Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:56

Пхенян айыбын опуза менен жабууну чечти


"Чхонан" аскер кемесиндеги аман калган жоокерлерди куткаруу операциясынан бир үзүм сүрөт. Жарылган кеме деңизге чөгүп кеткен, ага кошо кырк алты жоокер дайынсыз жоголгон.
"Чхонан" аскер кемесиндеги аман калган жоокерлерди куткаруу операциясынан бир үзүм сүрөт. Жарылган кеме деңизге чөгүп кеткен, ага кошо кырк алты жоокер дайынсыз жоголгон.

Түштүк Корея быйыл мартта деңизге чөгүп кеткен аскер кемесин түндүк кореялыктар жардырганын тастыктаган жетерлик таныктар табылганын ырасмий түрдө жарыялады. Сэул бийликтери эми Пхенянга каршы тең барабар чараларды көрө турганын эскертти.

Түштүк кореялыктардын аскерий "Чхонан" кемеси быйыл мартта Сары деңизде жарылып, деңизге чөгүп кеткен жана 46 жоокер мерт болгон. Кырсыктын чоо-жайын иликтеп чыкканы эл аралык топ түзүлгөн. Австралиядан, Британиядан, АКШдан жана Швециядан чакыртылган эксперттер кемени түндүк кореялыктар атканын аныкташты. "Чхонанга" Түндүк Кореяда жасалган торпеда тийген, анын дүрмөтү 250 килограмм өлчөмдө болгон",-деп айтты эксперттер командасынын башчысы Юн Кюн-ли.

Мындан тышкары торпеданын калдыктарында Түндүк Кореянын аскери эн белгиси жазылып турганын да эксперттер коомчулукка көрсөтүштү.

Доклад жарыяланган соң түштүк кореялык президент Ли Мен Бак түндүктөгү өлкөгө жасаган ишине жараша жооп кайтарыла турганын эскертти. Бирок ал аскери формада болбой турганын тышкы иштер министрлигинин өкүлү ырастады.

"Түндүк Кореянын аскерий мындай тукурукчул иштери тынчтыкка жана эл аралык коопсуздукка бүлүк салат, Улуттар Уюмунун уставында аныкталган принциптерге каршы келет, ошондуктан өкмөт эл аралык коомчулук менен биргелешип катаң чараларды көрөт",- деп билдирди министрликтин өкүлү.

АКШнын өкмөтү Пхеняндын марттагы кыянатчылыгын "агрессия аракети" деп атады жана Түштүк Кореяга колдоо билдирди. Айрым маалыматтарга караганда Обаманын өкмөтү Пхенянды кайрадан террористтерди колдогон режимдер тизмесине кошконго кыяз кылып жаткандай.

"Япония толугу менен Түштүк Кореяны колдойт жана Түндүк Кореянын эл аралык коомчулукка каршы жасаган тукуругун айыптайт, муну эчтеме менен актоого болбойт",- билдирди Токиодо министрлер кабинетинин баш катчысы Хирофуми Хирано.

Пхенянды башка бирк атар өлкөлөр, алардын ичинде Британия, Австралия айыптады. Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун "Чхонан" кемесине байланышкан эксперттер докладында "терең кооптондурган" фактылар айтылганын белгиледи.

Пхенян башынан эле Сары деңиздеги бул окуяга кенедей тиешеси жоктугун айтып, актанып чыккан. Эксперттердин корутунду документин да "атайылап жасалган" тыянак деп атады.

"Армия жана эл бизди жазалоону же бизден өч алууну көздөгөндөргө, ар кандай санкцияларга чечкиндүү жооп кайтарганга даяр, биздин жооп өтө катуу болот, атүгүл толук масштабдуу согушка жетет", -деп айтылат Пхеняндын мамлекеттик телеканалы таркаткан билдирүүдө.

Түндүк Кореянын союздашы саналган Кытай тараптарды сабырдуулукка чакырды. Март айындагы кырсыкты "абдан жагымсыз окуя" деп атап, кытай тышкы иштер министринин орунбасары Цуй Тянкай бул ишти Корей жарым аралындагы стабилдүүлүктү бузбагыдай жана эки тараптын тең кызыкчылыктарына төп келгидей кылып териштирип чыгуу зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG