 3300 чакырым келген куур аймагынан өтүүчү беш өлкө ичинен ратификацияны эң акыркылардан болуп жасады.

Ага чейин документти Австрия, Болгария, Венгрия, Румыния парламенттери колдогон. Набукко долбоорунун аткаруучу директору Райинхард Митчек транзит боюнча макулдашуунун мааниси жөнүндө мындай дейт:

Райинхард Митчек
-Өкмөттөр аралык бул макулдашуу чынында эле маанилүү документ. Себеби беш өлкөнүн арасында укуктук жагы окшош транспорттук режимди камсыздайт. Бул -Набукко сындуу трансулуттук куур үчүн абдан олуттуу. Макулдашуу келишим формасында болгондуктан улуттук мыйзамдардын чегине чыгат. Инвесторлор, банктар жана жүктү жөнөткөндөрдүн ыңгайы, коопсуздук жана ишеним тартуулоо үчүн ал элүү жылга эсептелген.

Жаңы келишимдер

Түркиянын документти ратификациялоого дароо эле батынбаганы коңшу Азербайжан менен сүйлөшүүлөргө байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени Набукко кууру өзү түрк –грузин чек арасынан башталат да, кийин Азербайжандан чыккан куур менен кошулат.

Анкара менен Бакунун ортосунда газдын Түркияга киргенден кийинки баасы боюнча сүйлөшүүлөр жайбаракат жүрүп келди. Рим университетинин геосаясат боюнча окутуучусу, энергия маселесине адистешкен талдоочу Федерико Бордонардонун айтымында, эки тараптын соңку макулдашуусу ратификация жараянын жеңилдетти:

-Мурда түрктөр менен азерилер ортосунда так келишим ( баа боюнча) болгон эмес. Эми мен түшүнгөндөн Анкара Азербайжандагы Шах Деңиз кенинен Түркияга келүүчү, андан соң Балкан чөлкөмү жана Евробиримдикке чейин баруучу газ үчүн транзиттик салык гана белгилейт, бирок кирүү акысын албайт. Андыктан Түркия менен Азербайжандын салыкты, башка төлөмдөрдү кыскартууну чечкен келишим түзүшү - чынында эле жаңылык. Демек эми бекем укуктук база ( Набукко үчүн) пайда болду жана түштүк газ корридору (Евробиримдиктин) чындап укуктук базанын негизинде иштей алат.

Набукко үчүн март айындагы дагы бир чоң жаңылык - анын алты акционеринин бири, германиялык RWE компаниясынын Азербайжан менен Каспийдеги Нахичеван газ кенин иштетүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгону. Аталган кендин көгүлтүр оту толугу менен Набуккого багыттала тургандыктан, бул кадам куурду толтурууга газ жетишпейт деген узактан берки камтамачылыктарды басуусу мүмкүн.

Немецтердин RWE компаниясы былтыр Түркмөнстан менен да анын Каспийдеги кендеринин бирин иштетүү боюнча макулдашуу түзгөн. Азербайжан менен Түркмөнстан башынан тартып эле Набуккого газ берүүчү негизги өлкөлөр катары каралып келет.

Евробиримдиктин акчасы

Долбоор үчүн дагы бир маанилүү жаңылык ушул айда, Түркия транзит келишимин ратификациялаган 4- мартта Еврокомиссиядан түштү. Былтыр Украина менен Орусия ортосундагы чатактан улам орус газынын Европага агымы убактысынча токтоп калганда, Брюссель шаркеттин энергия инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорго 1,5 миллиард евро ажыраткан. Набукко ушул акчаны 200 миллион евросун алат. Бул айда Евробиримдик энергия долбоорлорду каржылоочу корго дагы 2,3 миллиард евро берүү чечимин чыгарды.

Жагдай жадыбалдагыдай

Айтор март айы ичиндеги жаңылыктар оптимизмге негиз берип тургандыктан, Набукконун аткаруучу директору Райинхард Митчектин айтымында, долбоор мерчемделген мөөнөттө аягына чыгарына ишеним бар:

-Мен биз жадыбал боюнча кетип жатабыз деп айта алам. 2010-абдан толкундаткан жыл. Сезонду ачуу, каржылык, техникалык маселелер даярдалуусу керек. 2011 –жылы биз курулушту баштайбыз. Белгиленгендей, Европага алгачкы газ 2014-жылдын соңунда келе баштайт.

Райинхард Митчек “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, курулуш боюнча алгачкы тендерлер быйыл жарыяланат.

Атаандаштыктын жардамы

Ал эми талдоочу Федерико Бордонардонун пикиринде, Евробиримдиктин өз тарабынан ыкчамдоо зарылдыгын сезгени да Набукконун алга жылуусуна жардам берүүсү керек:

- Евробиримдик Борбор Азиянын газы үчүн атаандаштык күчөгөнүн көрүп жатат. Биз күбө болгондой кытайлар менен ирандыктар Түркмөнстан жана Казакстандын энергия базарына жигердүүлүк менен кирүүдө. Андыктан, Евробиримдик күчөгөн атаандаштык аны ыкчамдыкка мажбурлап жатканын түшүнөт. Менимче, алдыдагы алты- сегиз ай бул долбоор үчүн чынында эле чечүүчү болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG