Жаш активисттер нааразылык чараларын уюштуруу үчүн интернетти пайдаланышкан
Маалыматтарга караганда, нааразычылыкка чыккан студенттер алдын-ала интернет аркылуу маалымат алмашып, шайлоо жыйынтыктарын тааныбоо, бийликти бербей келатышкан коммунисттерди кулатуу жаатында Facebook, Twitter сыяктуу интернет ресурстарында талкуу жүргүзүшкөн. Ошондой эле SMS билдирүүлөр аркылуу да иш-чара уюштурулаары жаштар арасында таркатылган. Бүгүн болсо каршы чара корүүгө ашыккан бийликтер Кишиневдо интернетти өчүрүп, борбор шаарга башка жактардан келаткан студенттерди киргизбей жатканы айтылууда.
Парламенттик шайлоодон кийин оппозиция нааразычылыгын жарыялап, бир катар эркин интернет сайттарына каршылык акциялары тууралуу маалымат жөнөтүшкөн. Андан көп узабай интернет сайттардагы ал маалыматтар ачылбай калган.
Бирок бул, жаштардын «Гайд-парк» жана «Ойлон Молдова!» уюмдарын токтото алган жок.
«Ойлон Молдова!» уюмунун лидерлеринин бири Наталья Морардын айтымында, ал санаалаш жолдоштору менен бирге дүйшөмбү күнү боло турган каршылык акциясы тууралуу маалыматты интернет блогдор аркылуу 10 миңдеген жаштарга жибере алышкан.
«Алты адам 10 мүнөттүк талкуудан кийин чечим кабыл алдык. Андан кийин бир канча саат ичинде Facebook, блогдор, СМС жана интернет почта аркылуу акция тууралуу маалыматтарды жибердик. Бардыгы интернет аркылуу уюштурулган»,- дейт Наталья Морарь.
27 жаштагы Кишиневдук адвокат Алексий, Twitter деп аталган интернет баракчасына катталып алган. Ал азыркы жер-жерлердеги иш-чаралар тууралуу Twitter интернет булагынан уюлдук телефонуна келген маалыматтардан билип турганын, өзү да бийликтерге нааразычылыгын билдирип каршылык акциясына чыкканын айтат.
«Мага Кишиневдун борборунда, Румыния менен чектешкен аймактарда нааразычылык акциялары өтүп жатканы тууралуу жаңы эле маалымат келди. Ошол себептүү, мен үчүн бул азыр эң башкы маалымат булагы болуп калды»,- дейт Алексий.
«Азаттык» үналгысынын Кишиневдогу бюросунун жетекчиси Василь Ботнарунун ырасташынча, интернет аркылуу алдын-ала сүйлөшүп алып, дүйшөмбү күнү дароо 10 миңдеген жаштардын көчөгө чыгышы бийликтин шаштысын алып койду. Ошондой эле ал, жаштар Facebook баракчасын кеңири пайдаланышканына күбө болгонун айтат:
«Мен бул каршылык акциялар тууралуу кеңири талкууну Фейсбуктан көргөм. Албетте, көптөгөн жаштар бул маалыматты бул сайттан да алышты. Анткени молдовалык жаштар Фейсбукту кеңири колдонушат»,- дейт Василь Ботнару.
Молдова президенти баш аламандык үчүн Румынияны айыптоодо
Молдованын борбору Кишинев шаары бүгүн да коммунисттердин парламенттик шайлоодогу кезектеги жеңишине каршы чыккан жаштардын нааразычылык акциясына туш болду. Жалаң жаштардан турган топтор негизги көчөлөрдү бууганга да жетишишти. Бирок кечээки баш аламандыктан кийин полиция күчөтүлгөн режимде иштеп, мамлекеттик маанидеги имараттарга каршылык акциясына чыккандарды жакын жолотпоого аракет кылышты.
Кечээ парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митинг катышуучуларын полиция суу менен аткылагандан кийин баш аламандыктар башталып, натыйжада ондогон адамдар түрдүү жаракат алып, толкуган эл парламент имараты менен президенттин резиденциясын талкалап салышкан. Кечинде полиция көзөмөлдү колго алып, ондогон активисттерди кармап, демонстранттарды кууп таркатканы менен эртең менен нааразычылыкка чыккандардын саны кайрадан өстү.
Молдованын президенти Владимир Воронин кечээки баш аламандыкты кескин сындап, аны уюштурган оппозиционерлер мектеп окуучуларынын, студенттердин аркасына жашынып жатканын айтууда.
Бүгүн (8-апрелде) ал өлкөсүндөгү румын элчисин дипломатиялык тил менен айтканда «персона нон грата» деп жарыялады. Демек румын элчисин Молдова чет элдик дипломат катары тааныбай турган болду. Андыктан ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болот.
Ошондой эле молдовалык бийликтер нааразычылык иш-чараларын кошуна Румыния тымызын колдоп жатканын айтышууда.
Президент Воронин бүгүн аны ачык билдирип, Румыния менен Молдованын ортосунда визалык режим киргизилиши керектигин жарыялады.
Ал эми Румыниянын тышкы иштер министрлиги жана андан соң өкмөт башчысы бул сыяктуу айыптоолор негизсиз экенин билдирип, боордош эл жашаган коңшусунун ички ишине эч кандай кийлигишүү аракети болбогонун баса белгиледи.
Тасма: Кишиневдо нааразылык жыйыны улантылды
8-апрелде да Молдованын ордо шаарынын чордону “жекшембиде парламенттик шайлоо бурмалоо менен өттү” деп нааразы болгон демонстранттарга толуп турду. Шаар бийлиги тополоңдон кийинки акыр-чикирди четинен тазалоодо.