Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:18

Касымбек Райымкул уулу: Видео көзөмөлдү киргизүү керек


Ички иштер министрлигинин курамына кирген Мамлекеттик автоинспекциясынын, же болбосо жол кыймылы коопсуздугунун башкы башкармалыгын реформалоо маселеси тууралуу “Азаттыкка” Бишкек мамлекеттик автоинспекциясынын мурдагы жетекчиси Касымбек Райымкул уулу айтып берди.

- Сиз мындан бир канча жыл мурда эле МАИ тармагын реформалоо керектигин, бул тармактагы коррупция маселесин айткан болчусуз. Ушул тапта да бул маселе коомчулукта көтөрүлүп отурат. Бул жерде реформаны эмнеден баштоо керек деп ойлойсуз?

Касымбек Райымкул уулу: Сиз туура айткандай, 2004-жылдан бери эле МАИ тармагын реформалоо жөнүндө ошол убакта ички иштер министр болуп иштеген Суталиновго атайын кайрылуу жолдодум эле. Аны мен 2004-жылдын башында Киев шаарына барып келгенден кийин жолдогом. Анткени дүйнө жүзү боюнча, ал эмес КМШнын ичинде деле тасмага тартып көрсөтүү, же болбосо видео көзөмөл кирип калган убагы эле. Ошону киргизүү жөнүндө сунуш кылдым эле.

Бул МАИ кызматкерлерине да жеңил болот, жол коопсуздугуна катышкан адамдарга да жеңил болот. Мисалы, бардык светофорлорду ошондой видео көзөмөл менен камсыз кылса, же болбосо жолдо катуу айдаган жерлерди да ошону менен камсыз кылып, жол эрежесин бузуучуларды аныктап, алардын мойнуна коюп, жеңилирек жазага тартуу болуп эсептелмек.

2005-жылдын 5-октябрында ошол эле Суталиновдун “МАИ системасын реформалоого 1 жарым млн. доллар АКШдан жардам келет” деп айтканы бар. Бирок андан бери, тилекке каршы, 5 жыл өттү, келдиби, келген жокпу белгисиз.

Экинчиден, МАИнин реформаланганы да сезилбейт. Анткени иштөө принциби да баягыдай эле, өзгөрүү жок. МАИ системасынын негизги милдети – жол кырсыгын алдын алуу болуп эсептелет. Бир жылда миңден ашык адам каза болот. Ошол эле система келатат, дагы эле өлүмдөр болуп атат. Бирок системада эмнегедир өзгөрүү болгонун эл билген жок.

- Тасмага тартуу системасын киргизе турган болсо анда көчөдө тосуп турган МАИ кызматкерлерин, дегеле МАИ түшүнүгүн жоюп, айрым Батыш, Чыгыш өлкөлөрүндөгүдөй жолдун коопсуздугун кароочу айрым учурда гана чыкчу жол полициясын киргизүү керектир. Кандай ойлойсуз?

Касымбек Райымкул уулу: Бул бара-бара боло турган нерсе. Алгач тасмага тартып кайра көрсөтүү, ошону менен жол эрежесин бузуучуларды каттоо болуп эсептелет. Бул алгачкы кадам. Кийин балким департамент уюштуруу, ошонун негизинде, сиз айткандай, Батыш өлкөлөрүндөгүдөй жол эрежесин бузгандарды гана кармап калат эле. Мен, мисалы, МАИни жетектеп келгенде эле Бишкек шаарын 50дөн ашык квадратка бөлүп, “передвижной” деп айтылат эмеспи, унаа менен кыдырып, жол эрежесин бузуучуларды аныктап, ошону эсептеп сунуштагам ошол убакта да.

- Азыркы негизги нааразычылыктар ошондон улам болуп атпайбы, көчөдө МАИ кызматкерлери жолду тосуп, айып пулу мурдагыга караганда көбөйгөн, ошого байланыштуу акча алуулар дагы эле болуп атат деп?

Касымбек Райымкул уулу: Азыр ар бир адам көрөт, дагы деле унаага жашынып, көчөдө эреже бузууларды аңдышат, азыр эми кийинки министрлер киргизген кыздары да ошентип аңдып туруп алды уялбай. МАИ кызматкерлери көчөлөрдө көрүнө туруш керек, эреже бузуучуларга эскертиш керек, өзгөчө эреже бузуучуларды кармап жазага тартыш керек.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG