Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:36

Өлкөнү Бакиевдердин миллиондору уктатпай атабы?


Интерпол Максим Бакиевге издөө салды
Интерпол Максим Бакиевге издөө салды

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиев ушул тапта Латвияда жашырынып жүргөнү айтылып, кыргыз бийлиги аны кармоо тууралуу өтүнүчүн жөнөткөн. Убагында өлкөнүн бүтүндөй экономикасын былкылдатпай колунда кармап турган М.Бакиевге “ири каржылык-экономикалык махинацияларды жасаган” деген сыяктуу айыптар тагылууда.

7-апрелдеги кандуу окуяда 86 адам ажал таап, 1500 ашууну жаракат алган эле. Бүгүн ошол массалык киши өлтүрүү окуясы боюнча башкы айыпкерлердин баарысы качып жүрүшөт. Массалык киши өлтүрүү сыяктуу бир катар беренелер боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын эки уулу Марат жана Максим, бир тууган иниси Жаныш Бакиев баштаган бир катар мурдагы чиновниктерге карата кылмыш иштери козголгон эле.
Максим Бакиев

Азыр качып жүргөн мурдагы бийлик адамдарынан К.Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевди бөлүп кароого болот.

Учурунда өлкө экономикасынын кан тамырын кармап, премьер-министрден да күчтүү бийликке ээ болуп турган М.Бакиевдин эсепсиз байлыктары тууралуу абдан көп айтылган. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, 7-апрелдин алдында М.Бакиевге тиешеси бар делген “АзияУниверсалБанк”, "Манас" банктары аркылуу 200 миллион доллардан ашуун каражатты өлкөдөн чыгарып кетишкен.

Бирок ага чейин эле Бакиевдер өлкөдөн миллиондогон каражаттарды чыгарып кетип атышканы айтылып келген.

Убактылуу өкмөт болсо эл аралык коомчулукка кайрылып, Бакиевдердин чет мамлекеттердеги эсептерин тоңдурууну, анткени ал каражаттар Кыргызстандагы абалды курчутуу үчүн пайдаланылышы мүмкүндүгүн айтышкан.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн Бакиевдерди кармоо аракети азырынча ишке ашпай келатат. Жаш аялы менен Беларуста жашынып отурган
7-апрель, 2010-жыл. Бишкек
К.Бакиевди өткөрүп берүү боюнча Убактылуу өкмөттүн өтүнүчүн, Беларус президенти Александр Лукашенко четке какты. Ал эми Латвияда жүрөт делген М.Бакиевди кармоо боюнча Кыргызстандын Башкы прокурору жөнөткөн өтүнүч катка ырасмий Рига азырынча жооп бере элек.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокурордун маалымат катчысы Уланбек Дыйканбаев маалымдайт:

- Биз Латвияга кат жөнөткөнбүз, кармаганга жардам бериңиздер деп. Ошондой мазмунда кат жөнөткөнбүз. Латвиянын Башкы прокуратурасы тарабынан бизге жооп келе элек.

Латвиянын маалымат каражаттары болсо, Кыргызстандын кулатылган ханзаадасы Ригада жүргөнүн, Латвия бийлиги эл аралык коомчулук толук тааный элек Убактылуу өкмөткө М.Бакиевди кармап берүүдөн чочулап турганын, андыктан Кыргызстанда толук легитимдүү бийлик орногуча күтө турууга туура келерин жазышууда.

Ал арада Интерпол да М.Бакиевге издөө салды. Андыктан анын Латвиядан чыгып кетүүсү күмөндүү. Ошол себептүү Убактылуу өкмөт учурунда кайтарылбаса да, шайлоолордон кийин Латвия бийлиги М.Бакиев баш оорусунан кутулуу аракетин көрүүсү ыктымал.

Ал эми Беларуста жаткан К.Бакиев дале өзүнүн кызматтан кеткенин тааныбай отурат:

Курманбек Бакиев
- Мен өзүмдүн кызматтан кеткенимди тааныбайм. Тогуз ай мурда кыргыз эли мени президент кылып шайлаган. Мен кыргыз элине кызмат кылууга ант бергем. Берген антымдан мени баш тарттыра турчу бир дагы күч жок. Мени бир гана өлүм токтото алат...


Серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, Убактылуу өкмөттүн оор шартта иштеп атканынан пайдаланып ар-түркүн күчтөр абалды курчутуу, бийликке келүү аракетин жасашууда. Бакиевдердин миллиондогон каражаттары менен четте качып жүрүшкөнү да буга кошул-ташыл болууда.

Ошол миллиондордун көбүнө ээлик кылат делген Максим Бакиевге Башкы прокуратура бир катар беренелер боюнча кылмыш иштерин козгогон. Алардын негизгилери 183-берене - “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу”, 241-берене – “Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз алуу, сактоо жана таратуу” деген беренелер.

Минскиде жатып алып К.Бакиев алгач Бириккен улуттар уюмун, андан кийин Жамаатык коопсуздук келишими уюмун Кыргызстанга аскер киргизүүгө чакырган.

Бириккен улуттардын тынчтык күчтөрүнүн Кыргызстанга киргизилиши реалдуу эместей болгону менен ЖККУнун күчтөрүнө байланыштуу чочулоолор бар. Анткени 7-апрелден кийин Орусия президенти Дмитрий Медведев Кыргызстан экинчи Ооганстанга айланып калышы мүмкүн экенин айтып, коргоо министрине Кыргызстандагы Орусия жарандарын жана объектилерин коргоого тапшырма берген эле.

XS
SM
MD
LG