Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:37

Молдовада коммунисттер бийлигин сактап калышты


Молдова президенти Владимир Воронин башында турган Коммунисттер партиясы ушуну менен удаа үчүнчү жолу парламенттик шайлоодо жеңишти камсыз кылды
Молдова президенти Владимир Воронин башында турган Коммунисттер партиясы ушуну менен удаа үчүнчү жолу парламенттик шайлоодо жеңишти камсыз кылды

Молдовада жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо президент Владимир Воронин башында турган Коммунисттер партиясы жеңди. Европанын эң жакыр өлкөсү болгон Молдовада бийликте турган коммунисттер 50 пайыз добушту женил-желпи камсыз кылып, эми 101 орундук парламентте 61 мандатка ээ болушмакчы. Жаңы парламент июнь айына чейин жаңы президентти тандамакчы.

Молдованын президенти Владимир Воронин башындагы Коммунсттер партиясы, ушуну менен үчүнчү жолу шайлоодо жеңишке жетишти. Коммунисттер үч жолу жеңишке жетишкен мындай факты мурдагы советтер союзу аймагында бир дагы жолу кайталана элек болчу.

101 орундук парламентте 61 орунга ээ болуу кийинки президентти шайлаганга толук жетиштүү. Андыктан, экинчи мөөнөтү бүтүп бараткан президент Воронин өзүнө мураскор тандап жатканы айтылууда.

Ар кыл маалыматтар боюнча, эки миллиондон ашуун шайлоого укуктуу эли бар Молдованын миллионго чукулу чет мамлекеттерде эмгек мигранты катары жүрүшөт. Ошентсе да жекшембиде өткөн шайлоого 60 пайыздай шайлоочу катышты.

68 жаштагы Молдова президенти 7-апрелде кызматынан кетери, андан соң кийинки президент тандалганга чейин милдетин аткаруучу болуп турары айтылган. Эми парламенттик көпчүлүктү камсыз кылуу менен өлкөдөгү көзөмөлдү колго алууга кам урган президент Воронин мөөнөтү бүткөн соң кайсы кызматты ээлери тууралуу да сөздөр да күч алды. Жашына карап премьерлик кызматтан баш тартышы ыктымал делген Воронин, өзүнө парламенттин башчылы орунду ыраа көрүшү мүмкүн дешет.

2001-жылы коммунисттер бийликке келгенде, европалык Молдованы түптөөдө Москва менен достук байланышты сактоо керектигин айтышкан. Ал кезде коммунисттер мурдагы советтер доорундагы жашоо деңгээлин калыбына келтирүүгө аянбай сөз беришкен эле.

Мурдагы советтик генерал Воронин президенттик доорунун башында Орусияга ыктаган саясат жүргүзгөн. 2004-жылдан кийин Европага ыктай баштаганы менен молдовалыктардын жашоосу олуттуу өзгөрүп да кеткен жок.

Талдоочулардын пикиринде, эгерде чет жерде жүргөн жаш, эмгекке жарамдуу он миңдеген молдовалыктар мекенине келип добуш бергенде, жыйынтыктар таптакыр башкача болмок. Саясий серепчи Игорь Мантену мындай дейт:

«Алар мындай жыйынтыкка ЕККУ койгон стандарттар менен принциптерди көзгө илбегендигинен кийин гана жетише алышты. Коммунисттер административдик ресурстарды жакшы эле колдонуп, мурдагы советтер чөлкөмүндөгү коммунисттердин ичин жакшы эле күйгүзүштү. Таңдан түнгө чейин мамлекеттик чоң кызматтарда иштеп, ошол эле маалда коммунисттик партиядан талапкер болгон адамдар өз кызматтарын жетиштүү жыйынтыкты камсыз кылыш үчүн пайдаланышты»,- деди Игорь Мантену.

XS
SM
MD
LG